Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тынчтыкты сактоо жана чыр-чатактарды болтурбоо үчүн жарандык коом уюмдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары күч-аракеттерин бириктирүүдө

2021-12-17 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Тынчтыкты сактоо жана чыр-чатактарды болтурбоо үчүн жарандык коом уюмдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары күч-аракеттерин бириктирүүдө

Жаңылыктар түрмөгүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун комдук байланыш боюнча адиси Н. ЖАМАНКУЛОВА даярдады.

Социалдык чыр-чатактарды алдын алуу боюнча жигердүү жаштардын, жарандык коомдун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) демилгелерин аныктап, аларды колдоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагында 2021-жылдын 10-октябрынан 10-ноябрына чейинки мезгил аралыгында үч күндүк тренингдер өткөрүлдү. Жарандык коом уюмдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү болуп катышуучулардын жалпы саны 250дөн ашык адамды түздү.

Тренингдер Улуттук медиация борбору жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) менен өнөктөштүктө Европа Биримдигинин колдоосу менен “International Alert” командасы ишке ашырган “Ынтымактуу Жашоо” долбоорунун алкагында өткөрүлдү1

Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар чыр-чатактарды жөнгө салуу жана алардын келип чыгышын талдоо, укук бузуулардын алдын алуу жаатындагы ЖӨБ органдарынын милдеттеринин жана функцияларынын максаттарын талкуулашты, ЖӨБдүн аткаруу органынын жана жергиликтүү кеңештин компетенцияларын, тынчтыкты кармоо боюнча ЖӨБдүн, жарандык коомдун жана укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүү механизмдерин аныкташты. Алар жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоону (ЖМБА), инклюзивдүү пландоону, жергиликтүү демилгени жана мамлекеттик социалдык заказды жамааттын катышуусун жана кызыкчылыктарынын эске алышын камсыз кылуунун аспабы катары тандап алышты. 

“Тренингдин катышуучулары теманын актуалдуулугун, өз убагында болгондугун, билимдин жеткиликтүүлүгүн баса белгилеп, жаңы өздөштүрүлгөн көндүмдөрдү белгилешти: катышуучулар чыр-чатакты жөнгө салуу жана анын алдын алуу боюнча кандай гана кырдаал болбосун эмоционалдык тең салмактуулукту жана мыйзамдын талаптарын сактоону үйрөнүштү. Алар ошондой эле чыр-чатактар такталбаган маалыматтарды, анын ичинде социалдык тармактар аркылуу таратуудан улам келип чыккан учурларда жарандардын жоопкерчилиги жана ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрү талкуунун маанилүү темасы болуп калды. Тренингдердин практикалык мааниси да чоң болду, себеби күч-аракети тынчтыкты сактоого жана чыр-чатактарды болтурбоого багытталган ЖӨБ органдары жарандык коомдун өкүлдөрү менен чогуу өз жамааты үчүн биргелешкен иш-аракеттер планын иштеп чыгып, биргелешип аракеттенүү чечимине келишти”, - деди Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.

Техникалык жардам көрсөтүү максатында катышуучуларга чакан гранттар программасы тууралуу маалымат берилип, грантка өтүнмөнүн формасын толтуруу эрежелери түшүндүрүлдү. Бул тренингдердин жыйынтыгы боюнча катышуучулар тынчтык демилгелерин илгерилетүүгө багытталган долбоордук өтүнмөлөр үчүн идеяларын аныктап алышты (мисалы, дебат клубун түзүү, маалымат борборун ачуу, жаштарды тартуу менен жергиликтүү демилге боюнча конкурстарды өткөрүү, ж.б.). Ошондой эле алар буларды жүзөгө ашыруу үчүн иш-чаралар планын даярдап, аларды укук бузуулардын алдын алуу жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча Биргелешкен планга кошушту. 

Медиа үчүн байланыштар: Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИ маалымат саясаты боюнча адиси: 0770 771-711, njamankulova@dpi.kg

__________ 

1  “International Alert” уюму Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук медиация борбору менен биргеликте Кыргызстанда социалдык чыр-чатактарды алдын алууда, укук тартибин сактоодо жигердүү жаштарга, жарандык коомго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстандын тандалып алынган 25 жеринде медиациянын көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн аянтча түзүүнүн үстүнөн иш алып барууда. Кененирээк маалымат алуу үчүн: www.international-alert.org

 

Окшош материалы: