Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

МСЗ механизминин жардамы менен кандай маселелерди чечүүгө болот?

2019-06-17 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
МСЗ механизминин жардамы менен кандай маселелерди чечүүгө болот?

“Мамлекеттик социалдык заказ” деген эмне? Кепилденген социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн ким жооптуу? ЖӨБ органдары кандай социалдык кызматтарды көрсөтөт? Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр өзүнө эмнелерди камтыйт жана алардын критерийлери кандай?

Ушул жана башка суроолор “Жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөр. Мамлекеттик социалдык заказды (МСЗ) киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу” темасына өткөн үч тренингде каралды. Бул тренингдер:

• 28-февралда Бишкек шаарында (Чүй облусунун Ленин жана Аламүдүн айыл аймактары),

• 1-мартта Кант шаарында,

• 5-мартта Нарын шаарында өттү.

Тренингдерге ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттардын лидерлери жана бейөкмөт уюмдар катышты. Тренингдерди “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин дараметин күчөтүү” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту өткөрдү. Бул долбоорду Өнүктүрүү саясат институту АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) каржылаган Биргелешип башкаруу боюнча программанын колдоосу менен ишке ашырууда. Аталган Программаны Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги (DFID) каржылайт жана Ист-Вест Менеджмент Институту жүзөгө ашырып келет. Мамлекеттик социалдык заказ – республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылоо менен камсыздалган, келишимдик мамилелерге негизделген, жүзөгө ашырууда юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди тартуу жолу менен калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүгө же башка коомдук пайдалуу максаттарга жетүүгө багытталган республикалык, тармактык, региондук же муниципалдык социалдык программалардын бөлүгүн ишке ашыруу механизми. МСЗнын максаты - республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана жарандардын интеллектуалдык, кадрдык, материалдык жана башка ресурстарын тартуу жолу менен коомдун социалдык маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жана коомдук пайдалуу максаттарга жетишүү.

«Социалдык кызмат көрсөтүү – бул татыктуу жашоону камсыз кылуучу шарттарды түзүү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалдан улам келип чыгуучу көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүү максатында адамдарга жардам берүү боюнча аракет (2017-жылдын 28-апрелиндеги №70 “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” КР Мыйзамынын 1-беренеси). Ал эми 2001-жылдын 19-декабрындагы №111 “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүктөрүн жана аймактын калкынын муктаждыктарын эске алуу менен кошумча социалдык кызматтардын аймактык тизмесин кабыл алышы мүмкүн”. Кепилденген социалдык кызматтарды көрсөтүү КР Өкмөтүнүн атынан министрликтердин жана ведомстволордун, алардын аймактык структураларынын компетенциясына кирет”, – деп айтты ӨСИ тренери Анара МУСАЕВА. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар кызмат көрсөтүүлөргө сереп жасап, кайсы социалдык кызмат көрсөтүү мамлекеттик, муниципалдык болуп саналат, кайсылары жергиликтүү маанидеги маселелердин алкагына кирет, ал эми кайсы социалдык кызматтарды берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкагында ЖӨБ органдары ишке ашырат деп карап чыгышты. Ошондой эле катышуучулар “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Респубикасынын Мыйзамынын негизги жоболору менен таанышты. Буга кошумча катышуучулар өз багыттары боюнча идеяларына анализ жасап, аларды мамлекеттик социалдык заказ аркылуу ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Айрым идеяларды катышуучулар МСЗ иш-чаралар планына да кошушту.

“Катышуучулар менен чогуу фасилитатордун ролун жана ишин карап чыктык. Бул адам талкуу маалында конкреттүү жыйынтыктарга жетүү аркылуу топту конкреттүү макулдашууга жеткирет. Фасилитациянын көндүмдөрү МСЗнын иш-чаралар планына кошула турган жумуштарды жасоо процессинде пайдалуу болот”, – деп кошумчалады Анара МУСАЕВА. 2019-жылдын 5-мартында Нарында да 15 адам катышкан ушундай тренинг өттү. Тренингдин натыйжасында катышуучулар дайындар базасын түзгөндү жана жамааттын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыгын аныктоо боюнча изилдөө жүргүзгөндү үйрөнүштү. Текшерүү барагы (чек-лист) боюнча МСЗны ишке ашыруунун планын жана графигин даярдоо кийинки кадам болуп саналат. Нарын шаардык кеңешинин депутаты Майрамбек САКЕНБАЕВ алган билимин Нарын шаарында МСЗны киргизүү маселесин шаардык кеңештин депутаттары менен талкуулоо процессинде колдоно турганын айтты. “Тренинг өтө кызыктуу жана пайдалуу болду. Өзгөчө муниципалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү ажырата билүү боюнча сессиялар пайдалуу экен. Бүгүн мен алгоритмдин негизинде социалдык көйгөйлөргө анализ жасаганды үйрөндүм. Көрсө, МСЗ – бул ар бир муниципалитет үчүн өтө пайдалуу механизм экен”, деп айтты депутат.

Окшош материалы: