Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама тууралуу

2020-06-08 / Мыйзам жаӊылыктары

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама жөнүндө” токтому.

Кыргыз Республикасынын мекемелеринде жана уюмдарында иш кагаздарын уюштурууну өркүндөтүү жана заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен документ жүгүртүүнү камсыз кылуу максатында КР Өкмөтү Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын жаңы редакциясын бекитти. Кабыл алынган Токтом менен министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча), мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга жана мекемелерге төмөнкү иштер тапшырылды:

  • иш кагаздарын Типтүү нускамага ылайык жүргүзүшсүн;
  • мекеменин түзүмүндө мекеменин архивине жооптуу кызматкердин кызмат ордун камтыган иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын функциясы бар бөлүмдү штаттык санынын чегинде карашсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жана анын аймактык органдары иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу жана Типтүү нускаманы иш жүзүндө колдонуу боюнча министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча), менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга жана ишканаларга методикалык жактан жардам көрсөтүү тапшырылды. Ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүү боюнча колдонмолорду иштеп чыгуучулар аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги менен макулдашууга милдеттүү экендиги белгиленди. Типтүү нускаманын 5-главасы электрондук документтер менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн сүрөттөйт: "80. Электрондук документтер электрондук документ жүгүртүүнүн бирдиктүү системасында (мындан ары – ЭДЖБС) түзүлөт, иштелип чыгат жана сакталат. Эсепке алуу бирдиги болуп ЭДЖБСда катталган электрондук документ саналат.

81. Электрондук документтерди кабыл алуу, каттоо жана жөнөтүү иш кагаздарды жүргүзүү кызматы тарабынан ишке ашырылат.

82. Электрондук документтерге кол коюуда электрондук санариптик кол тамга колдонулат. Колдонуучу кол тамга Кыргыз Республикасынын санариптик кол тамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте сертификатталынышы керек.

Электрондук документтерди мекеменин ЭДЖБСда кароодо жана макулдашууда электрондук документтердин кыймыл-аракетин ырастаган ыкмалар колдонулушу мүмкүн. Мындай учурларда электрондук кол тамга коюу талап кылынбайт.

83. Аткарылган электрондук документтер ЭДЖБС иштеринин бирдиктүү типтүү номенклатурасына ылайык иштерге системалаштырылат. Иштердин номенклатурасын түзүүдө алар электрондук түрдө түзүлүп жаткандыгы белгиленет.

Электрондук документтер аткарылгандан кийин белгиленген тартипте кагаз түрүндөгү ушул сыяктуу документтер үчүн каралган мөөнөттүн ичинде сакталууга тийиш. Электрондук иштерди (электрондук документтерди) сактоо үчүн белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин аларды жок кылуу үчүн бөлүү жөнүндө мекеменин жетекчиси бекиткен актынын негизинде аталган электрондук иштер (электрондук документтер) башкаруу документтеринин сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн тизмесине ылайык автоматташтырылган режимде жок кылынат.

84. Электрондук колтамганы текшерүү (мындан ары – электрондук колтамганын аныктыгын текшерүүнүн оң натыйжасы) жол-жоболору өткөрүлгөндөн кийин электрондук колтамга каражаттарын пайдалануу менен электрондук колтамганын тууралыгын ырастоо (аныктоо) алынган учурда электрондук документ автоматташтырылган режимде алгачкы иштеп чыгууга жатат.

85. ЭДЖБСда электрондук документти алгачкы иштеп чыгуу автоматташтырылган режимде ишке ашырылат жана электрондук документтин бардык реквизиттерин текшерүүнү камтыйт.

86. Электрондук документтин бардык реквизиттерин жана бүтүндүгүн автоматташтырылган режимде текшерүү аяктагандан кийин иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын кызматкери электрондук документти каттайт, андан кийин электрондук документке ЭДЖБСда автоматташтырылган режимде кириш каттоо номери ыйгарылат.

87. Электрондук документтерди системалаштыруу жана эсепке алуу үчүн кириш каттоо номерин ыйгарууда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген Башкаруу органдарынын мамлекеттик классификатору пайдаланылат.

88. Электрондук документке ЭДЖБСда кириш каттоо номери ыйгарылгандан кийин автоматташтырылган режимде электрондук документтин кириш каттоо номерин, каттоо датасын, чыгыш каттоо номерин көрсөтүү менен маалыматты жиберүүчү (аткаруучу/лар жана электрондук документке кол койгон адам) жөнүндө белги коюлат.

89. Эгерде ЭДЖБСде автоматташтырылган режимде ушул Типтүү нускаманын 90-пунктунда каралган маалыматтар көрсөтүлбөсө электрондук документ алынбай калган болуп эсептелет.

90. Электрондук документти жөнөтүү алдында автоматташтырылган режимде анын туура таризделгендиги (электрондук документте милдеттүү реквизиттердин болуусу) текшерилет, анын ичинде электрондук колтамганы текшерүү жол-жоболору жүргүзүлөт. Эгерде автоматтык режимде текшерүү жолжобосунун жүрүшүндө электрондук колтамганын дал келбестиги аныкталса, электрондук документ жиберилбейт.

91. ЭДЖБСда электрондук документтерди эсепке алууну жүргүзүү жана аткарууну контролдоо тийиштүү түстөгү маркалоосу менен аткаруучуларга эскертүү жиберүү аркылуу автоматташтырылган режимде жүзөгө ашырылат.

92. ЭДЖБСда электрондук документтерди аткаруу мөөнөтү кагаз жүзүндөгү документтерди аткаруу мөөнөттөрүнө дал келет.

93. Убактылуу сактоо мөөнөтүндөгү электрондук документтер алар түзүлгөн, жөнөтүлгөн же алынган форматта (салынган файлдарга тийиштүү), тиешелүү электрондук документтердеги бир убакта түзүлгөн электрондук колтамганы сактоону камсыз кылуу менен сакталат. Иштердин номенклатурасында 10 жылдан ашык сактоо мөөнөтү (анын ичинде туруктуу сактоо мөөнөтү) каралган электрондук документтерге кол коюу алдында мамлекеттик архив мекемелери электрондук документтин жалпы бөлүгүн (анын ичинде бардык тиркемелерди) Portable Document Format (PDF/A1 же PDF/A2) форматына өзгөртөт.

94. Электрондук документти аткаруу датасы болуп электрондук документке электрондук колтамга коюлган күн эсептелет."