Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстанда “Өсүш башаты” катары белгиленген 18 шаардын арасында “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” аттуу конкурс жарыяланды

2019-06-17 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Кыргызстанда “Өсүш башаты” катары белгиленген 18 шаардын арасында “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” аттуу конкурс жарыяланды

“Балдар менен жаштарга ыңгайлуу Кыргызстан” демилгесин жайылтуунун алкагында “өсүш башаты” катары белгиленген 18 шаардын арасында “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” аттуу конкурс жарыяланды.

Конкурстун шарты боюнча, муниципалитеттер өспүрүмдөрдүн кызыкчылыктарына тиешеси бар чечимдерди кабыл алып жатканда, ага балдар менен жаштар сөзсүз түрдө катышууга тийиш. Конкурс шаар балдар менен жаштарга канчалык ыңгайлуу болгонун баалоого багытталган. Конкурстун жалпы байге фонду 6 миллион сомду түзөт. Конкурстун катчылыгы – КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги (ЖИДСМА). 2019-жылдын 13-мартынан 15-мартына чейин ЖИДСМА Өнүктүрүү саясат институту менен биргелешип, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Жалал-Абад шаарларынын мэрия өкүлдөрү менен маалыматтык жолугушууларды өткөрдү. Бул жолугушуулар шаардык мэрияларга конкурс тууралуу толук маалымат берүү үчүн уюштурулду. Жолугушууларда конкурска катышууну чечкен шаарларга консультациялык жардам берилип, кийинки кадамдар такталды. МААЛЫМАТ ҮЧҮН: Кыргыз Республикасында “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” эл аралык концепциясы киргизилип жатат. Бул концепция жергиликтүү деңгээлде “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу Кыргызстан” деп аталат. Концепцияда балдар менен жаштардын бакубатчылыгына байланышкан маселелерди чечүүдө алардын катышуусуна колдоо көрсөтүү стратегиясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде инклюзивдик саясатты жана чечим кабыл алуу практикасын киргизүү, балдар менен жаштарга багытталган ресурстарды бөлүштүрүү иштери камтылган.

Булак: http://sport.gov.kg/news/view/idnews/3432

Окшош материалы: