Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ачык Өкмөттүн Улуттук Форумунан Өнүктүрүү саясат институтуна Ыраазычылык

2020-03-03 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Ачык Өкмөттүн Улуттук Форумунан Өнүктүрүү саясат институтуна Ыраазычылык

“2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөттү куруу боюнча Улуттук Иш-аракеттер Планын ишке ашырууга ар тараптан көрсөткөн колдоосу жана жемиштүү кызматташтык үчүн” ыраазычылык катын КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери Аида КАСЫМАЛИЕВА жана АӨУФнын кош төрагасы Бакыт САТЫБЕКОВ тапшырышты.

2019-жылдын 20-декабрында Бишкекте 2018-2020-жылдарга Ачык Өкмөттү куруу боюнча Улуттук иш-аракеттер планын (УИП) ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктарын чыгаруу боюнча Ачык Өкмөттүн конференциясы өттү. Конференцияга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ачык Өкмөт Улуттук Форумунун кош төрайымы Алтынай ӨМҮРБЕКОВА, КР Жогорку Кеңешинин вице-төрайымы Аида КАСЫМАЛИЕВА, УИПти аткарууга татылган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Ачык Өкмөт Улуттук Форумунун кош төрагасы Бакыт САТЫБЕКОВ, эл аралык донордук уюмдардын жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү, журналисттер катышты.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучуларга Катчылык тарабынан иш-чаралардын аткарылышы тууралуу отчет жана жарандык коом тарабынан альтернативалык отчет берилди, ийгиликтүү демилгелер тууралуу маалымат болду, “Ачык маалыматтар” порталы жана ЧУА долбоорлорун талкуулоо боюнча портал жөнүндө маалыматтар берилди.

Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА да конференцияда сөз сүйлөп, жергиликтүү бюджеттердин ачык-айкындуулук маселесине токтолду. Добрецова “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун бул багыттагы жыйынтыктары менен тааныштырды. Аталган долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү са ясат институту ишке ашырып келатат.

“Бул – 2019-жылдын жыйынтыктарын баалоо боюнча орто аралыктагы конференция болду. Ал эми Планды ишке ашыруунун жыйынтыктары 2020-жылдын соңунда чыгат. Башкача айтканда, жылдын этегине чейин бул багытта дагы көп иштер жасалууга тийиш. Биз бул темаларды талкуулап чыкканыбызга карабастан, чечимди талап кылган бир топ маселелер жана көйгөйлөр көмүскөдө кала берди. Анын ичинде биздин Институттун катышуусу менен ишке ашырылчу маселелер бар. Себеби Планга кошулган милдеттенмелердин бир бөлүгү жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү жана аларды Өнүктүрүү саясат институту сунуш кылган. Ошол себептен бул Пландын ишке ашырылышы үчүн биз да жооптуубуз жана аны аткаруу үчүн көп күч-аракет жумшоого тийишпиз”, - деп айтты Надежда ДОБРЕЦОВА.

Конференциянын программалык бөлүгү аяктагандан кийин Ачык Өкмөттүн Улуттук Форумунун атынан айрым мамлекеттик органдарга жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө ыраазычылык каттары тапшырылды.

 

Окшош материалы: