Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бийлик менен жүйөлүү, маалыматтарга негизделген диалог жүргүзүш керек

2022-07-04 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Бийлик менен жүйөлүү, маалыматтарга негизделген диалог жүргүзүш керек

Өз үнүн жеткире алышы үчүн жарандык коом уюмдары өздөрүнүн позициясын жакшыраак негиздеп, башкаруу органдары менен эксперттик тилде сүйлөшсө туура болот. Ал эми башкаруу системасынын өзү болсо маалыматтарды колдонууну кеңейтүүгө абдан муктаж, муну менен бийликтин чечимдери сапаттуу, ал эми болжолдору реалдуу жана жүйөлүү болмок. Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен жарандык коомдорунун кеңири масштабдуу диалогунун кыскача жыйынтыгы ушундай болду. Талкуу “Иш жүзүндөгү маалыматтарга негизделген саясатты иштеп чыгуу” деп аталган Борбор Азиядагы жогорку деңгээлдеги конференциянын алкагында өттү. Конференцияга ӨСИнин башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА жана ӨСИнин Өзбекстандагы консультант-өкүлү Айнура ДЖУНУШАЛИЕВА да катышты.

Конференцияга Өзбекстандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын министрлери, башкаруу органдарынын, илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Чөлкөмдөгү өлкөлөр туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өсүш үчүн өздөрүнүн алдына абдан дымактуу максаттарды коюп жатышат. Бул максаттарга жетүү үчүн жакшы башкаруунун маанилүүлүгүн жана саясатты иштеп чыгууда иш жүзүндөгү маалыматтарды үзгүлтүксүз пайдалануу маселеси менен тыгыз байланышта экенин баса белгилей кетүү зарыл. Конференциянын алкагындагы панелдик талкуулар башкаруунун сапатын жогорулатуу үчүн маалыматтарды колдонуунун ар кандай өңүттөрүнө арналган, анын ичинде маалыматтарды өндүрүү, талдоо жана мамлекеттик саясат үчүн колдонуу маселелери каралды; иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде саясатты ишке ашыруунун жүрүшү жана жарандык коомдун ролун күчөтүү боюнча мамилелер талкууланды. Баяндамачылар иш жүзүндөгү маалыматтарды алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту, ал эми эксперттер алдыңкы аналитикалык ыкмалар саясий чечимдерди даярдоо үчүн өкмөттөрдүн потенциалын олуттуу жогорулата аларын негиздеп беришти.

Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА маалыматтарга негизделген башкарууда жарандык коомдун ролуна арналган панелдик талкууга катышып, жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүүдө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сүрөп жатканда ӨСИ эксперттик талдоо жүргүзүп, өкмөт менен диалог жүргүзүп, маалыматтарды кантип колдонгонун айтып берди: “Жергиликтүү бюджеттердин айрым көрсөткүчтөрүн жан башына эсептөөнү колдонуу менен биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик камсыздалгандыгын теңдештирүү көйгөйүнө мамлекеттин өзгөчө көңүлүн бура алдык. Экинчи мисал эксперттик талдоо жана баалоо, ошондой эле муниципалитет жана мамлекет менен диалог аркылуу муниципалдык мүлктү менчиктештирүүдө айкындуулукту жогорулата алуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп турат. Биз мамлекетке муниципалдык кыймылсыз мүлк рыногунда ачык-айкындуулукту жогорулатууга жардам бере алдык, бул үчүн бүдөмүк бүтүмдөрдөн улам пайда болгон жоготууларга талдоо жүргүздүк, бүтүмдөр жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу жана электрондук соода аянтчасын түзүү өңдүү санариптик башкаруу аспаптарын киргизүүгө мамлекетти шыктандырдык”.

Өзбекстандык Consulting Monitoring Group (CMG) уюмунун директору Шухрат ГАНИЕВ мониторинг тобу Өзбекстандагы пахта жыйноодо балдардын эмгеги тууралуу мыйзамдарга кандай таасир тийгизгенине токтолуп, мисал келтирди: “Көз карандысыз эксперттерди тартуунун ийгиликтүү тажрыйбасы, маалыматтарды колдонуу, Эмгек министрлиги жана башка өнүктүрүү агенттиктери менен көз карандысыз мониторингди жана кызматташтыкты камсыз кылуу мыйзамдарды өзгөртүүгө таасирин тийгизди. Өкмөт эксперттердин сунуштарын эске алып, анын жыйынтыгында Өзбекстандын Жазык кодексине балдар эмгеги үчүн жоопкерчиликти караштырган ченемдер киргизилди, балдар эмгеги Өзбекстандын мыйзамдарында кылмыш деп таанылган. 2019-жылдан тарта балдар пахта талааларына тартылбай калды, бул өлкөнүн аброюн жакшыртып, пахта өндүрүүчүлөргө аны тышкы рынокто сатууга мүмкүнчүлүк берди”.

Тажикстандагы “Зеркало” социологиялык изилдөөлөр борборунун негиздөөчүсү, Zerkalo Analytics Group’тун жетектөөчү өнөктөшү Кахрамон БАКОЗОДА COVID-19га каршы туруу иштеринин алкагында техникалык жардам көрсөтүү үчүн үчүнчү жактын мониторинг жүргүзүү тажрыйбасы менен бөлүштү: “Көз карандысыз мониторинг жүргүзүү үчүн жарандык коомдун уюмдарын мобилизациялоо техникалык жардамды бөлүштүрүүнү жакшыртууга, эпидемия учурунда Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлиги менен байланышты бекемдөөгө жардам берди. Дагы бир мисал социалдык-экономикалык өнүгүүгө байланыштуу жаңы маалымат булактары журналисттердин репортаждарын кантип байыта аларын сүрөттөйт. Тажикстанда борборлоштурулган ачык маалымат базасынын жоктугунан улам журналисттер маанилүү маалыматтардын жыйнагына ыкчам жете албашы мүмкүн. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Zerkalo Analytics Group картографиялык изилдөө жүргүзүп, Тажикстандагы ачык маалымат булактарын аныктап, Airtable жана Google Spreadsheets тиркемелеринде бар ар тараптуу маалымат базасын топтогон. Эми бул ресурстар социалдык-экономикалык маселелер менен алектенген журналисттер үчүн өнүгүүгө байланыштуу маалыматка жетүү иштерин жеңилдетет”.

“Өнүгүү үчүн ачык-айкындуулук” Коалициясынын лидери Шахло АБДУНАБИЗОДА Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жана Улуттук өнүктүрүү стратегиясына жүргүзүлгөн гендердик баалоо жөнүндө айтып берип, аларды Өкмөттүн кароосуна жана бекитүүсүнө берген.

Өзбекстандагы Заманбап журналистиканы өнүктүрүү борборунун медиа эксперти, IT адис  Эмиль ФАХРЕЕВ маалымат журналистикасы менен натыйжалуу башкаруунун ортосундагы байланышка мисал келтирип, талаптагыдай башкарууну илгерилетүүдө ЖМКнын маанилүү ролун мындайча белгиледи: “Маалымат журналистикасы коомду өнүктүрүп, системалык көйгөйлөрдү аныктап, көзгө көрүнбөгөн нерселерди айкын кыла алат”.

2022-жылдын 24-25-май күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкентте өткөн конференцияны Өзбекстан Республикасынын Финансы министрлиги, Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты кыскартуу министрлиги, ошондой эле Иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери министрлиги менен кызматташтыкта Дүйнөлүк банк уюштурган. Иш-чарага “Экономикалык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн натыйжалуу мамлекеттик башкаруу” Долбоорунун алкагында Улуу Британиянын өкмөтү каржылык колдоо көрсөткөн.

Окшош материалы: