Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу

2020-06-05 / Мыйзам жаӊылыктары

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады

2020-жылдын 20-апрелиндеги №48 «“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине жана 21-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди.

Эгерде буга чейин ички берүүчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарларды сатып алганда сатып алуучу уюм берилүүчү товарларга продукциянын коопсуздугун жана сапатын ырастаган зарыл сертификаттар болгон учурда, конкурстук табыштамаларды баалоодо сунушталган баага 20 пайызга чейин жеңилдиктерди берүүгө милдеттүү болсо, эми жеңилдиктер фиксацияланып, 20 пайыздан аз боло албайт (4-берене).

Ошондой эле эгерде сатып алуулардын предмети Кыргыз Республикасынын ички подрядчылары аткаруусу мүмкүн болгон жумуштар болсо, жеңилдиктер фиксацияланган болот. Эми ички подрядчы жергиликтүү эмгек ресурстарын кеминде 70 пайыз жана жергиликтүү чийки заттарды жана материалдарды кеминде 30 пайыз пайдаланган шартта, сатып алуучу уюм ички подрядчыларга 20 пайыз көлөмүндө (мурда 20 пайызга чейинки өлчөмдө болчу) жеңилдиктерди берүүгө милдеттүү.

21-берененин 4-бөлүгүнүн 6-пункту жаңы редакцияда мындай болот: “токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылуучу форс-мажордук жагдайлардын, өзгөчө кырдаалдардын (өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин локалдаштыруу жана (же) жоюу), тез медициналык кийлигишүү зарыл болгон авариянын кесепеттерин локалдаштыруу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда”. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 20-пункту жаңы редакцияда мындай болду: “ички товар өндүрүүчүлөрдөн товарларларды сатып алганда, бул товарлар Кыргыз Республикасынын аймагында толугу менен өндүрүлүп же жетиштүү түрдө иштетилип/кайра иштетилген болушу керек, мында сапаттын улуттук стандарттарына ылайык өткөнү тууралуу тийиштүү сертификат болууга тийиш. Стандарттардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Ошону менен катар товарлардын баасы монополияны жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аныкталат”