Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Таштанды көйгөйү мамлекеттин катышуусу менен аймактык деңгээлде чечилүүгө тийиш

2019-06-17 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Таштанды көйгөйү мамлекеттин катышуусу менен аймактык деңгээлде чечилүүгө тийиш

Бул көрүнүштү унутуу оңой эмес. 2007-жыл. Ноябрь. Кыргыз Республикасынын тоолуу аймагындагы шаар. Боз ала асман. Сүрү катуу тоолор. Айлана-тегеректе миңдеген, он миңдеген полиэтилен баштыктары учуп жүрөт. Сөөктөн өткөн шамал жүрөктүн үшүн алчудай шыбыш менен баштыктарды шаардын бозчаңгыл көчөлөрүнө айдап баратат.... Ушундай болгуң келеби, айтчы, Кыргызстандагы муниципалитет?

ЖӨБ органдарынын бардык жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстандын көптөгөн жарандары таштанды жыйноо жана чыгаруу маселеси – муниципалдык, жергиликтүү гана көйгөй деп ойлошот. Мамлекеттин башын ооруткан мындан да терең, жалпы мааниге ээ маселелер бар дешет. Бирок таштандынын учурдагыдай көлөмү, сапаты жана ээ-жаа бербей калган таштанды жайлары ландшафттарды өзгөртүп, айлана-чөйрөгө, адамдын ден соолугуна, атүгүл бизнестин өнүгүүсүнө да терс таасирин тийгизип жатат. Чолпон-Атадагы шаардык кум жээкте Ысык-Көлдүн түбүн карап жаткан же жээктин жанындагы айылга кокусунан эле кирип келген туристтин ордуна өзүңүздү коюп көрүңүзчү. Өлкөнү план аткарып жаткандай, эч аёосуз эле таштандыга толтуруп жатабыз. Таштанды жаткан жерлерди эч ким кайтарбайт, жердин күрдүүлүгүн калыбына келтирбейт, айыл чарба жерлеринин баалуу запастарын улам эле таштанды үчүн алдырып жатабыз. Бирок бул жергиликтүү маанидеги маселе эмес болсочу? Балким, биздин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыбыз барган сайын эле чоңоюп бараткан таштанды “фудзиямасын” жок кылуу тапшырмасын аткарууга жөндөмдүүбү деген суроо бышып жетилгендир? Алар таштанды жыйноо жана чыгаруу иштерин уюштура алышат жана муну жасашы керек. Бул – талашсыз. Бирок таштандыны жок кыла алышабы? Бул алардын мойнуна жүктөлгөн маселеби?

Кырдаалга кыскача анализ

Катуу тиричилик калдыктарын башкаруу маселеси ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарына өткөрүлүп берилген. Ал жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмесинде №11 маселе катары киргизилген жана төмөнкүдөй деп аныкталган: турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана жок кылууну уюштуруу. Бирок көп жылдардан берки практика көрсөткөндөй, бул маселе өзүн эч актабаган, башкаруунун түрдүү деңгээлинде аткарылууга тийиш болгон түрдүү масштабдагы функцияларды камтып жатат. Иш жүзүндө ЖӨБ органдары таштанды жыйноо жана чыгаруу функцияларын аткара алышат, бирок таштандыны жок кылуу үчүн дараметке ээ эмес. Муну КР Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик чогулткан жана ЖДККЖ Долбоорунун колдоосу менен талданып чыккан маалыматтар ырастап турат (маалыматтар ЖӨБЭММАдан алынды). Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасында 374 таштанды полигону бар, алар жалпы жонунан 616 гектар жерди ээлейт. Ошону менен бирге алардын басымдуу бөлүгү – 57% - таштандыны башкаруучу полигондор эмес, бир гектардан кем эмес аянтты ээлеген таштанды төкчү жер болуп саналат. Демек бул жайларда замандын талаптарына жооп берген таштандыны жок кылуу иштери жүргүзүлбөйт дегенди билдирет. Ошону менен бирге, тийиштүү мамлекеттик каттоо актысы бар, мыйзамдуу же уруксат берилген полигондор деп 13 пайызын гана айтса болот.

Мындан улам Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, дээрлик 534 гектар жерди мыйзамсыз, уруксат берилбеген таштанды жайлары ээлеп жатат (87%). Иш жүзүндө бул жерлердин саны мындан да көп, себеби уруксат берилбеген таштанды жайлар бардык жерде улам чыга калууда жана мамлекет бул факттарды көзөмөлдөп, реакция жасоого үлгүрбөй жатат. Калктын санынын өсүшүн эсепке алуу менен, 2050-жылы таштанды ээлеген жерлердин аянты 1300 гектарга жетет деп божомолдосо болот. Ошону менен бирге таштанды айыл чарба багытындагы сапаттуу жерлерди же калктуу конуштардын жерлерин ээлеп калып жатат. Мыйзамсыз полигондордун эң көп үлүшү ЫсыкКөл облусуна туура келет. Бул жерде майда полигондордун же көлөмү кичинекей болгондуктан (бир гектардан аз) башкарууга ээ-жаа бербеген жөн гана таштанды төгүлгөн жайлардын эң жогорку үлүшү аныкталган.

1-сүрөт. Мыйзамсыз полигондордун үлүшү, % менен

1-таблица. Кыргыз Республикасынын облустарына бөлө келгенде, полигондор ээлеген жерлердин аянты жана категориялары

Кыргыз Республикасы боюнча ар бир таштанды жайы орточо 19 миң адамды тейлейт. Эл аралык стандарттар боюнча өзүн актаган полигон 250-300 миң адамга эсептелиниши керек. Ошону менен бирге регионалдык алкактан алганда, бир полигон тейлеген адамдардын санында чоң айырма бар – үч миңден 55 миңге чейин. Эң начар кырдаал Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында байкалууда.

2-сүрөт. Бир гектардан аз аянтты ээлеген таштанды жайларынын үлүшү, % менен

КТКны жок кылуу үчүн жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары КР Өкмөтүнө тынбай кайрылып келишет. Алар Өкмөттөн жаңы полигондорду жол-жоболоштуруп берүү үчүн жерлерди трансформациялоону өтүнүшөт. Бирок бул аталган тармакты өнүктүрүүнүн экология үчүн кыйратуучу жол. Анткен менен ЖӨБ органдарында башка альтернативалык чечимдер жок. Себеби бир дагы айылдык аймакта жана көпчүлүк шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жакынкы келечекте заман талабына жооп берген полигонду түзүп, башкаруу үчүн эч кандай ресурстары болбойт. Себеби анын курулушуна эле 70 миллион сомдон 200 миллион сомго чейинки көлөмдөгү инвестиция зарыл. Ал эми элеттик ЖӨБ органдарынын 2018-жылдагы орточо бюджети болгону 24 миллион сомду түзгөн. Бул сандар ушул тапта Кыргыз Республикасында бир дагы ЖӨБ органында КТКны заман талаптарына ылайык жок кылуу процессин ойдогудай уюштуруу үчүн жетиштүү ресурстук потенциал жок дегенди билдирет.

Башкаруу деңгээлдериндеги жоопкерчиликти бөлүштүрүү чөйрөсүндөгү тенденциялар

Ошол эле маалда бул тармакты өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденциялары таштандыга карата мамилени өзгөртүүнү талап кылып жатат: таштанды коркунуч катары каралып, кызмат көрсөтүүнү уюштуруу зарылчылыгы гана болбошу керек. Таштанды өндүрүш үчүн чийкизат да болуп берет. Турмуш-тиричилик калдыктарын жок кылуу боюнча көптөгөн заманбап ишканалар өз чыгашаларын жарым-жартылай же толугу менен актап жатат. Бул үчүн өндүрүштү туура жолго салуу зарыл. Ошону менен бирге улуттук өкмөттөр таштандыны жок кылуу иштери үчүн жоопкерчиликти өзүнө көбүрөөк ала башташты. Бул үчүн алар таштандыны жергиликтүү маанидеги маселеден жалпы мамлекеттик маанидеги маселелердин категориясына өткөрүп жатышат. Мисалы, 2017-жылы Орусия Федерациясында масштабдуу реформа башталган. Ага ылайык, 2030-жылга чейин таштандыны сорттоо, таштандыны туура эмес жок кылуу үчүн катаал санкциялар, кайра иштетүүгө жарамдуу таштандыны көмүүгө баскыч-баскыч менен тыюу салуу каралган. Ошону менен бирге таштандыны жок кылуу иштери региондордун деңгээлине өткөрүлө баштады. Бул үчүн федерациянын субъекттери коммуналдык катуу тиричилик калдыктарын иштетүүнүн аймактык схемаларын даярдашууда. Бул схемаларда таштандыны Орусия Федерациясынын субъекттеринин аймагында белгиленген мөөнөттүн ичинде жыйноо, ташып жеткирүү, жок кылуу, зыянсыздандыруу жана көмүү каралган. Андан соң аймактык схемалар аткаруу бийлигинин федералдык органынын Орусия Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу тийиштүү аймактык органдары менен макулдашылат. Ошентип Орусиянын борбордук бийлиги КТКны өлкөнүн аймагында башкаруунун жыйынтыгы үчүн өзүнө жоопкерчилик алууда. Муну менен бул маселе улуттук масштабда болгону белгиленүүдө. Бирок КТКнын коммерциялык сырьелук потенциалын эсепке алуу менен, Орусия Федерациясы реформаны негизинен бюджеттен тышкаркы каражаттардын, анын ичинде жеке инвестициялардын эсебинен ишке ашырууну пландап жатат.

3-сүрөт. Бир полигон тейлеген адамдардын саны

КТКны башкаруунун ушул өңдүү схемалары Европа өлкөлөрүндө, анын ичинде мурдагы социалисттик блокко кирген өлкөлөрдө да барган сайын көбүрөөк колдонула баштады. Мисалы, Латвияда КТК маселеси башкаруу деңгээлдерине бөлүштүрүлүп берилген: муниципалитеттер таштандыны жыйноо жана чыгаруу ишин жүзөгө ашырат, ал эми ЖӨБ органдары акционердик коом түрүндө түзгөн регионалдык ишкана болсо таштандыны жок кылат. Мындай ишкана өкмөттүн колдоосунда муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын негизинде түзүлгөн. Ошону менен бирге акыркы ондогон жылдары көптөгөн өлкөлөрдө КТКны башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзам чыгаруу базасы олуттуу түрдө өзгөрдү. Себеби азыркы кырдаал ошону талап кылууда: топтолгон таштандынын көлөмү өсүп жатат, экологиялык коркунуч жана коммерциялык баалуулугу жогорулады; таштандыны жок кылуу иштери боюнча ыйгарым укуктар бөлүштүрүлө баштады, таштандыны жок кылуу чөйрөсүндө технологиялар өнүгүүдө ж.б.

Кыргыз Республикасында 2001-жылдын 13-ноябрындагы №89 “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенине карабастан (өзгөртүүлөр 2018-2019-жылдары киргизилген), Мыйзам бул көйгөйдү натыйжалуу чечүүгө көмөктөшкөн ченемдерди камтыбайт. Айталы, 4-берене бул чөйрөдөгү бардык ыйгарым укуктарды жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын да ыйгарым укуктарына киргизген. Мунун натыйжасында мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин чыгаша милдеттенмелери кайрадан аралашып калып, таштандыны жыйноо, чыгаруу жана жок кылуу үчүн жооптуу болгон органды аныктоого жол бербей жатат. Ошону менен бирге бул берене КТКны башкаруу боюнча аймактык пландарды иштеп чыгуу зарылчылыгын белгилейт. Бирок мыйзамда планды даярдап, аткаруу тартиби көрсөтүлгөн эмес. Мындан улам бул ченемдин пайдасы жок болуп, ал иштебей калууда. Жалпысынан 4-берене бийлик органдары тарабынан КТКны башкарууну уюштурууга байланышкан жалгыз берене бойдон калууда. Жоопкерчиликти чектеп, кайталаганы үчүн анын мазмуну бул чөйрөдөгү башкаруу системасын талаптагыдай түзүүгө жол бербей келатат.

Орусия Федерациясында КТКны башкаруу реформасынын этаптары

1. Өлкөнүн ар бир регионунда калдыктарды иштетүүнүн аймактык схемаларын даярдоо жана макулдашуу.

2. Калдыктарды иштетүүнүн бардык цикли үчүн жооптуу болгон регионалдык операторлорду тандап алуу.

3. Калдыктарды иштетүү боюнча кызмат көрсөтүүгө регион боюнча бирдиктүү тарифти белгилөө.

4. Региондордо калдыктарды жок кылуу боюнча заман талабына жооп берген жогорку технологиядагы комплекстерди түзүү.

5. Бул чараларга параллелдүү региондордо таштандыны өз-өзүнчө сорттоону киргизүү да пландалып жатат.

Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктары

Калдыктар менен иштөө жаатындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

• калдыктар менен байланышкан апааттарды, авариялардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү;

• калдыктар менен байланышкан апааттардын, авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;

• калдыктар менен иштөө жаатындагы региондук программаларды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу, ошондой эле мамлекеттик программаларды аткаруу;

• калдыктар менен иштөө жаатында өздөрүнүн аймагында жайгашкан ишканалардын жана уюмдардын ишине контролдук кылуу;

• калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү жана көмүү боюнча жаңы объекттерди курууну, иштеп жаткан объекттерди кеңейтүүнү жана реконструкциялоону каржылоо үчүн юридикалык жана жеке жактардын, жергиликтүү бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын чогултууну уюштуруу;

