Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Жомок” жана “Бөбөк”

2023-04-27 / Социалдык өнүгүү
“Жомок” жана “Бөбөк”

Аламүдүн айылдык аймагында үч бала бакча иштейт. Алар: “Жомок”, “Бөбөк” жана “Тумар”.

Бала бакчалардын чоңу – “Жомок” – 1968-жылы курулган. Совет мезгилинде ал “Сказка” деп аталчу. Бала бакчанын имараты ар кандай мекемелердин карамагында турган: бул жерде тажрыйбалуу ремонттук-механикалык завод, райондук ички иштер бөлүмү жана башкалар орун алган.

Бала бакча 2007-жылы Аламүдүн айыл өкмөтүнүн балансына өткөндө жаңы жашоосу башталды десе болот. Ал убакта ар кандай курактагы балдар үчүн эки гана тайпа бар болчу. 2010-жылы үчүнчү тайпа, эки жылдан кийин дагы эки тайпа жана жыйындар залы ачылган. 2013-жылы алтынчы тайпа ачылса, 2017-жылы (айыл өкмөтү имараттын фасадын жана кошумча бөлмөлөрдү оңдоого каражат бөлгөндөн кийин) сегизинчи тайпа ачылган. Бүгүнкү күндө бала бакчада үч маал тамактануу менен беш күндүк режимде 300 бала тарбияланууда.

Тайпалардын санынын көбөйүшү капиталдык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болду, ремонттун натыйжасында көбүрөөк сандагы балдарды кабыл алууга шарттар түзүлдү.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бала бакчаны тосмолоп чыгууга жана от жагуучу бөлмөнү которууга 2,5 миллион сом өлчөмүндө дем берүүчү грант бөлүп берген. 2019-жылы Чүй облусун өнүктүрүү фонду аймакты көрктөндүрүүгө 1,05 миллион сом бөлгөн, мунун натыйжасында короого отургучтар сатып алынган, тротуарга плитка төшөлгөн жана кичинекей бассейн оңдолгон. 2020-жылы Финансы министрлиги дем берүүчү грантка өтүнмөнү жактыргандан кийин балдар бакчасынын оюн аянтчаларына 3,5 миллион сомго резина төшөлгөн. Ремонт иштерине тендер Аламүдүн айыл өкмөтү аркылуу өткөрүлгөн. Алгач бала бакчанын 1500 чарчы метр аянты бетондолуп, андан соң полго резина капталган. Ошентип, балдар үчүн жаңы спорт аянтчасы пайда болду.

Айнагүл ЭРАЛИЕВА, директор: “Бала бакчанын аймагы мекемени таанытуучу карточкасы болуп саналат эмеспи. Белгилүү болгондой, театр илгичтен, ал эми бала бакча сырткы аймагынан башталат, анын сырткы көрүнүшү жана эстетикалык дизайны ар бир коноктун көңүлүн бурат. Биздин педагогдор балдар үчүн көзгө жагымдуу жана ыңгайлуу мейкиндикти түзүүгө көп күч-аракет жумшаганына сыймыктанабыз. Балдар коопсуздукта ойноп, билим алышы үчүн тарбиячылар тегерек четин тынымсыз таза жана тыкан кармашат. Жагымдуу чөйрө ата-энелерде да, балдарда да оң эмоцияларды жаратып, билим берүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат”.

“Алтын келечек” балдар билим берүү борбору – Аламүдүн айылдык аймагынын сыймыгы. Ал 2019-жылы мектепке бара элек жана мектеп жашындагы балдарга кошумча билим берүү жана бош убактысында сабактарды өткөрүү максатында түзүлгөн.

Буга чейин айылда балдар спорт, маданият, чыгармачылык менен алектенип, мектепке даярданып алышы үчүн керектүү жерлер жок болчу. Бирок азыр айыл өкмөтүнүн демилгеси жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын колдоосу менен “Алтын келечек” Кыргызстанда муниципалдык балдардын билим берүү борборлорун түзүү боюнча алгачкы практикасына айланды.

Административдик имарат билим берүү мекемеси болуп өзгөртүлүп, Уставы даярдалып, мекеме Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн.

Гүлмира МАМАСАДЫКОВА, директор: “Биз балдарга кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана түзүү боюнча чоң тажрыйба топтодук. Дал ушул Аламүдүн айыл өкмөтү өлкөдө биринчи болуп балдардын муниципалдык борборун уюштурганына сыймыктанабыз. Башка муниципалитеттер менен өз тажрыйбабызды бөлүшүүгө даярбыз”.

Борбор балдарды мектепке даярдоо, англис тилин үйрөтүү, логопеддин консультациясы, балдар хореография ийрими, мектептен кийинки сабактар үчүн кеңейтилген ийримдер өңдүү кызматтарды көрсөтөт.

Борборду ачуу үчүн жергиликтүү бюджеттен жана Чүй облусун өнүктүрүү фондунан акча бөлүнгөн. Борборду ачууга жалпысынан 407 000 сом сарпталып, анын ичинен 292 500 сому эмерек сатып алуу үчүн конкурстук негизде утуп алынган. Балдардын билим берүү борбору бардык зарыл нерселер менен жабдылган, бул жерде билим берүү процессинин ченемдерине шайкеш келген татыктуу шарттар түзүлгөн. Билим берүү борборунун имараты Аламүдүн айыл өкмөтүнүн балансында тургандыктан, муниципалитет аны күтүүгө ай сайын болжол менен 12 000 сом бөлүп турат. Бул каражат электр энергиясы, суу менен камсыздоого, таштандыларды чыгарууга жана жылытууга акыны кошо алганда, чарба иштерине кеткен чыгымдарга да бөлүнөт.

Гүлмира МАМАСАДЫКОВА, директор: “Тургундар айыл өкмөтүнүн бул демилгесине жогору баасын беришти. Балдардын ата-энелеринен көптөгөн жаңы идеяларды жана сунуштарды алып турабыз. Келечекте сабактардын багыттарын кеңейтүү боюнча көптөгөн кызыктуу пландарыбыз бар”.