Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандар менен ЖӨБ органдары ортосундагы өз ара ишеним салыктарды көбүрөөк чогултууга, жергиликтүү бюджетти толуктоого жана көптөгөн жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө жол ачат

2022-02-14 / Жашоо шартты жакшыртып, өнүктүрүү үчүн каражаттарды тартуу

Айылдык аймактын бюджети жалпы жергиликтүү жамаатка тиешелүү акча болуп саналат жана бюджеттин 70% салыктык кирешелерден турат.

Салык төлөөчүлөрдүн акчасы биринчи кезекте чечилиши керек болгон артыкчылыктуу муктаждыктарга багытталып, негизги кызматтар көрсөтүлүшү үчүн эмне кылуу керектигин айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңештин депутаттары аймактын тургундарынын катышуусунда чечет. Аймактын бюджети көбөйсө, өнүктүрүү иштерине да көбүрөөк каражат жумшалаары талашсыз.

2011-жылдан бери ЭҮЖӨБОЖ Долбоору иштеп келе жаткан айыл аймактарында бюджетти түзүү жана сарптоо принциптерин жакшы билишет. Тренингдерден жана бюджеттик угуулардан кийин айыл өкмөтүнүн кызматкерлери да, жергиликтүү кеңештердин депутаттары да, жарандар да бюджеттик процессте өздөрүнүн компетенцияларын жакшырта алышты.

Тургундар чыгашалардын өлчөмдөштүк даражасын баалаган коомдук угуулар өзгөчө чыңалуу менен өтчү. Маалыматтын жетишсиздигинен улам бюджеттин олуттуу бөлүгү кызматкерлердин маянасына эмес, билим берүүгө багытталганы көпчүлүк үчүн жаңылык болду. Бирок, ЖӨБ органынын аппарат кызматкерлеринин эмгек акысы да өзгөчө дотацияда турган айыл аймактарынын жергиликтүү бюджетинде бир топ үлүшкө ээ.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий айылдык аймагындагы элеттик чогулушта ЖӨБ органынын кызматкерлерине айлык төлөп берүү пландалган миллион сом катуу нааразычылыкты жараткан. Жарандар жергиликтүү бийликти коррупцияга, ишин ачык жүргүзбөгөнүнө айыптап чыгышкан эле. Учурда Ак-Суу районунун акиминин орун басары, ал эми ошол кезде аймактын башчысы болуп иштеген Максат ДОРБАЕВ кырдаалдан чыгуунун жолун тапкан: “Биз ошондо ЭҮЖӨБОЖ Долбоору өз тренингдеринде үйрөткөндөй кылып, бюджеттик чыгашалардын түзүмүн визуалдык түрдө көрсөтүп берүүнү чечтик. Салык инспекторунун айлыгын мисалга алып, анын бир айлык маянасы 6000 сом болсо, анда бир жыл ичинде эмгек өргүүсү менен кошо 100 миң сомго жетээрин графикалык түрдө көрсөтүп бердик. Бюджетти ушинтип “чайнап” бергенде, тургундар андай деле укмуш көп акча болбогонуна көзү жетти”, – дейт Максат ДОРБАЕВ.

Талкуу кызып отуруп, акыры бюджетти көбөйтүүнүн жолдорун издөө жөнүндө кеп козголду. Чогулушта кирешеси кеңири такталган салык инспектору салыктар түшпөй калып жатканына көңүл бурду. Ал жагдай чеке жылытпай турганын айтты: адамдар өз убагында салык төлөбөй, патент албастан эле ишкерчилик менен алектенип жатышат. Бул жагдайга нааразы болгон тургундар катуу чараларды көрүүнү талап кылышты.

“Натыйжада ыктыярдуу патент төлөбөгөндөр аныкталып, жыл ичинде салыктан түшкөн киреше 30 миң сомдон 170 миң сомго чейин көбөйдү. Буга тургундардын өздөрү чоң салым кошушту: алар салык төлөбөй жүргөн жердештери жөнүндө инспекторлорго кабарлап турушкан. 12 соода борбору, 100 даана атайын техниканын ээлери салык төлөбөгөндүгү белгилүү болду, – дейт ДОРБАЕВ. – Кийинки бардык айылдык чогулуштарда ар бир алынган патент жөнүндө отчет берилип турду”.

ДОРБАЕВдин айтымында, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдөн түшкөн киреше көбөйтүлдү, башкача айтканда 250 миң сомдун ордуна 1 миллион 250 миң сом чогултулду: “Бул чөйрөдө туура эмес башкаруу да, коррупциялык көрүнүштөр да орун алган, колунда бар жарандар мисалы, бир гектар жерди 500 сомдон ижарага алган учурлар болгон экен. Аукцион өткөрүп, ижара акысы 1 гектар жерге 20 миң сомго чейин көтөрүлдү”, – дейт ал. Ак-Чий айыл өкмөтүндөгү ошол реформа мезгили аймактагы бүтүндөй ишкерликти жандантып, жергиликтүү казынага түшкөн акча көбөйгөн.

Сузак районунун Багыш айылдык аймагында бюджет боюнча ачык жыйындарды өткөрүүнүн натыйжасында элдин жоопкерчилиги жогорулаганын айтышты: “Буга чейин инспекторлор өздөрү көчөлөрдү кыдырып, салык төлөөнү талап кылышса, азыр тургундар өз убагында төлөп, салыктан качкандар азайды, – дейт салык инспектору Чынара ТУРДУКУЛОВА. – Айыл башчысына салык төлөө мөөнөттөрү тууралуу эскертип турабыз, ал болсо тургундарга кабар берет. Ошентип, салыктар боюнча планды аткара баштадык”.

Ал эми Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылдык аймагы ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташкан жылдары жергиликтүү бюджет үч эсе көбөйүп, 10 миллион сомго жеткен. “Мындай жыйынтыктарга өз ара ишеним негиз болуп берди. Салыкчылар ойгонуп, салыкты убагында төлөп, көмүскөдөн чыга башташты. Салыктык кирешелерди эсептөөлөр кирпич заводдун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, алар жерге ижара акыны көбөйтүүгө макул болушкан. Мындай комплекстүү чаралар бюджеттин көбөйүшүнө шарт түздү. Ал эми Гроздь айыл өкмөтү дотациядан чыгып кете алды”, – дейт жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты Күлжакүл КОЙЧУБЕКОВА.

Айыл өкмөттөр жергиликтүү маанидеги 25 маселени жакшы билишет, буларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдын негизинде мамлекет берген. Бирок муниципалитеттер мойнуна алгандай, бул тизмеде ашып кетсе онун гана аткарууга мүмкүнчүлүгү бар. Айылдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн финансылык жана техникалык ресурстар тартыш. “Тилекке каршы, өзгөчө ири өнөр жайы болбогон айыл аймактарынын бюджети өзүнүн алдына дымактуу максаттарды коё албайт. Ошондуктан айыл өкмөттүн таза ичүүчү суу, электр жарыгы менен камсыз кылуу сыяктуу негизги милдеттери аткарылбаган бойдон кала берүүдө”, – дейт Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылдык аймагынын депутаты Эльмира СУЛТАНБАЕВА.

Кыргызстанда 453 айылдык аймагы жана шаардык муниципалитет бар, алардын жеке кирешелери (республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) 10 миллиард сомду түзөт. Ушул сандардан улам орто эсеп менен алганда, айылдык аймактын бюджети 20 миллион сомду түзөт.