Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө гендердик жана социалдык абалды сезген ыкмаларды киргизүү темасы талкууланды

2020-03-03 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө гендердик жана социалдык абалды сезген ыкмаларды киргизүү темасы талкууланды

2019-жылдын 16-декабрында “Жергиликтүүдеңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору (мындан ары – ЖДККЖ) тегерек стол талкуусун өткөрдү.

Бишкектеги “Парк Отель” мейманканасында өткөниш-чара “Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө гендердик жана социалдык абалды сезген ыкмаларды киргизүү” деген темада өттү. Талкуугагендер маселелери боюнча адистешкен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, аялдардын укуктарын коргоо жана жамааттарды өнүктүрүү чөйрөсүндө иш алып барган жарандык коом уюмдары, көз карандысыз эксперттер, ошондой эле Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлү катышты.

Иш-чаранын программасы эки сессиядан турду. Биринчи сессия элет жергелеринде кызмат көрсөтүүлөрдү (таза ичүүчү суу) жакшыртуу үчүн базалык изилдөөнүн жана гендердик абалды изилдөөнүн жыйынтыктарына арналды. Экинчи сессияга тандалып алынган муниципалитеттердин жергиликтүүстратегиялык документтерине гендердик анализдин презентациясы камтылды. Иш-чаралар маалында ЖДККЖ долбоорунун жергиликтүү деңгээлде гендердик жана социалдык абалды сезген ыкмаларын интеграциялоо боюнча стратегиясы сунушталып, талкууланды. Бул стратегия мындан ары тажрыйба алмашуу жана келечекте кызматташуу үчүн платформа түзүп берди.

Эки аймакта өткөрүлгөн фокус-топтун баштапкы жыйынтыктары ичүүчү сууну жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүү менен аялдардын күнүмдүк жашоосу, алардын саламаттыгы, үй-бүлөнүн ичиндеги мамилелери, жеке гигиенасы жана социалдашуусу ортосунда байланышты көрсөттү.

Гендер маселелери боюнча эксперт Зульфия КОЧОРБАЕВА базалык изилдөөнү жүргүзүүгө катышкан. Эксперт 40 муниципалитеттин стратегиялык документтерине жүргүзүлгөн гендердик анализдин жыйынтыгы менен тааныштырды. Эксперттин айтымында, муниципалитеттердин дээрлик бардык стратегиялык документтери гендердик жана социалдык абалды сезүү критерийлерине жооп бербейт. Ошентсе да айрым документтерде мындай маселелер камтылган. Ал арада бул компоненттин тартыштыгы, саясий эрктин жоктугу жана айрым бир башка факторлор аялдардын жана социалдык жактан аярлуу топтордун муктаждыктарын эсепке алуу менен кызмат көрсөтүүгө бут тосууда. Документ Экономика министрлиги 2015-жылы иштеп чыккан Колдонмонун негизинде талданып чыккан. Колдонмо жергиликтүү саясат үчүн үч индикаторго негизделген категорияларды белгилейт. Ал индикаторлор: гендердик абал эске алынган стратегиялык документтер-программалар (3 балл), гендердик теңдик үчүн институционалдык механизм (3 балл) жана гендерге багыт алган бюджеттөө (3 балл). Сунуш кылынган баалоо боюнча төмөнкүдөй саясат аныкталат: 6-9 баллга чейин – гендердик позитивдүү саясат, 3-6 баллга – гендердик багыт алган саясат жана 0-2 баллга чейин – гендердик жактан “сокур” саясат.

40 муниципалитеттин ичинен болжол менен 59 пайызы жогорудагы үч индикатордун ичинен 1 же 2 индикаторго гана ээ болгон гендердик саясатты жүргүзөт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жаңы жумушчу орундарды түзгөндүн ордуна социалдык инклюзивдүүлүк жана гендердик теңдик боюнча маселелер адатта жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызматкерлердин мойнуна жүктөлөт. Бул болсо өз ке зегинде аларга кошумча жүк болуп калууда.

ЖДККЖ Долбоорунун стратегиясы жогоруда айтылган маселелерди чечүү үчүн иштелип чыккан жана Долбоордун Биринчи фазасында алынган сабактарга жана жыйынтыктарга, базалык изилдөөгө, ошондой эле аярлуу топтордун өкүлдөрү менен өткөрүлгөн фокус-топторго негизделген.

Стратегиянын негизги максаты – долбоордук муниципалитеттердин ишине гендердик жана социалдык абалды сезген ыкмаларды эффективдүү киргизүүгө көмөктөшүү, жергиликтүү стратегиялык документтерди, өнүгүү программаларын жана жылдык жергиликтүү бюджеттерди кайрадан иштеп чыгууга жардам берүү. Ошондой эле долбоор өркүндөтүлгөн документтердин аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн атайын жумушчу топторду түзүүгө көмөк көрсөтөт.

Тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулар өз пикирлерин айтышып, долбоордун ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарын беришти.

Иш-чара жалпы максаттарга жетүү үчүн күчаракеттерди бириктирүү тууралуу макулдашуу менен жыйынтыкталды.

 

Окшош материалы: