Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Адамдарга жакырчылыктан чыгууга шарт түзгөн иштиктүү камкордук

2023-11-07 / Жашоо шартты жакшыртып, өнүктүрүү үчүн каражаттарды тартуу

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун “инклюзивдүү өнүгүү, гендердик теңдик жана социалдык адилеттүүлүк” компонентинин алкагында жасаган иши

Алтынай МОЛДОЕВА, ЖДКЖ долбоорунун гендер боюнча адиси

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары туруктуу инклюзивдүү өнүгүүгө өтүүгө күч-аракетин жумшап жатышат. Инклюзивдүү өнүгүү Адамды өнүктүрүүнүн башкы субъекти жана объекти кылат, коомдогу ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү адилеттүү бөлүштүрүүгө, жарандардын кызмат көрсөтүүлөргө, мейкиндиктерге жана рынокторго жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана келечек муундарга кам көрүүгө умтулат. Инклюзивдүү өнүгүүнүн принциптери өлкөнү Өнүктүрүүнүн улуттук программасына киргизилген. Ошондой эле ал “Инклюзивдүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө, толук жана үзүрлүү иш менен камсыз кылууга жана бардыгы үчүн татыктуу иштөөгө көмөктөшүү” деп аталган глобалдык №8 Туруктуу өнүгүү максатына көмөктөшөт, жакырчылыкты жоюу (1-максат) жана аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү (5-максат) өңдүү маанилүү максаттар менен бир катарда турат.

Инклюзивдүү экономикалык өсүш – бул туруктуу өнүгүүнүн өбөлгөсү, ал дүйнө жүзү боюнча адамдардын турмуш шартын оңдоого жардам берет. Экономикалык өсүш жумушка орношуунун жаңы жана жакшыраак мүмкүнчүлүктөрүн пайда кылып, бардыгы үчүн көбүрөөк экономикалык коопсуздукту камсыз кылат. Мамлекеттердин калктын эң аз корголгон катмарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган аракеттери калктын киреше деңгээлиндеги ажырымды азайтууга жардам берет, ушул жол аркылуу байлар менен кедейлердин ортосундагы теңсиздикти азайтат жана социалдык коопсуздук деңгээлин бекемдейт .

Инклюзивдүү өсүш темасы улуттук күн тартибинде көптөн бери кармалып келатканына карабастан, көптөгөн муниципалитеттер ушул күнгө чейин инклюзивдүү өсүш деген эмне экенин жана эң негизгиси, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү өнүгүү процесстерин туруктуу инклюзивдүү өсүшкө багыттоо үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктөрүн жана ресурстарын кантип колдоно аларын так түшүнө элек.

Швейцария өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына туруктуу инклюзивдүү өсүшкө болгон умтулуусуна ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатат. Долбоордун бардык иш-аракеттери социалдык жана гендердик принциптерди эске алуу менен пландалып, ишке ашырылууда жана коомдун, айрыкча калктын аярлуу топторунун экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган.

2023-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Инклюзивдүү өнүгүү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча Долбоордун иши бир нече негизги багыттарда жүргүзүлдү.

 

“ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨНҮГҮҮ ПРИНЦИПТЕРИН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫНДА КОЛДОНУУ” ТРЕНИНГДЕРИ

 

Тренингдерге Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) даярдоого тартылган 207 айыл өкмөт башчысы жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлери, ошондой эле Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын пилоттук муниципалитеттеринин айылдык кеңештеринин депутаттары катышты. Тренингдердин катышуучулары туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүүнүн негизги принциптерин карап чыгып, инклюзивдүү өсүш менен экономиканын жалпы өсүшүнүн ортосундагы өз ара байланышты талкуулашты, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн муниципалдык программаларына инклюзивдүү чараларды киргизүү боюнча практикалык сессияларды өткөрүштү.

Тренингге социалдык жана экономикалык өсүштүн глобалдык концепцияларына сереп, инклюзивдүү өсүшкө өбөлгө болгон саясий чаралар менен таанышуу, жергиликтүү жамааттын бардык мүчөлөрү үчүн жашоонун татыктуу деңгээлин жана сапатын камсыз кылууда, стратегиялык пландоодо талдоо предмети катары Адамга багыт алуу канчалык маанилүү болгону тууралуу маалымат киргизилди.

Инклюзивдүү өсүштүн негизги ыкмалары муниципалдык СЭӨПтө тигил же бул деңгээлинде чагылдырылган. Бирок “инклюзивдүүлүк” деген түшүнүктүн өзү мурдагыдай эле социалдык коргоо чөйрөсү менен байланыштырылып келатат. Катышуучулардын айтымында, бул тренинг инклюзивдүү өсүш калктын аярлуу катмарындагы жарандарына субсидия берүүгө гана эмес, алардын экономикалык жана башка мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, алардын потенциалын активдештирүүгө жана мүмкүн болушунча көп адамдарды социалдык аяр абалдан чыгарууга умтулууга багытталганын түшүнүүгө жардам берди.

Тренингдердин жүрүшүндө жамааттарды чечим кабыл алуу процесстерине тартуунун маанилүүлүгү да баса белгиленди. Жарандык катышуунун деңгээлин жогорулатуу инклюзивдик өнүгүү саясатын ийгиликтүү ишке ашырууда негизги идеялардын бири болуп саналат.

 

“ИНКЛЮЗИВДҮҮ ЛИНЗА”

 

Тренингге кошумча ЖДКЖ Долбоору өлкөнүн бардык муниципалитеттерине жайылтуу үчүн кыргыз жана орус тилдеринде инклюзивдүү өнүгүү жөнүндө дубалга илинчү плакаттарды даярдап чыкты. Плакат инклюзивдүү өнүгүүнүн негизги принцибин сүрөттөйт – эч кимди артта калтырбоо; мындан тышкары, ал эмне үчүн өнүгүү ресурстарды бирдей эмес, адилеттүү бөлүштүрүү принцибине таянышы керектигин даана көрсөтүп турат. Ошондой эле плакатта “инклюзивдүү линза” жайгаштырылган – мында документтерди жана пландоо аспаптарын даярдап жаткан маалда өзүңүзгө беришиңиз керек болгон бир катар суроолор бар.

Муниципалитеттин имаратында баары көрө ала тургандай жерге илинген плакат СЭӨПны даярдаган жумушчу топтун мүчөлөрү үчүн эскертме жардамчы булак катары кызмат кыла алат. Ал өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо этабында, өнүгүүнүн максаттарын жана милдеттерин, ошол милдеттер аткарылганын көрсөткөн индикаторлорду түзүүдө туура багытты табууга жардам берет.

Кийин таркатып чыгышы үчүн басылып чыккан плакаттарды Долбоор Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясына (БАЖБА) өткөрүп берет.

 

СЭӨПГА КОШУЛЧУ МЫКТЫ ИНКЛЮЗИВДҮҮ ЧАРАГА КОНКУРС

СЭӨПга кошулчу мыкты инклюзивдүү чарага конкурс долбоордун пилоттук муниципалитеттеринин арасында 2023-жылдын жайында жарыяланган. Бул конкурс туруктуу инклюзивдүү өнүгүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты ыкмаларын жана практикаларын аныктоо максатында уюштурулган. Бул практикалар ЖӨБ органдарын, жамааттын жигердүү мүчөлөрүн жана жумушчу топтордун мүчөлөрүн инклюзивдүү өнүктүрүү программаларын түзүү боюнча тажрыйба алмашууга, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө инновациялык инклюзивдүү ыкмаларды жайылтууга көмөкчү болушу керек эле.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол АА сунуштаган чара (атайын муктаждыктары бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу) жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык АА берген чара (мектепке караштуу участокто ачык балдар аянтчасын жабдуу) конкурстун жеңүүчүлөрү деп табылды. Жеңүүчүлөр байге катары өз чарасын ишке ашырууга колдоо алышты: ЖДКЖ Долбоору балдардын эс алуусу үчүн машыктыргычтарды, селкинчектерди, дөбөлөрдү куруп берүүгө жалпысынан 500 000 сом бөлдү. Жабдуулар ушул жылдын ноябрында орнотулуп бүтөт.

 

АЯЛДАРДЫН АКЫ ТӨЛӨНБӨГӨН ҮЙ ТИРИЧИЛИГИН АДИЛЕТТҮҮ КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ҮЧҮН МААЛЫМАТТЫК ӨНӨКТҮК

 

ЖДКЖ Долбоорунун инклюзивдүү өнүгүү компонентинин ишинин дагы бир багыты – акы төлөнбөгөн үй эмгегинин тең эмес бөлүштүрүлүшү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык өнөктүктү өткөрүү. БУУнун Аялдар түзүмүнүн 2020-жылы чыккан маалыматына ылайык, Кыргызстанда аялдар эркектерге салыштырмалуу акы төлөнбөгөн үй жумуштарына дээрлик 5 эсе көп убакыт коротушат, бул алардын кесиби боюнча ишке чыгуусуна жолтоо болууда. Мындан тышкары, эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын 63,4% үй жумуштарына байланыштуу ишке чыга албайт . Бул аялдарды экономикалык процесстерге жигердүү тартканда, алар өлкөнүн экономикасынын жалпы өсүшү үчүн олуттуу түрткү болуп бермек.

Маалыматтык өнөктүк өзүнүн алдына бир нече максатты койду:

  • үй тиричилигин эркектер менен аялдардын ортосунда тең эмес бөлүштүрүлүшүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, мында эмгектин көбү аялдардын мойнуна жүктөлүүдө;
  • “эркек үй жыйнабаш керек, кир жуубашы керек, тамак жасабайт, балдарды бакпайт” деген сыяктуу пикирлерди жок кылып, эркектин үй тиричилигине кошкон салымын оң маанайда колдоого көмөктөшүү;
  • күйөөсү менен аялы үй тиричилигине бирдей тартылганда мындан болчу пайданы көрсөтүп берүү: экөөндө тең эс алууга жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө убакыт калат, үй- бүлөдө маанай оңолуп, бири-бирин жакшы түшүнө башташат, балдар туура үй-бүлөлүк баалуулуктарга үйрөнүшөт, аялында да, күйөөсүндө да акы төлөнгөн жумушка чыгууга мүмкүнчүлүк болот, бул жалпы үй- бүлөнүн бюджетине салым кошот.

 

2023-жылы маалымат өнөктүгүнүн алкагында ЖДКЖ Долбоору жаш жубайлардын жашоосундагы ар кандай кырдаалдарды чагылдырган үч кыска видео чыгарды. Бул тасмалар 2022-жылы ошол эле жаш жубайлар жөнүндө тартылган “Орун алмашкандар” деп аталган кыска метраждуу тасманын уландысы болуп калды. Тасмалар Инстаграмдагы жана Тик-Токтогу белгилүү пабликтерде, “Этномедианын” Youtube-каналында, ошондой эле Хельветастын жана долбоордун социалдык тармактарында жайгаштырылган.

Видеоматериалдардан тышкары ЖДКЖ Долбоору социалдык тармактарда чакан конкурс өткөрүп, анын алкагында колдонуучуларга үй- бүлөдөгү милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу өз окуяларын жайгаштырууну жана аларды #сонунүйбүлө деген хештег менен белгилөө сунушталды. Уюштуруучулар конкурстун эки жеңүүчүсүн аныкташты: Ысык-Көл облусунда жашаган жубайлар жана Бишкекте жашаган жаш үй-бүлө жеңүүчү деп табылды. Жеңүүчүлөр ЖДКЖ Долбоорунан пайдалуу сыйлыктарды алышты, бирок негизги сыйлыкты – сүйүү жана камкордукту алар бири-бирине күн сайын берип турганы айкын.

Сүрөттөлгөн иш “Инклюзивдүү өнүгүү, гендердик теңдик жана социалдык адилеттүүлүк” компонентинин ичинде долбоордун көп жылдык ишинин пайдубалына негизделген. ЖДКЖ Долбоорунун жамааты анын иши адилеттүү, гүлдөгөн жамааттарды түзүүгө көмөктөшкөн саясаттарды жана практикаларды ишке ашырууда пилоттук муниципалитеттердин потенциалын бекемдөөгө жардам берет деп үмүттөнөт.