• калдыктарды чогултуунун сарамжалдуу тутумун уюштуруу, ал компоненттерди өзөзүнчө чогултууну (тамак-аш калдыктары, түстүү жана кара металл, текстиль, айнек, кагаз жана башкалар), калдыктарды сактоону, дайыма ташып чыгууну, зыянсыздандырууну, утилдештирүүнү, ошондой эле ведомствого караштуу аймакты кайра культивациялоону карайт;

• калкты калдыктар менен иштөө, алардын сакталышынын абалы жана региондо кайра иштетүү боюнча маалымат менен кабардар кылуу. 2001-жылдын 13-ноябрындагы №89 “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Мыйзамдын 4-беренеси

Ошентип, КТКны башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жаралган маселелер белгилүү болуп турат: башкаруу деңгээлдери ортосундагы жоопкерчилик анык эмес; КТКны башкаруу чөйрөсүндөгү башкаруу деңгээлдеринин жоопкерчилиги чабал жөнгө салынган ж.б.

КТКны башкаруу реформасына карата сунуштар 

Реформанын максаты – таштанды Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгына, өмүрүнө, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө коркунуч жараткандай кырдаалдын түзүлүп калуусунан болочок муунду сактап калуу. Реформанын милдеттери: калдыктарды өзөзүнчө чогултууну киргизүү, таштандыны талапка ылайык жок кылбоо үчүн катаал санкцияларды киргизүү, кайра иштетүүгө жарактуу калдыктарды көмүүгө тыюу салууну баскыч-баскыч менен киргизүү ж.б. Бул узак мөөнөткө созулган, масштабдуу, капиталды талап кылган реформа болот. Буга байланыштуу реформаны ишке ашырууну төрт этапка бөлүп алыш керек. КТКны башкаруу системасын кайра куруп чыгып, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизээрден мурда КТКны башкаруу механизмин пилоттук режимде киргизүүнү жүзөгө ашыруу зарыл. Бул механизм жоопкерчиликти бөлүштүрүүнүн жаңы принциптерине негизделет. Орусия Федерациясынын, Латвиянын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуп, пилоттук облуста КТКны башкаруунун аймактык же регионалдык планын даярдап чыгыш керек. Пилоттук катары Ысык-Көл облусун тандап алуу сунушталат. Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, жогоруда айтылгандай, Ысык-Көл облусунда КТКны иштетүүгө карата жагымсыз кырдаал байкалууда. Экинчиден, Ысык-Көл облусу Кыргыз Республикасындагы рекреациялык туризмди өнүктүрүүнүн флагманы болуп саналат. Бул демек, бир жагынан таштанды маселеси туризмге терс таасирин тийгизүүдө, экинчи жагынан туристтик агымдын эсебинен топтолгон таштандынын көлөмү ыкчам көбөйүп жатат. Үчүнчүдөн, Ысык-Көл облусу табигый калыпта түптөлүп калган бирдиктүү регион.

КР Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун аймагында 82 полигон орун алган. Алардын ичинен 8 пайызы гана (7 полигон) жарым-жартылай мыйзамдуу статуска ээ (мамлекеттик үлгүдөгү актылар бар). 22 полигондун аянты бир гектардан ашат. Болгону жети полигондо мамлекеттик үлгүдөгү акт бар. Дээрлик бардык полигондор СССР заманынан бери иштеп жатканын белгилей кетели. Мындан улам заман талабына ылайык стандарттар боюнча (бүгүнкү күнгө карата) уруксат берүүчү документтерди мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдары кайра эле кайталап чыгарууда. Облус боюнча жалпысынан күмөндүү полигондор 108,8 гектар жерди ээлейт, негизинен бул – айыл чарба багытындагы жерлер. Ысык-Көл облусунда калдыктарды башкаруунун регионалдык планынын максаттары – экономикалык өсүштү тездетүүнүн эсебинен таштандынын кар көчкү сымал пайда болуусун алдын алуу, таштандынын жалпы санын бир кыйла кыскартуу; калдыктарды көмүү ишин ирээтке келтирүү; калдыктарды жок кылуу жана кайра иштетүү чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу; туш келди жерде, уруксатсыз пайда болгон таштанды жайлардын санын кыскартуу; адамдардын жана уюмдардын калдыктарга карата мамилесин өзгөртүү (таштандыны сорттоо, кызмат көрсөтүү үчүн өз убагында төлөө, мыйзам бузса айып төлөө); бул тармакта жаңы жумуш орундарын түзүү. Мына ушул максаттарга жетүү үчүн план бир катар ырааттуу иш-аракеттерди камтышы керек:

калдыктардын эч көзөмөлсүз пайда болуу себептерин жок кылуу, анын ичинде ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жолу менен;

• калдыктардын санын (көлөмүн) жана коркунучун азайтуу;

• калдыктарды кайра иштетүү жана өрттөө үчүн шарттарды түзүү;

• калдыктарды калктын өмүрүнө жана саламаттыгына, айлана-чөйрөгө жана адамдардын мүлкүнө коркунуч келтирбей тургандай жок кылуу;

• жабык жана мыйзамсыз полигондордун рекультивациясын камсыз кылуу.

Ысык-Көл облусунда калдыктарды башкаруунун регионалдык планы бери дегенде 10 жылга (2020-2030-жылдарга) иштелип чыгып, төмөнкүдөй бөлүмдөрдү камтышы керек:

• калдыктарды иштетүүнүн регионалдык планын камтыган региондун сүрөттөлүшү, анын максаттары жана бул максаттарга жетүү чаралары,

• калдыктарды иштетүүнүн мүнөздөмөсү, анын ичинде бул багытта жасалган анализ (пайда болгон, чогулган, калыбына келген жана жок кылынган калдыктар, алардын саны жана булактары тууралуу маалыматтар);

• калдыктардын агымын божомолдоо;

• калдыктарды кайра колдонууга, аларды иштетүүгө, жок кылууга жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбегендей көмүүгө даярдыкты жакшыртуу үчүн көрүлүшү керек болгон чаралар;

• калдыктарды иштетүү системасынын өнүгүүсүн баалоо, анын ичинде калдыктарды өз-өзүнчө сорттоо үчүн зарыл болгон кошумча инфраструктура, калдыктарды жыйноо же жок кылуу үчүн жаңы жабдууларга зарылчылык, мыйзамсыз полигондорду жабуу, жабдуулардын көлөмү жана алар орнотулчу жерлерге коюлган критерийлер;

• калдыктарды иштетүү боюнча регионалдык планды ишке ашыруу үчүн жооптуу мекемелер;

• калдыктарды иштетүү боюнча регионалдык планда каралган чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каржылоо, анын ичинде техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдар;

• планды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, калдыктарды иштетүү жаатындагы ченемдик-укуктук базаны өзгөртүүгө карата коюлган талаптар.

Калдыктарды иштетүү боюнча регионалдык план муниципалдык калдыктар тууралуу маалыматтарды да камтышы керек. Анын ичинде: биобузулуучу калдыктар, өндүрүштүк, кооптуу, мунай продукттары, батареялар жана аккумуляторлор, электр жана электрондук жабдуулардын калдыктары, колдонуу мөөнөтү бүткөн транспорт каражаттары, медициналык жана ветеринардык дарылар, полихлордолгон бифенилдер жана полихлордолгон терфинелдер, курулуш таштандылары. Ысык-Көл облусунда алынган тажрыйбага таянуу менен, катуу тиричилик калдыктарын иштетүү тууралуу мыйзамдын жаңы редакциясын даярдоо зарыл. Бул мыйзам айлана-чөйрөнү, адамдын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо үчүн калдыктарды иштетүүнүн жол-жоболорун толук камтышы керек. Бул максатка калдыктарды кыскартуу, аларды сорттоо, кайра иштетүү, ошондой эле жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга көмөктөшүү жана жок кылынуучу калдыктардын санын азайтуу жолу менен жетсе болот. Бул мыйзам болжол менен төмөнкүдөй бөлүмдөрдү камтышы мүмкүн:

• КТКны иштетүү чөйрөсүндө мамлекеттик бийлик органдарынын компетенциясы;

• КТКны иштетүү чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы;

• калдыктарды иштетүү планы жана таштандынын пайда болуусун кыскартуу программасы;

• калдыктарды жөнгө салууну жана муну текшерүүнү жөнгө салуу;

• таштандынын пайда болуусу үчүн жооптуулардын милдеттери;

• калдыктардын айрым түрлөрүн иштетүүгө карата талаптар;

• калдыктарды иштетүү үчүн акы;

• калдыктарды чек аралар аралык ташуулар.

Ысык-Көл облусунда алынган тажрыйбага жана жаңы мыйзам чыгаруу базасына таянуу менен Кыргыз Республикасынын бардык аймактары үчүн Калдыктарды иштетүү боюнча регионалдык планын даярдап, андан соң аларды өкмөттүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жеке бизнестин катышуусу менен аткарыш керек.

Катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу”, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорлору жана Өнүктүрүү саясат институту чогуу даярдаган сунуштар

Окшош материалы: