Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаңы мүмкүнчүлүктөр

2011-12-30 / Актуалдуу тема

"ЖОГОРУ ЖАКТАН ТӨМӨНДҮ КАРАЙ КАБЫЛ АЛЫНГАН ЧЕЧИМДЕР ТӨМӨН ЖАКТАН ЖОГОРУ КАРАЙ КАБЫЛ АЛЫНГАН ЧЕЧИМДЕРГЕ ОРУН БОШОТУП БЕРИШИ КЕРЕК"

Өнүктүрүү саясат институту “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” аттуу ири долбоорду ишке ашырууга тендерди утуп алды.

Долбоор Кыргыз Республикасындагы Кызматташтык боюнча Швейцариялык Бюро жана Улуу Британиянын Эл Аралык Өнүктүрүү боюнча Министрлиги менен өнөктөштүктө каржыланат.

Лоран Ги, Кызматташтык боюнча Швейцариялык Бюронун жана Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы консулдук агенттиктин аймактык директору:

“ЖОГОРУ ЖАКТАН ТӨМӨНДҮ КАРАЙ КАБЫЛ АЛЫНГАН ЧЕЧИМДЕР ТӨМӨН ЖАКТАН ЖОГОРУ КАРАЙ КАБЫЛ АЛЫНГАН ЧЕЧИМДЕРГЕ ОРУН БОШОТУП БЕРИШИ КЕРЕК ”

– Кызматташтык боюнча Швейцариялык бюронун (мындан ары – КШБ) Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүн колдоо тууралуу чечими өз убагында кабыл алынды. Өлкө чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды муниципалитеттердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун пайдасына кайра бөлүштүрүүгө байланыштуу башкаруу структурасында олуттуу реформаларды жүргүзүү зарылдыгы алдында турат. Эмне үчүн чечим дал ушул ЖӨБнун пайдасына кабыл алынды?

– Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, Швейцария – башкаруу деңгээлдери субсидиардык жоопкерчилик принцибине негизделген башкаруу өкүм сүргөн, борбордон алыстатылган өлкө. Жөнөкөй сөз менен айтканда, чечимдер алар аткарылган деңгээлде гана кабыл алынат. Мындай тартипте жергиликтүү маанидеги маселелер муниципалитеттер деңгээлинде чечилет, муниципалитеттер үчүн жалпы маселелер кантондор деңгээлинде чечилет, ал эми жалпы улут үчүн мааниге ээ болгон маселелер башкаруунун улуттук деңгээлине – мамлекетке өткөрүлүп берилет. Швейцариянын жарандары бул системаны баалайт, ал эми Өкмөт болсо башка өлкөлөрдө да борбордон алыстатуу системасын колдоону өз милдети деп билет. Себеби биз адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу процессинде анын эффективдүүлүгүнө ишенебиз. Жогорудан төмөндү карай кабыл алынган чечимдердин маанисин эске алуу менен, биз төмөндөн жогору карай кабыл алынган чечимдердин эффективдүүлүгүн эч нерсе алмаштыра албаарына жана толуктай албаарына ишенебиз.

Экинчиден, каржылык жагынан борбордон алыстатуунун босогосунда кайрадан турган Кыргыз Республикасындагы муниципалитеттер өз бюджетин, муниципалдык финансыны башкарууда тажрыйбасын жакшыртууга өтө зар болгонун көрүп турабыз. Азырынча бюджеттер өтө чоң эмес учурда алардын башкаруу жана функционалдык потенциалын күчөтүү өтө маанилүү. Себеби алардын колуна олуттуу каражат тийгенде алар улуттук деңгээлдеги башкаруунун алдында өзүн жаман жагынан көрсөтүп албашы керек жана бюджетти эффективдүү башкарууга даярдыгын жана мүмкүнчүлүгүн көрсөтө алышы зарыл. 2007-жылдагы реформанын жыйынтыгы боюнча биз билебиз: ЖӨБ органдарынын каражатты башкаруудагы төмөн потенциалы, ага даяр эместиги мындай реформалардын уланышына каршы болгондордун күчтүү жүйөсү болду. Биз мындай жагдайдын кайталанбашы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынажардам бергибиз келет.

Үчүнчү себеп – жергиликтүү бюджетти башкарууда айкындуулукка болгон зарылчылык, бул болсо коррупция менен күрөшкө түздөн-түз байланышкан. ЖӨБ органдарындагы коррупциянын деңгээли борбордук башкаруу органдарындагыларга салыштырмалуу төмөн болгону менен, паракорчулукка таптакыр бөгөт койо ала турган механизмди иштеп чыгуу зарылчылыгы бар. Жергиликтүү бюджеттер калк үчүн ачык жана айкын болуш керек, бул болсо аларды башкарууну мындан дагы эффективдүү кылмакчы. Бирок бул үчүн жарандар бюджеттик система, бюджеттер аралык мамилелер, бюджеттик процесс жана структура тууралуу түшүнүктөргө ээ болушу керек. Башкача айтканда жарандар бюджетти түшүнүшү керек, андыктан долбоордун олуттуу бөлүгү калк арасында бюджеттик сабаттуулукту жогорулатууга багытталган. Ошол эле учурда долбоор жарандарды бюджеттик процесстин теориялык негиздерине окутуу менен гана чектелбестен, анын процедуралары майда баратына чейин түшүндүрүлүп берилиши шарт. Мисалы, тендерлерди өткөрүү, сатып алууларды уюштуруу жана бюджетти түзүүдө гана эмес, анын аткарылышында да жарандардын артыкчылыктарын эсепке алуу. Мунун башкаруу сапатын жакшыртуусун жогорулаткан далилин мен Индияда көргөм. Бул өлкөдө бюджеттик маалыматтарды элге түшүнүктүү маанайда маалымат такчаларга жайгаштырганда, каражатты колдонуунун эффективдүүлүгү 50 пайызга өскөн.

– Башка көптөгөн донордук долбоорлордон айырмаланып, сиздер өз жардамыңарды түздөн- түз жергиликтүү өз алдынча башкарууга жолдойсуздар. Мисалы, гранттык компонентти буга чейинки көпчүлүк башка донорлор сыяктуу жамааттагы топтор аркылуу эмес, ЖӨБнун аткаруу органдары, жергиликтүү бюджет аркылуу ишке ашырууну сунуштап жатасыздар. Эмне үчүн?

– Биз өзүбүздөн кийин туруктуу, иштеген системаны калтырууга аракет жасашыбыз керек. Бул системаны жамааттагы топтор эмес, ЖӨБ органдары түзөт. Башка донорлордун иштөө принцибин сындагым келбейт, бирок биздин ишени мибизде, легитимдүү, башкаруунун демократиялык формасы болгон ЖӨБ органдарынын системасын өнүктүрүүнү колдоого мезгил жетти. Мындан тышкары биз ЖӨБ органдарында параллелдүү, бирин-бири кайталаган структуралардын түзүлүшүнө каршыбыз. Мыйзамга ылайык, ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелер менен алектениши керек, бул алардын түздөн-түз милдети. Анда эмне үчүн чечим кабыл алууда кандайдыр бир жаңы структураларды түзүш керек?

– Бул долбоорду ишке ашыруу чечими менен 2010-жылы Кыргызстандын тарыхында орун алган окуялар ортосунда байланыш барбы?

– Жок, түз байланыш жок, себеби долбоорду ишке ашыруу тууралуу чечим ошол окуялар орун алганга чейин эле кабыл алынган жана бул Кыргыз Республикасында башкаруунун улуттук деңгээлиндеги реформаларды колдоо боюнча комплекстик программалар менен байланыштуу. 2010-жылдагы окуялар калк бийликтин, анын ичинде жергиликтүү бийликтин борборлоштуруусуна толеранттуу болбогонун, диалог түзүү боюнча аракеттер керек болгонун көрсөтүп, бул долбоордун зарылчылыгы тууралуу ишенимибизди ого бетер бекемдеди.

– Реформанын келечегин кантип баалайт элеңиз? Олуттуу өзгөрүүлөр ыктымалбы жана алар зарыл деп эсептейсизби?

– Тоок жана жумуртка тууралуу белгилүү сөздү эстеп жатып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрү жана жоопкерчилиги тең өсүшү керектигин айтаар элем. Автономиянын өтө тез ылдамдыкта өсүшү муниципалитеттердин өздөрүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды аткара албай калышына алып келиши ыктымал. Потенциалдын өтө тез ылдамдыкта өсүшү ЖӨБ системасынан жакшы адистердин кетүүсүнө жана нааразычылыгына алып келиши мүмкүн. Андыктан реформа өз нугунда, эволюциялык жол менен кетиши керек.

– 2018-жылы долбоордун жыйынтыгы чыгарыла баштаганда Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу кандай болот деп элестетип жатасыз?

– Муниципалдык кызматтардын сапаты жалпысынан калкты канааттандырган деңгээлге жетип, муниципалдык каражат профессионалдык жана эффективдүү маанайда башкарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу толугу менен айкын жана калк алдында жооптуу болуп, ал эми шаарлар жана айылдарда жашоо азыркыга салыштырмалуу оңолот деп эле.