Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

«Муниципалитет» журналы өз жашоосун баштады

2011-12-30 / Редактордон

“Биз таза, адам үчүн ыңгайлуу,өз керектөөлөрүн канааттандырууга мүмкүнчүлүгү бар,өзүм да өнүгүп, балдарым үчүн да бардык жолдорду ачып берген шаарда же айылда жашап жатабыз”

Эмне үчүн биз журнал чыгарууну чечтик?

Журналды чыгаруучу – Өнүктүрүү саясат институту өз миссиясын Кыргыз Республикасындагы шаар жанаайылдарында жашоо шарты оңолуп, ар бир үй-бүлө кичи мекени тууралуу: “Биз таза, адам үчүн ыңгайлуу,өз керектөөлөрүн канааттандырууга мүмкүнчүлүгү бар,өзүм да өнүгүп, балдарым үчүн да бардык жолдорду ачып берген шаарда же айылда жашап жатабыз” деп айта ала тургандай деңгээлдеги муниципалдык башкарууну өнүктүрүүдө көрөт. Бул биздин стратегиялык максатыбыз, каалоо-тилегибиз. Биздин өлкөнүн бардык бурчтарында өнөктөштөрүбүз жана пикирлештерибиз бар болгонуна ишенебиз. Жергиликтүү маанидеги иштер кантип чечилиши керектиги, элеттик жана шаардык жашоо кантип түзүлүшү зарыл болгону тууралуу өз пикири, көз карашы калыптанып калган адамдар ар бир айылда жашайт. Өлкө ичинде тажрыйба алмашуу боюнча муниципалитеттерге сапарларды тынымсыз уюштуруу учурунда Кыргызстандын түрдүү облустарындагы кайдыгер эмес адамдардын бири-бири менен пикир алмашуусу оңой болбогонун байкадык. Көптөр Бишкекте болот, бирок башка облустарга сапарга чанда гана барышат: Нарындын тургундары Баткендин жашоочулары менен сейрек пикир алмашат жана ысыккөлдүктөр жалалабаддыктар менен аз сүйлөшөт ж.б. Бул баарлашуу элет тургундары үчүн өзгөчө маанилүү жана баалуу. Мындай пикир алышуусуз өлкөнүн бүтүндүүлүгү жана туруктуулугу мүмкүн эмес, ал эми бул кемчилик жакшы идеяларга жана эффективдүү чечимдерге бут тосот. Диалогду жөнгө салуу, пикир алмашып, идеялар жана чечимдер менен бөлүшүп туруу үчүн биз муниципалдык башкаруу жана аймактык өнүгүү боюнча өзүбүздүн журналыбызды чыгаруу чечимине келдик.

Эмне үчүн азыр?

Жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата мыйзам реформасы ушул тапта өзөктүү баскычында турат.Акыркы мыйзамдар убактылуу мүнөздө болуп, стратегиялык багыттарды иштеп чыгууда жана келечектежергиликтүү өз алдынча башкаруунун ордун аныктоодо кызыкдар болгон бардык тараптардын аракетин талап кылат.

Бардыгыбыз, анын ичинде мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомчулук ЖӨБну мамлекеттик башкаруудагы бир тепкич катары кабыл алып калдык. Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруунун табияты такыр башка, ал ЖӨБ иш алып барган маселелердин табиятынан чыгат. Бул маселелердин арасында биз болгону салтка айланып калган таштанды чыгаруу же суу түтүгүн оңдоону гана көрөбүз. Бирок чындыгында советтик идеологиянын жоголушу менен мамлекеттин жана коомдун көңүлүнөн түшүп калган, өзү менен өзү калып, билинбей отуруп көйгөйгө айланган жашоонун аспектилери бар. Сөз материалдык эмес нерселер жөнүндө болууда. Мисалы, салттар, үй-бүлөлүк баалуулуктар, ынтымак жана жамааттагы моралдык климат. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагындагы чөйрө жана бул бүгүнкү күндүн олуттуу зарылчылыгына айланды. Дал ушул тапта, 2010-жылдагы кайгылуу окуялардан кийин бизде чогуу-чаран жоготууларды жана жетишкендиктерди кайра карап чыгуу, өз өлкөбүздү башкаруу системасын өнүктүрүүдө жаңы парадигманы (негизди) иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Ыраазычылык

Толугу менен муниципалдык башкарууга жана аймактык өнүгүүгө арналган журналды чыгаруу идеясы кечээ эле пайда боло калган жок. Көп жылдан бери биз муну түрдүү долбоорлордун алкагында чыгарууга аракет жасап жүрдүк. Эми журнал толугу менен “бышып жетилди”, биз аны каржылап жаткан, сизди керектүү маалымат менен камсыздаган, талкуу үчүн аянтча түзүп берип, болгондо да муну бекер жасап жаткан донорлордон колдоо тапканыбыз үчүн бактылуубуз. Биринчи кезекте биз ЕККУнун Бишкектеги борборуна жана Швейцариялык кызматташтык боюнча бюрого,ошондой эле биздин учурдагы жана болочоктогу бардык өнөктөштөрүбүзгө колдоо үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Бул ишти биз кантип алып барабыз?

Биз бардык жарандарды, Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, алар менен иш алып барган түрдүү уюмдарды; көз карандысыз эксперттерди жана изилдөө жүргүзгөн институттарды; массалык маалымат каражаттарын; мамлекеттик башкаруу органдарын кызматташууга чакырабыз.

Биздин сизге сунушубуз:

- бизге автор болууну сунуш кылабыз – сизди жана сиздин айылдын тургундарын тынчсыздандырган маселелер тууралуу жазыңыз;

- эксперт болууну сунуш кылабыз – тиги же бул процесстерге жана проблемаларга карата өзгөчө пикириңизди жазыңыз;

- маалымат булагы болууну сунуш кылабыз – ЖӨБ жана бейөкмөт уюмдарга пайдалуу жарыяларды бизге бериңиз;

- журналды кошо чыгарууну сунуш кылабыз – журналдын көлөмүн жана тиражын арттыруу максатында аны каржылоого катышыңыз.

Журнал өз жашоосун баштады жана досторун, кесиптештерин, пикирлештерин күтөт.

Башкы редактор, Өнүктүрүү саясат институтунун

Башкаруучу төрайымы

Надежда Добрецова