Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мира АСАНОВА: “Инвестицияларды тарткандан башка жол менен да жамааттын батасын алса болот”

2021-10-04 / Депутаттык баяндар
Мира АСАНОВА: “Инвестицияларды тарткандан башка жол менен да жамааттын батасын алса болот”

Макала FHI 3601 ишке ашырган USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Материалды “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту топтоду.

Ысык-Көл облусунун Тоң айылдык аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Мира АСАНОВА биринчи жолу депутаттыкка аттанып, добуштардын рейтингинде экинчи болуп келди. Депутат болуу чечимине шайлоочулардын өтүнүчтөрү сеебпчи болду: жергиликтүү жамааттын арасында аткаруу бийлигинин ишине нааразы болгондор бар эле, айыл өкмөтүнүн эл үчүн ачык эместиги көп нааразылыкка себепчи болгон. Ал эми Мира АСАНОВА принципиалдуу, түз жана абдан талапчыл адам катары таанылган, айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлыгына тандап алышканы да жөн жеринен эмес. Дагы белгилей кетүү керек, жергиликтүү жамааттын арасында анын каршылаштары да болгон, алар Мирага “жер үчүн кеңешке баратат” деп жалаа жабышкан. Ошондуктан, шайлоо өнөктүгү учурунда ал талапкерлигин алып салгысы келген, бирок шайлоочулар буга жол беришкен эмес.

Мира АСАНОВА калктын жону жука катмарына жардам берүүнү алдына максат кылып койгон. Ал Дүйнөлүк азык-түлүк уюмунун долбоорун тартып келген, мында ага күйөөсү абдан жардам берген. Долбоор калктын жакыр катмарынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган. Жыйынтыгында алты үй-бүлө 30 тоок, тоок баккан жайларды куруу үчүн атайын жабдуулар жана 2,5 мүшөк тоют менен камсыз болду. Мындай жардам үй-бүлөлөргө тоок багып, өздөрүн жумуртка жана тооктун эти менен камсыз кылууга шарт түздү. Ошентип, депутат болгондон кийин Мира алты үй-бүлөгө жардам берди.

Мындан тышкары Мира АСАНОВА сессияда башка депутаттар менен бирге акыркы чакырылышта кабыл алынган кеңештин токтомуна өзгөртүү киргизүү маселесин көтөрдү. Депутат USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору аркылуу каржыланган “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” Долбоору уюштурган тренингдерде мурунку чакырылыштын чечимдерин өзгөртүүүгө, ал тургай жокко чыгарууга боло турганын билген. Көрсө, депутаттардын мурунку чакырылышы “Аймактын ардактуу атуулу” наамын берүүнүн тартиби жөнүндө токтом кабыл алып, наам берүүнүн төмөнкү шарттарын белгилеген: биринчиден, ардактуу жаран инвестиция тартышы керек; экинчиден, жумуш болушу керек. Мира бул критерийлерди адилетсиз, башка тургундарды басмырлайт деп баалап, аларды башка шарттар менен кеңейтүүнү сунуштады. Мисалы, эгерде жергиликтүү жамааттын мүчөсү ар дайым адамдарга жардам берип келсе, чоң урмат-сыйга жана абройго ээ болсо, жамаат маданиятынын өнүгүшүнө салым кошсо, бирок ошол эле учурда каржылоо үчүн өтүнмөлөрдү кантип жазыш керектигин билбесе жана инвестиция тартпаса, анда ал “Аймактын ардактуу атуулу” наамына татыктуу болбой калабы? Мира АСАНОВА кырдаалды, колдо болгон документтерди иликтеп чыгып, ӨСИнин эксперттеринен кеңеш алган соң, ЖӨБ органдарынын алдында “айылдын жашоосуна жигердүү катышканы үчүн” деген кошумча критерийди киргизүү маселесин көтөрдү. Натыйжада, баары ойдогудай болду: наам ыйгарууда дагы да адилеттүү критерийлерди камтыган толуктоолор мурунку токтомго киргизилди.

Мира АСАНОВАнын мындан аркы пландары: бала бакчанын тарбиялануучулары арасында “Аяз атага кат” аттуу конкурсту өткөрүү; аялдар арасында волейбол боюнча мелдештерди уюштуруп, ага АӨ адистерин, мугалимдерди, бала бакчалардын тарбиячыларын катыштыруу.

 

Окшош материалы: