Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Швейцария калдыктарды жок кылуу жана суу менен жабдуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн банкроттугун алдын алууга жардам берип жатат

2020-11-20 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Швейцария калдыктарды жок кылуу жана суу менен жабдуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн банкроттугун алдын алууга жардам берип жатат

Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 34 муниципалитет жалпы суммасы 5 809 400 сомду түзгөн гранттык жардам алышты. Бул каражат Кыргызстандагы COVID-19 пандемиясынын айынан жабыркаган 26 жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүгө берилет.

Бул жардам “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында берилип жатат. Аталган долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас Кыргызстан жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келатат.

Гранттык жардам үч компоненттен турат:

  • 4 100 000 сом – 26 жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүгө финансылык колдоо;
  • 439 400 сом – айыл өкмөттөргө жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөргө СИЗ сатып алууга жардам берүү;
  • 1 270 000 сом – маалыматтык өнөктүк өткөрүүдө айыл өкмөттөрүнө жардам берүү.

Кызмат көрсөтүүчүлөргө бөлүнгөн акча каражаты, аларга субсидия түрүндө жергиликтүү бюджет аркылуу берилет. Бул субсидиялар COVID-19 кризисинен улам келип чыккан оор экономикалык абалга байланыштуу, 2020-жылдын II-III кварталдарында келип чыккан чыгымдардын ордун толтурууга багытталган компенсацияны камтыйт. Аталган каржылык колдоо жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн (таштандыларды чогултуу, ичүүчү суу менен камсыз кылуу) көрсөтүлгөн мезгил ичинде тарткан чыгашаларын жана шашылыш төлөмдөрүн жабууга жумшалат.

Айыл өкмөттүн кызматкерлеринин жана айыл аймагындагы кызмат көрсөтүүчүлөрдүн коронавирустук инфекциясынан сактануусу жана аны алдын алуу максатында Долбоор тарабынан 260 жеке коргонуу каражат (СИЗ) сатылып алынды, анын ичинде: атайын коргоочу костюмдар (бир нече жолу колдонулат), коргоочу көз айнектер, бет калкан, ошондой эле үч катмардуу медициналык беткаптар алынган.

Ошондой эле Долбоор COVID-19 илдетинин жайылуусун алдын алуу чаралары катары вирустан коргонуу боюнча иш-чараларды жана жергиликтүү коммуналдык кызматтардын коронавирустун жайылуусун токтотуудагы иш-аракеттеринин мааниси жөнүндө калкка маалымдоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү үчүн каражат бөлдү. Мындан тышкары долбоор жарандарды көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акыны өз убагында төлөөгө үндөп, социалдык жоопкерчиликке чакырууда. Бул болсо өз кезегинде жеткирүүчүлөрдүн туруктуулугуна жана кызмат көрсөтүүнүн улануусуна шарт түзөт.  

Швейцария Өкмөтү тарабынан берилген гранттык жардам эки облустун максаттуу ЖӨБ органдарына жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөргө колдоо көрсөтүү менен бирге алардын банкроттугун (кудретсиздигин) алдын алууга жана кызматтардын үзгүлтүксүз улануусуна көмөк көрсөтүүдө.

 

Окшош материалы: