Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Күлсүн АССАКУНОВА: “Аял депутаттар жергиликтүү кеңеште сабырдуу жана сый-урматка негизделген жагдайды түзө алышты”

2021-10-04 / Депутаттык баяндар
Күлсүн АССАКУНОВА: “Аял депутаттар жергиликтүү кеңеште сабырдуу жана сый-урматка негизделген жагдайды түзө алышты”

Макала FHI 3601 ишке ашырган USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Материалды “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту топтоду.

Ош облусунун Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты Күлсүн АССАКУНОВА 35 жылдан бери мектепте мугалим болуп эмгектенет, ал чынчылдыгы менен белгилүү, дайыма адилеттик үчүн күрөшүп келет. Бул сапаттары үчүн жергиликтүү тургундар аны жакшы көрүшөт. Күлсүн жергиликтүү тургунга баш кошуп, Нарындан келгенине карабастан айылдын эли аны ушул жердин кызы катары кабыл алышат. Күлсүн башка муниципалитеттердегидей эле анын айылынын маанилүү көйгөйлөрү талкууланган жолугушууларга аялдар өтө аз катышаарын көптөн бери байкап жүргөн. Бирок Күлсүн өзү дайыма ушундай иш-чараларга катышууга аракет кылып, үлгү көрсөтүп, мекендештерин жигердүү болууга шыктандырып келет. Күлсүндүн жардамы менен кырдаал акырындык менен өзгөрүүдө: жолугушууларга жана коомдук угууларга катышкан аялдар көбөйүүдө. Ошол эле учурда аялдар жөн гана үн катпай катышып тим болбостон, өз пикирлерин айтып, сунуштарын да берип турушат.

Күлсүн экинчи жолу жергиликтүү кеңештин депутаты болуп отурат. Биринчи чакырылышта ал дайыма эркек депутаттардан колдоо таппай келген, бирок 2021-жылы кырдаал өзгөрүп, аял депутаттардын саны көбөйдү, алар команда түзүп, бири-бирин колдоп турушат. Аялдардын көбүрөөк катышуусунан улам кеңеште чыр-чатактар   да азайып, эркек депутаттар бири-бирине көбүрөөк сый мамиле жасап калышты.

Депутаттык ишинде Күлсүн турмуштук тажрыйбага жана акылга таянат. Мына ошондуктан үй-бүлөлөрдүн бакубат турмушу үчүн кам көрүп, жергиликтүү кеңешти майрамдарга, тойлорго, сөөк коюуга кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча мүмкүн болгон чараларды талкуулоого чакырды.

Күлсүн калктын аялуу катмарын коргоого көбүрөөк көңүл бурат. Мисалы, ал Оштогу жогорку окуу жайына кирүүнү каалаган жетим кызга жардам уюштуруу ишин колго алган. Университет менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Күлсүн жетимдин окуусун 75% арзандатууга жетишти, ал эми калган 25% керектүү сумма жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынды. Студенттин Оштогу жатаканасы үчүн акча төлөө маселеси да чечилди – Күлсүн “WhatsApp” тайпалары аркылуу байланышкан жергиликтүү мектептин бүтүрүүчүлөрү кол сунушту.

Күлсүн аны колдогон үч уул-кыздын апасы. Күлсүндү кайын журту да колдоп турганы абдан маанилүү; алардын колдоосу менен ал экинчи жолу жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланды.

Окшош материалы: