Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Муниципалитет” журналынын бул чыгарылышы сизге жакпайт

2019-12-23 / Редактордон
“Муниципалитет” журналынын бул чыгарылышы сизге жакпайт

Надежда ДОБРЕЦОВА, ӨСИнин башкаруу төрайымы, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору

Журналдын бул жолку чыгарылышы адаттан тышкары болду. Бул чыгарылышта жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын турмушунан алынган ийгиликтүү окуяларды таба албайсыз, ЖӨБ чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы жаңылыктар жана башка кадимки түрмөктөр да болбойт. Журналдын бул жолку саны көңүл чордонунда турган бир гана темага арналган, бир гана суроого жооп табуу аракети жасалат: КР Президенти жарыялаган Аймактарды өнүктүрүүнүн экинчи жылынын этегинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу кандай абалда?

Коомдук мейкиндикте аймактардын өнүгүүсү дегенде бизнеске инвестиция салууну, километрдеген жолдорду курууну, суу менен камсыз болгон айылдардын санын жана башка ушул өңдүү жакшырган материалдык шарттарды өлчөгөн физикалык параметрлерди элестетебиз. Бул да маанилүү, бул да туура. Чындыгында эле эгемендик алгандан бери Кыргыз Республикасынын аймактары борбордон өзүнчө өнүгүп келген. Айрым шаарлар көрүнбөгөн элеске айланды, ал эми элеттик үйдө суу түтүгү ишке ашпаган кыял бойдон кала берген. Болгондо да мындай турмуш тиричилик көп учурда адамдын аң-сезимине да таасирин тийгизген. Кароосуз калган, бийлик унуткан аймактар өз казанында кайнап жатты: жашоочулар мүмкүнчүлүк болсо айылдан кеткенге аракет кылып, келечекке болгон үмүт жоголду. 2007-жылы “Муниципалитет” журналынын редактору мындай деп жазган эле: “Бүгүнкү күндө биздин коомдун эки бөлүгүнүн ортосунда өтө чоң менталдык ажырым бар. Биздин өлкөнүн жарандарынын бир бөлүгү XXI кылымда жашайт: учак менен каалаган жерине барып келет, электрондук почта жана видеонет аркылуу кабар алышат, бир нече чет тилди билет, тоодо лыжа тебет, тапкан акчасын корпоративдик акцияларга жана облигацияларга салат. Коомдун экинчи бөлүгү XIX кылымдаболбосо да, XX кылымда кала берди: бакубаттуулугун малдын башы жана жердин сотиги менен өлчөйт, өзүнүн улуттук тобундагы тилди гана билет, аш өткөрүш үчүн алачыгын сатып, таштандынын жанында жашайт. Биринчи топко киргендердин бала-чакасы Лондондогу колледжде окусамбы, же АКШдагы университетте билим алсамбы деп башын катырса, экинчи топтун балдары окуганды үйрөнүп, жөнөкөй арифметикалык эсептерди чыгарганды жетиштүү деп эсептешет (байкасаңыз, базарда отурган жаш соодагерлер көбөйтүү таблицасын билишпейт)”1.

Президент С. Жээнбековдун эрки менен саясий элитанын жүзү Кыргыз Республикасынын шаарларына жана айылдарына бурулду. Эки жылда чындап эле көп нерсе өзгөрдү, бери дегенде физикалык жагынан алып караганда өзгөрүүлөр болду. Ошондой эле жүздөгөн жарандарыбызда аймактардагы жашоо борбордон менталдык жана менталдык эмес ажырым менен аныкталбай калат деген үмүт пайда болду.

Иш жүзүндө өткөн эки жыл ичиндеги километраждык, акчалай, литр менен алынган жыйынтыктар башка нерселер менен өлчөнөт. Журналдын бул жолку чыгарылышынын милдети – бардык кызыкдар жарандардын назарын бир маселеге буруу: эгерде саясий эрк башка нукта өзгөрүп кетсе, аймактардын өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жоголбошу үчүн, талкаланып, жок болбошу үчүн эмнелерди жасай алабыз? Өнүктүрүү саясат институтунун өз жообу бар: биз биринчи кезекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтун жана анын кадрларын бекемдеп, башкаруу системасын өзгөртүүгө жете алышыбыз керек. Себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул башкаруу системасынын адамдарга жана алар жашаган жерге эң жакын болгон бөлүгү. Бүгүнкү күндө ЖӨБ органдары аймактардын өнүгүүсүнүн жыйынтыктары туруктуу болушу үчүн өздөрүнө жоопкерчилик алууга жөндөмдүүбү? Аларда бул үчүн жетиштүү болгон ыйгарым укуктар, нормативдик чөйрө, кадрлар, финансы, башкаруу институту жетиштүүбү? Бирок бул суроого жооп берүү үчүн олуттуу көлөмдөгү маалыматты өздөштүрүш керек. Себеби бул суроого жөнөкөй жана жалгыз жооп жок. Ар бир адам компетенциясына, жасаган ишине, түшүнүү деңгээлине жараша өзү жооп табышы керек. Ал эми бул болсо убакытты жана ой жүгүртүүнү талап кылат. Көпчүлүк жарандарга бул аракетти жасоо зарыл болбой турганы түшүнүктүү – алардын өз түйшүгү да, чечилиши керек болгон курч маселелери да толтура. Аларга журналдын бул саны кызыксыз болот, себеби мындай адамдар үчүн иштеп жаткан жана иштей турган институционалдык шарттар эмес, бийликтин ишинин жыйынтыктары кызыктуу болмок. Бирок адамдардын бир тобу бар, коюлган суроолорго жооп ошолордон өзгөчө көз каранды болот. Бул адамдар журналдын ушул чыгарылышын башынан аягына чейин окуп чыгышы керек. Мына ушул адамдар журналдын биринчи сүйлөмүнөн акыркысына чейин калтырбай окуп чыкканга күч, убакыт жана каалоо таба алышат деп үмүттөнөбүз.

__________ 


1 “Менталдык ажырым же кыргызстандык журналистиканын жаңы миссиясы” аттуу макаладан үзүндү, Н. Добрецова, «Слово Кырызстана», 2007-ж.