Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мектептер – сыймык үчүн себеп

2023-04-27 / Социалдык өнүгүү
Мектептер – сыймык үчүн себеп

Аламүдүн айыл өкмөтү социалдык багытка биринчи кезектеги маани берет. Бул иштин блогу мазмуну боюнча көп түрдүү: мектептер жана бала бакчалар, медициналык кызмат көрсөтүүлөр, колдоого муктаж болгон социалдык жана экономикалык жактан аярлуу жарандар, балдардын чыгармачылыгын өстүрүү үчүн билим берүү борборлору, китепканалар.

№1 мектеп 1949-жылы негизделип, 1965-жылы өндүрүштүк компоненти бар мектепке айланган. Эки кабаттуу имарат 565 орунга ылайыкталган. Учурда бул мектепте эки нөөмөттө 1150 окуучу билим алат. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Манастын жети осуятынын негизинде тарбиялоо балдарды өз өлкөсүнүн татыктуу жараны болууга үйрөтөт.

Мектепте заманбап педагогикалык жана маалыматтык технологиялар колдонулат. Материалдык-техникалык база санитардык жана өрт эрежелерине жооп берет, бул болсо ар кандай билим берүү программаларын колдонууга жана окуучулардын ден соолугуна кам көрүүгө шарт түзүүдө.

Ар бир окуу жылында мектеп класстарды керектүү шаймандар менен жабдууга аракет кылып турат. Азыр мектепте физика, химия, биология сабактарын өткөрүү үчүн санариптик лабораториялар, интерактивдүү панелдер бар, онлайн окутууда Mozaik WEB электрондук программасы колдонулат. Г. АСЕКОВА, директор: “Биз жетишкендиктерибиз менен сыймыктанабыз. Мектеп химия жана биология боюнча райондук олимпиадаларда биринчи орунду колдон чыгарбай келет. ЖРТда биздин окуучулар орточо 136 балл алышат, бул билим берүүнүн сапатына 80 пайызга туура келет”.

№2 мектепте 400дөн ашык орун бар. Бул жерде 700дөн ашуун окуучу билим алат. Башталгыч мектептин имараты 1975-жылы курулган, ал эми орто жана жогорку класстар үчүн жаңы корпус 2013-жылы тургузулган.

Жергиликтүү бюджеттеги каражаттардын эсебинен мектепте окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн камералуу видеобайкоо орнотулган. Жакшы санитардык-гигиеналык шарттар түзүлгөн: суу түтүктөрү, канализация, ысык суу бар, дааратканалар короодо жана имараттын ичинде жайгашкан.

Мектеп жакшы жабдылган: 16 компьютер бар, анын ону информатика кабинетинде жайгашкан, 4 принтер, 3 проектор, 8 ноутбук, 4 интерактивдүү панель, Интернетке кошулган санарип физика лабораториясы бар. Мектеп китепканасы окуу китептери менен 51,5 пайызга камсыздалган.

Мектепте 30 мугалим иштейт, алардын 28и жогорку билимге ээ, төрт педагог “Билим берүүнүн отличниги” наамын алышкан. 

Мугалимдердин кесипкөйлүгүнүн аркасында мектеп ийгиликтери менен сыймыктана алат. Окуучулардын басымдуу бөлүгү райондук олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келишет. Окуучулар Жалпы республикалык тестирлөөдө орточо 136 балл алышат, бул билим берүүнүн сапатына 80% туура келет. Аламүдүндөгү №2 жалпы билим берүү мектеби спортко өзгөчө көңүл бурат. Л. НОСКОВА, директор: “Окуу жайдын спорттук базасы жана “Эдельвейс-Баскет” баскетбол клубу менен кызматташуу аркылуу биз кесипкөй баскетболчуларды даярдап жатабыз. Бизде райондук жана облустук командалар түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын баскетбол боюнча биринчилиги үчүн мелдеште команда мүчөлөрү спорттун чеберлигине талапкер наамын алышты. Ушул тапта баскетбол боюнча 20 спорт чеберлигине талапкер даярдалды”.

Окшош материалы: