Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында SDC «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоорунун (PSI) Экинчи фазасы башталды

2019-11-19 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында SDC «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоорунун (PSI) Экинчи фазасы башталды

2019-жылдын 11-июлунда Жалал-Абад шаарында, 18-июлда Каракол шаарында «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоорунун экинчи фазасы боюнча кириш семинарлар өттү. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария өкмөтү каржылайт жана Кыргыз Республикасындагы ХЕЛВЕТАС менен Өнүктүрүү саясат институту уюмдарынын консорциуму ишке ашырат (мындан ары – ЖДКЖ Долбоору).

Жалал-Абадда өткөн семинарга айыл өкмөтүнүн башчылары жана алардын орун басарлары, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Жалал-Абад облусундагы бардык сегиз райондук мамлекеттик администрациялардын (Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал) башчылары, ЖӨБЭММАнын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү, ошондой эле долбоордун өкүлдөрү катышты. Катышуучулардын жалпы саны 89 адам болду.

Кириш семинарынын катышуучулары «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоорунун биринчи фазасынын негизги жыйынтыктары, Долбоордун экинчи фазасынын максаттары жана тапшырмалары менен таанышып чыгышты. Ошондой эле аларга регионалдык деңгээлде Долбоордун ишинин негизги багыттары, муниципалитеттердин Долбоорго катышуу шарттары/мүмкүнчүлүктөрү боюнча баяндама сунуш кылынды.

Семинардын жүрүшүндө Кеңеш жана Бешик-Жон айыл өкмөттөрүнүн башчылары сөз сүйлөштү.

Алар кызмат көрсөтүүну уюштуруу жана жеткирүү боюнча өз тажрыйбасы, анын ичинде долбоордун пилоттук айыл өкмөтү катары тажрыйбасы менен да бөлүшүштү. Калкка кызмат көрсөтүүдө муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыкка байланышкан маселелер катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Семинардын катышуучулары өз көйгөйлөрү, тынчсыздануулары менен бөлүшүп, суроолорду узатып, өнөктөш болуу мүмкүнчүлүктөрү жана анын шарттары боюнча талкууга жигердүү катышты. Долбоордун өкүлдөрү бардык суроолорго мүмкүн болушунча толук жооп берип, долбоордун алдыдагы төрт жылга пландалып жаткан иши тууралуу кеңири маалымат беришти.

Караколдо өткөн семинарга Ысык-Көл облусундагы айыл өкмөттөрдүн бардык башчылары, Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, райондук администрациялардын башчылары, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттигинин өкүлү, ошондой эле долбоордун өкүлдөрү катышты. Семинардын катышуучуларынын жалпы саны 71 адам болду.

Семинар Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Д.Ч. МОҢОЛДОРОВдун сөзү менен башталды. Андан соң ЖӨБЭММАнын директорунун орун басары М.К. БАЙДЫЛДАЕВ катышуучулар менен учурашып, өз сөзүндө жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн бул долбоордун маанисин баса белгиледи.

Долбоордун өкүлдөрү муниципалитеттердин экинчи фазадагы мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары тууралуу кенен айтып беришти. Өз кезегинде семинардын катышуучулары долбоор менен мындан ары кызматташууга даярдыгын билдиришип, өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого жигердүү катышышты.

 

 

Окшош материалы: