Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Латвиянын Өз алдынча башкаруулар ассоциациясынын делегациясы Кыргыз Республикасына келди

2018-08-20 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Латвиянын Өз алдынча башкаруулар ассоциациясынын делегациясы Кыргыз Республикасына келди

2018-жылдын 17-августун 20-августуна чейинки мезгил аралыгында Латвия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) колдоосу менен Латвиянын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар ассоциациясы Кыргызстанга келип кетти. Сапардын максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу, өнүгүү жолдору, ийгиликтер жана алынган сабактар өңдүү чөйрөлөрдө тажрыйба алмашуу; Латвиянын ЖӨБ Ассоциациясынын иши; административдик-аймактык реформа (ААР) менен таанышуу.

Делегациянын курамына төмөнкү адамдар кирди:
 
  • Гинтс КАМИНСКИС (Mr. Gints KAMINSKIS) - Латвиянын Өз алдынча башкаруулар Ассоциациясынын төрагасы (LALRG)
  • Мудите ПРИЕДЕ (Mrs. Mudite PRIEDE) – Ассоциациянын баш катчысы (Secretary General of the LALRG)
  •  Хардижс ВЕНТС (Mr. Hardijs VENTS) – Пэргауж муниципалдык кеңешинин төрагасы (Chairman of Pārgauja municipality council (Vidzeme region))
  • Тэлис ШЕЛЕНГОВС (Mr. Tālis ŠELENGOVS) - Амата муниципалдык кеңешинин вице- төрагасы (Vice Chairman of Amata municipality council (Vidzeme region))
  • Элита КРЕССЕ (Mrs. Elita KRESSE) – LALRG долбоордук менеджери
Делегация бир катар жолугушууларды өткөрдү. Коноктор Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппаратынын, КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамагенттиктин (ЖӨБЭММА) өкүлдөрү, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жана Ысык-Көл облусундагы Кара-Ой айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен жолугушту.
20-августта Бишкекте Латвиянын Өз алдынча башкаруулар Ассоциациясынын өкүлдөрү жана Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар чөйрөсүндөгү эксперттери катышкан семинар өттү. Семинарга Кыргыз Республикасынын Өкмөт
аппаратынын, КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамагенттиктин (ЖӨБЭММА) өкүлдөрү, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Финансы министрлигинин, КР ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү жана журналисттер катышты. Семинарды LALRG Ассоциациясынын Кыргызстандагы өнөктөшү – Өнүктүрүү саясат институту уюштурду.

Семинардын жүрүшүндө LALRG Өкмөт, мамлекеттик органдар жана Парламент менен өз ара аракеттенүү боюнча өз иши тууралуу айтып беришти. Ошондой эле төмөнкү уюмдардын мүчөлөрү менен жасалган иштер тууралуу да маалымат берилди: “Латвиянын Өз алдынча башкаруулар Ассоциациясы жана өкмөттүн жергиликтүү өз алдынча башкаруулар менен саясий диалогу”, баяндамачы: Мудите ПРИЕДЕ, Латвиянын Өз алдынча башкаруулар Ассоциациясынын Башкы
катчысы;“Латвиядагы административдик-аймактык реформа жана бул реформада Ассоциациянын ролу”, Гинтс КАМИНСКИС, Латвиянын Өз алдынча башкаруулар Ассоциациясынын төрагасы.
 
Латвиядагы административдик-аймактык реформа жана бул реформада Ассоциациянын ролу тууралуу баяндама катышуучуларда өзгөчө кызыгууну жаратты. Баяндаманын соңунда маморгандардан, ЖӨБ Союзунан жана башка катышуучулардан өтө көп суроолор түштү. Латвиянын Өз алдынча башкаруулар Ассоциациясы менен КР ЖӨБ Союзу ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум семинардын жыйынтыктоочу бөлүгү болуп калды.

 

Окшош материалы: