Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарындагы жана Бишкек шаарындагы 17 мектеп финансылык сабаттуулук боюнча Окуу-методикалык жыйнагын алат.

2019-06-17 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары

Жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча глобалдык өнөктүктүн (GMW) алкагында 2019-жылдын 11-апрелинде “Финансылык эркиндиктин ачкычы” окуу-методикалык жыйнагын алууга сертификаттар тапшырылды. Сертификаттарды Global Money Week – 20191 иш-чарасынын жигердүү катышуучулары катары Бишкек шаарындагы жаңы конуштардагы мектептердин өкүлдөрү алышты.

“Биз “Финансылык эркиндиктин ачкычы” аттуу окуу-методикалык жыйнакты басып чыгаруу иштерин каржылап, мектептерге берип жатканыбыз үчүн абдан кубанып турабыз. Жаштарыбыз финансы каражатын туура башкаруу боюнча гана эмес, ошондой эле мектеп бюджети, мамлекеттик бюджет тууралуу сапаттуу билимге ээ болушу керек. Бул болсо биздин жаштарды чоң турмушка даярдайт”, – деп айтты “Кредиттик Маалыматты Колдонуучулардын Ассоциациясы” КЮЖ башкы директору Акжолтой ЕЛЕБЕСОВА. Ошондой эле “Халык Банк Кыргызстан” ААКтын Маркетинг башкармалыгынын жетекчиси Марина Олейникова да сөз алды: “Ушул окуу китебин каржылоо жагында Өнүктүрүү саясат институту нун демилгесин “Халык Банк” кош колдоп кабыл алды. “Финансылык эркиндиктин ачкычы” – бул окуучуларга финансы боюнча терең билим берип, акчаны башкарганды үйрөткөн өтө пайдалуу окуу китеби”. №3 мектеп-гимназиянын экономика мугалими ЗАГИДУЛИНА Рамзия пикири менен мындайча бөлүштү: “Бул – финансылык сабаттуулук боюнча уникалдуу окуу китеби! Ал балдарга акчаны туура колдонгонду үйрөтөт! Окуучуларга маанилүү темаларды жалпак тилде жеткирген өтө пайдалуу китеп!”. “Финансылык эркиндиктин ачкычы” окуу-методикалык жыйнагында финансылык сабаттуулук, жеке финансылык коопсуздук, акчаны натыйжалуу башкаруу, жарандардын финансы институттары менен байланышы, жеке бюджетти башкаруу көндүмдөрүн өздөштүрүү жана финансы долбоорлорун иштеп чыгуу маселелери каралган. Китеп жалпы билим берүүчү мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына даректелет. Мугалимдер бул окуу китебин жогорку класстын окуучуларын мектептеги компоненттин алкагында финансылык сабаттуулуктун негиздерине үйрөтүү үчүн, ошондой эле “Адам жана коом” айкалышкан курсу үчүн кошумча окуу китеби катары да колдоно алышат”, – деп айтты Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.

Өнүктүрүү саясат институтунун атынан GMW 2019 иш-чарасынын координатору Гузель ЖАНАЛИЕВА китеп биринчи жолу басылып чыккандан кийин, 2018-жылдын жай мезгилинен бери ӨСИнин дарегине аймактык мектептерден окуу китебин берүү өтүнүчү менен каттар келип жатканын айтты. Буга байланыштуу калган китептер Кыргызстандагы аймактык мектептерге жеткирилет. Мектептер китептерди “Банк Компаньон” ЖАКтын регионалдык филиалдарынан жана Өнүктүрүү саясат институтунан алса болот. Бүгүнкү күндө окуу жыйнагын Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарындагы жана Бишкек шаарындагы 17 мектеп алууда.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН:

“Финансылык эркиндиктин ачкычы” окуу-методикалык жыйнагы Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелеринин 5-11-класстарынын окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча Базалык компетенциялардын (билимдин, шыктардын, көндүмдөрдүн жана жүрүм-турумдун) стандарттарына шайкеш келет. Бул Стандарттарды 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогоруБалдар менен жаштарга ыңгайлуу муниципалитеттер Социалдык-экономикалык ён=г== планын даярдашат “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу Кыргызстан” демилгесин жайылтуунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте окуу тренингдерин өткөрдү. Тренинг “Муниципалитеттин Социалдык-экономикалык программасын даярдоо” темасы боюнча өттү. Окууга Жалал-Абад жана Ош облустарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары баш болгон 51 адам катышты. Жалал-Абаддан тренингдерге Таш-Булак, Курманбек, Багыш, Кызыл-Туу, Ырыс, Сузак айылдык аймактарынын жана Жалал-Абад шаарынын өкүлдөрү катышты. Ош облусундагы тренингге Алля-Анаров, Гүлистан айылдык аймактарынын жана Кызыл-Кыя, Ноокат шаарларынын өкүлдөрү келишти. “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу Кыргызстан” демилгесинин жана “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу муниципалитет” долбоорунун негизги принциби – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүү боюнча стратегиялык пландарына балдар менен жаштардын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн киргизүү. Бул болсо келечек муунга өнүгүү жана Кыргызстандын жараны катары калыптануусу үчүн Өнүктүрүү саясат институту өзүнүн өнөктөшү “Толеранттуулук үчүн эл аралык фонду” менен чогуу өспүрүмдөрдүн муктаждыктарын жана артыкчылыктарын талдап чыккан. Ал эми СЭӨПны даярдоо ЖӨБ органынын негизги иш-милдеттерине кирет эмеспи. Кийинки кадам – максаттуу жана өнөктөш муниципалитеттерге шаарлардын Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын даярдоого жардам берүү. Андан кийин балдардын жана жаштардын аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрү СЭӨПга киргизилет”, – деп айтты ӨСИнин тренери Султан МАЙРАМБЕКОВ. Тренингдин катышуучулары СЭӨПны даярдоо боюнча материалдар бир кыйла түшүнүктүү болгонун, мунун натыйжасында алар өз муниципалитетинин өнүгүү программаларын даярдай алышарын белгилешти. Багыш айылдык кеңешинин депутаты Анаркуль МАШАЕВА тренинг ага көп жаңы материалдарды бергенин, үйрөнгөндөрүн практикада колдонуп, жаңы СЭӨПны даярдоого катыша турганын айтты. Ал эми Ноокат шарынын вице-мэри Данияр ТАЖИБАЕВ буларды айтты: “Биз бүгүн СЭӨПны ишлатуу Программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин төрагасы бекиткен. Окуу-методикалык жыйнактын биринчи басылмасы Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) менен Билим берүү демилгелерин колдоо фондунун (ББДКФ) биргелешкен ишинин алкагында даярдалды. Китеп Швейцария Өкмөтү Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу каржылап, ӨСИ аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун финансылык колдоосу менен чыкты. Окуу-методикалык жыйнактын экинчи басылмасы “Банк Компаньон” ЖАКтын, “Кредиттик Маалыматты Колдонуучулардын Ассоциациясы” КЮЖ жана “Халык Банк Кыргызстан” ААКтын финансылык колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Global Money Week – 2019 иш-чарасына катышуусунун алкагында чыкты. Global Money Week (GMW) – бул Child & Youth Finance International (CYFI) демилгеси менен балдарды жана жаштарды акча, киреше жана ишкерлик маселелерине тартуу үчүн жыл сайын өткөрүлүп турган билим берүүчү өнөктүк.

 

Окшош материалы: