Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын ЖӨБ жөнүндө Кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун көчмө жыйыны

2020-03-03 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Кыргыз Республикасынын ЖӨБ жөнүндө Кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун көчмө жыйыны

2019-жылдын 23-24-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун көчмө жыйыны өттү.

Бул жыйынды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору менен чогуу уюштурду. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги аркылуу Швейцария өкмөтү каржылайт жана ХЕЛВЕТАС менен Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келатат.

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы №240-т тескемеси менен КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кодекстин долбоорун иштепчыгуу боюнча мекеме аралык жумушчу топ түзүлгөн. 2019-жылдын сентябрынан баштап эксперттик топ ЖӨБ жөнүндө Кодекстин долбоорунун маңызын жана структурасын даярдай баштаган. 17-декабрда анын жыйынтыктары жумушчу топко берилди. Топтун жетекчиси, КР вице-премьер-министри К.А.Боронов буларды белгиледи: “Эгемендик алгандан берки жылдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу түптөлүп отуруп, өнүгүү жолуна түштү. “Кыргыз Республикасы: аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” аттуу конференцияда президент Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жергиликтүү өз алдынча башкаруу кодексин иштеп чыгууга мезгил жетти”. Бул жыйындын жыйынтыгы боюнча ма алыматты угуп, талкуу өткөн соң бир аптанын ичинде эгерде бар болсо, ой-пикирлерди жазуу түрүндө берүү тапшырылды. Бул семинар түшкөн сунуштарды карап чыгып, келечектеги Кодекстин өзөктүк маселелери боюнча бир пикирге келүү максатында уюштурулган.

Иш-чарага жумушчу топтун мүчөлөрү, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы эксперттер, ошондой эле ЖӨБЭММАнын, КР ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү, Бишкек шаардык мэриясынын жана долбоордун кызматкерлери катышты. ЖӨБЭММАнын төрагасынын орун басары Мурат Байдылдаев Кодекстин долбоору жергиликтүүөз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү бардык мыйзам чыгаруу базасын бирдиктүү документке бириктирүү максатын көздөй турганын белгиледи.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдар чачыранды, ченемдердин басымдуу бөлүгү тармактык мыйзамдарда бар, көп ченемдер бири-бирине карама-каршы келет. Кодекс мындай кемчиликтерди, боштуктарды четтетүү максатын көздөйт”, - деп белгиледи жумушчу топтун мүчөсү, эксперт Анарбек ИСМАИЛОВ.

Жумушчу топтун жыйынында Кодекстин соңку структурасы макулдашылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды. Бул көйгөйлөрдү чечүү даярдалып жаткан Кодекстин маанилүү максаттарынын бири болуп саналат.

Жумушчу топ Кодекстин долбоорун даярдоого киришти.

 

Окшош материалы: