Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ӨСИ статистика боюнча Кеңештин курамына кирди

2022-07-04 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
ӨСИ статистика боюнча Кеңештин курамына кирди

“Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмесинин башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы №149 Жарлыгы менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин курамына кирген.

Кеңеш статистикалык системанын ишинин натыйжалуулугун жана ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн, ал эми кеңешти түзүү талабы “Расмий статистика жөнүндө” КР  Мыйзамынын 10-беренесинде каралган. Өнүктүрүү саясат институту Улуттук статистика комитетинин көп жылдан берки өнөктөшү, статистиканын жигердүү колдонуучусу болуп саналат, ошондуктан институттун жетекчисин кеңештин курамына киргизүү өнөктөштүктүн калыптанган тажрыйбасын улантуу жана бекемдөө катары кабыл алынууда. Надежда ДОБРЕЦОВАнын пикири боюнча, кеңешти түзүү жана анын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ичинен статистиканы пайдалануучуларды киргизүү – бул мамлекет жана статистикалык система жасаган чоң жана прогрессивдүү кадам: “Статистиканын көптөгөн колдонуучулары үчүн Улуттук статкомду “маалыматтары актуалдуу эмес” деп жемелөө кадимки практика болуп калды. Бирок, чындыгында, статистика – бул чоң кесипкөй билимди, кылдаттыкты талап кылган система, ал эми комитет олуттуу көлөмдөгү зарыл маалыматтарды чыгаруу менен гана чектелип калбастан, ошол эле кезде колдонуучулар менен диалог түзүп, алардын муктаждыктарын изилдеп, кардарларга багыт алууда. Иш жүзүндө Кеңеш – бул колдонуучулар менен өз ара аракеттенүүнүн калыптанып калган практикасын улантуу, бирок эми Кеңештин жардамы менен биз улуттук статистикалык органга эмнелерди күтүп жатканыбызды, өз үнүбүздү жигердүү жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз”.

2022-жылдын 19-майында Бишкек шаарында өткөн кеңештин биринчи жыйналышында башка маселелер менен катар КР Улуттук статистикалык комитетинин ишмердүүлүгү, анын ичинде 2023-жылга Статистикалык программасы жана 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын расмий статистикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы жөнүндө маалымат каралды. Кеңештин жыйналышына катышкан Надежда ДОБРЕЦОВА Улуттук статкомдун назарын аймактык жана муниципалдык статистиканы мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгына бурду: “Акыркы жылдары субулуттук статистиканы өнүктүрүүдө чоң жылыштар болду, комитетте тиешелүү бөлүм түзүлүп, туруктуу өнөктөштү таптык. Мисалы, Кыргызстандын айылдары боюнча элдин саны тууралуу маалымат базасы машина окуй турган форматта жеткиликтүү болуп калды. Ошол эле учурда көптөгөн маалыматтар дагы эле жок, мисалы, ошол эле калктын курамына карата аны жыныстык жана жаштык топтордун алкагында көрүү азырынча мүмкүн болбой жатат. “Санарип Аймак” автоматтык-маалымат системасын түзүп, ишке ашыруу процесси көп үмүттү жараткан. Бул система ар бир конкреттүү муниципалитеттеги кырдаалды түшүнүүгө гана жардам бербестен, ошондой эле жергиликтүү өнүгүүнү жана башкарууну сапаттуу пландаштыруу үчүн ишенимдүү негиз болуп бере алат. Системаны өнүктүрүүдө Улуттук статкомдун жана ЖӨБЭММАнын активдүүлүгүн көз жаздымында калтырууга болбойт, ошентсе да биз башка мамлекеттик органдар да процесске натыйжалуу катыша баштаса деп каалайт элек”. Кеңеште каралган 2023-жылга Статистикалык программанын долбооруна карата пикирин айтып жатып, Надежда ДОБРЕЦОВА Жакырчылыктын көп өлчөмдүү индексин эсептөө, ошондой эле планга коммерциялык эмес уюмдардын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын чагылдырып турган көрсөткүчтөрдү киргизүү маселесине кайрылууну сунуш кылды.

Окшош материалы: