Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өнүгүү тууралуу билимди башкаруу: Мыкты тажрыйбалар порталы ЖӨБ органдарына, анын ичинде дыйкандарга пайдалуу контентти даярдоо үчүн жаңы өнөктөштөрдү табууда

2021-04-30 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Жергиликтүү өнүгүү тууралуу билимди башкаруу: Мыкты тажрыйбалар порталы ЖӨБ органдарына,  анын ичинде дыйкандарга пайдалуу контентти  даярдоо үчүн жаңы өнөктөштөрдү табууда

Жакында www.myktyaimak.gov.kg сайтындагы ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы жергиликтүү жамааттардагы конкреттүү топтор үчүн жаңы пайдалуу мазмунга ээ болот. “Муниципалитет” журналы менен бириктирилген Порталдын расмий бетачарынын катышуучулары мына ушундай чечим кабыл алышты. Бетачар Бишкек шаарында 2021-жылдын 15-апрелинде өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, өнүгүү боюнча өнөктөштөр (донорлор), аймактардагы жашоону жакшыртууга багытталган долбоорлор, ошондой эле ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жергиликтүү өнүгүү маселелерин кантип чечсе болоору тууралуу билимди жайылтуу боюнча Мыкты тажрыйбалар порталынын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

2021-жылдын апрелинде Порталда 3 миңден ашуун колдонуучу катталып, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иши жөнүндө кеңири жана ар түрдүү маалыматтарды, консультацияларды жана курч суроолорго жоопторду туруктуу түрдө алып турушат. 2020-жылдын аягынан бери Портал 25ке жакын онлайн иш-чараны өткөрүп, 20га жакын видео сабакты   жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу жана коомчулукту өнүктүрүүнүн башка аспектилери, ЖӨБ органдарынын ишмердиги боюнча мыкты тажрыйбалардын 90дон ашык мисалын жайгаштырган. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүгө байланыштуу иш-чаралар жана консультациялар, айрыкча аялдар үчүн бөлүнгөн 30% квотаны пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө байланышкан иш-чаралар өзгөчө талкууга алынды.

Иш-чарага КР Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү, өнүгүү боюнча өнөктөштөр жана жарандык коом уюмдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) өкүлдөрү катышты.

Бетачарга келгендер менен учурашып жатып, Айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин (АӨМА) директорунун орун басары Рамис АЛЫКУЛОВ ЖӨБ органдарынын кадрдык потенциалын чыңдоо боюнча иш-чаралар 2023-жылга чейин ЖӨБдү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планына ылайык жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи. “Азыркы учурда ар кандай тараптардын, анын ичинде ар кандай донорлордун, өнүктүрүү долбоорлорунун, бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен мыкты тажрыйбанын көптөгөн мисалдары, методикалары жана аспаптары ойлоп табылып, бирок алар бир жерде топтолбостон, жалпыланбастан, талданбай жаткан учурлар бар. Мындай көрүнүш ЖӨБ органдары үчүн керектүү маалыматты табуу ишин татаалдаштырууда. Ошол эле учурда ЖӨБ органдары ар кандай өңүттөр боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун алдыңкы тажрыйбасынын булактарына муктаж, анын ичинде муниципалдык башкаруунун усулдары жана практикасы, кызмат көрсөтүү, жергиликтүү жамааттарды жергиликтүү маселелерди чечүүгө тартуу да бар. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин демилгеси менен, КР ЖӨБ Союзу жана Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте, ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы түзүлдү. Порталдын максаты – ЖӨБ органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдөгү актуалдуу, сапаттуу, жеткиликтүү жана алгылыктуу тажрыйбага туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. Биз Порталдын туруктуу өнүгүшүнө жана андан ары алга жылышына толук ишенебиз, анткени бул Порталдын ЖӨБ органдары бир булактан актуалдуу, жакшы системага салынган, дайыма жаңыланып туруучу маалыматтарды ала аларын билебиз”, - деди Рамис АЛЫКУЛОВ.

Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) Башкармалыгынын төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын өнүгүүсүнүн өбөлгөсү катары билимди туруктуу башкаруу темасын ачып берди: “Консультациялардын жүрүшүндө ЖӨБ органдары алган маалымат билимди башкаруу системасынын ТЫШЫНДА кала берет. Мыкты тажрыйбалар порталы бул долбоор эмес, бирок институт. Ал мамлекеттик билимди башкаруу системасына киргизилген. Ага үчүнчү деңгээлдеги myktyaimak. gov.kg домендик аталыш ыйгарылган, анын хостинги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик санариптик өнүгүү кызматына караштуу “Транском” мамлекеттик мекемесинин серверлеринде жайгашкан. Порталды Борбор Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы аркылуу ЖӨБ Союзу башкарат”.

Чүй облусунун эки муниципалитетинин башчылары Портал менен кызматташуу тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Ал эми Аялдар жана жаштар үчүн Болочок депутаттын мектебинин катышуучулары шайлоо алдындагы “жарыш” учурунда онлайн тренингдерге жана консультацияларга катышуу тажрыйбасы жөнүндө айтып беришип, алган билиминин пайдасын белгилешти1. Мисалы, Беловодск айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Насыйкат КОЧКОРБАЕВА Порталдын жардамы менен жергиликтүү кеңештердин депутаттары эмне кылышы керек, шайлоо программасын кантип түзүү зарыл, шайлоого катнип катышса болот өңдүү бир топ маселелер боюнча көптөгөн консультацияларды алганын айтып берди. Насыйкат депутат болбой калса да, ал өз айылынын жашоосуна жигердүү катышууну улантууга ниеттенүүдө жана Портал мындан ары да жардам берет деп ишенет. Ал эми шайлоодо жеңишке жетишкен Ак-Бешим кеңешинин жаңы депутаты Жанболот ТӨЛӨГӨНОВ Портал ага шайлоо өнөктүгүн ийгиликтүү өткөрүп, депутат болууга жардам берди деп эсептейт, анткени ал аны депутаттык милдетине үйрөтүп, аны айылдаштары менен популизмге барбастан, негиздүү шайлоо программасына таянуу менен сүйлөшкөндү үйрөткөн. Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы Султан АЛЫГУЛОВ айыл өкмөтүнүн адистери Порталдын адистеринен кандайча кеңеш алганын, алар иш кагаздарын өркүндөтүүгө жана кадрларды башкаруу боюнча айрым маселелерди чечүүгө жардам бергенин айтып берди. Портал өткөргөн мыкты тажрыйба сынагынын эки жолку жеңүүчүсү болгон Аламүдүн облусунун башчысы Найзабек КӨЛБАЕВ өз окуясы менен бөлүштү. Аймак башчысы мисалдарды кантип жайгаштырганы жана аймактын жашоочулары өз окуялары үчүн кандайча ынтымактуу добуш бергендиги жөнүндө айтып берди. Ал онлайн-семинарда аймактын электрондук китепканасынын ийгилиги жөнүндө айтып берди. Китепкананы уюштуруунун бул үлгүсү Кыргызстандын айылдарындагы башка аймактардын жана китепканалардын өкүлдөрү менен тажрыйба сынагында жеңүүчү болду.

Андан ары Портал менен кызматташуунун формалары, жолдору жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу катышуучулар менен талкуу болду. Суроолор жана каалоолор залда отургандардан да, онлайн катышуучулардан да түштү. 

Бетачардан кийин кызматташуу максатында өнөктөштөр менен бир катар жолугушуулар макулдашылды. 

Мисалы, “BIO-KG” Органикалык кыймылынын федерациясынан Айгүл НИЯЗАЛИЕВА дыйкан аялдар үчүн даректүү контент түзүүнү сунуш кылды: “Порталдын платформасында сиз жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер аялдар үчүн окууларды жана консультацияларды уюштура алганыңызга кубанычтамын. Ишкер жана дыйкан аялдарга да ушундай уюштуруп берүүңөрдү өтүнөм. Ошондо алар да жергиликтүү кеңештердин ишине катышып, өз идеяларын жайылта алышмак”. 

Аида КУРБАНОВА, “Жарандык катышуу” Коомдук фонду: “Порталды түзүү демилгеси өз убагында көтөрүлдү. Чындыгында, көптөгөн методологиялар бар, бирок алар чачыранды, эч качан бир жерге чогулбай келген. Портал – бул маселени чечүүнүн бир жолу, аны жардамы менен каалаган убакта керектүү маалыматты алууга болот. Биздин Фонд сабакты Порталга жайгаштыруу үчүн ийгиликтүү окуяларды кантип натыйжалуу даярдоо керектигин үйрөткөн онлайн сабакты сунуштоого даяр, практикасын сүрөттөп берүүнү каалаган карапайым адамдар жана активисттер бул нерсени оңой жана тез үйрөнө алышмак”.

Бетачардын жыйынтыгы боюнча Порталдын администраторлору анын мазмунун кеңейтүү жана аны ЖӨБ органдары тарабынан да, ошондой эле жергиликтүү жамааттар тарабынан да пайдалуу жана суроо-талапка ээ кылуу максатында кызыкдар өнөктөштөр менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Байланыш үчүн: Нургуль Жаманкулова, ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын мазмун боюнча администратору, 0770 77-17-11, 0555 / 0500 31-33-85, e-mail: njamankulova@dpi.kg

 

____________ 

1  Бетачардын бардык материалдарын төмөнкү шилтемеден таба аласыз: http://myktyaimak.gov.kg/events/single-event?id=17 

Окшош материалы: