Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Токтогул районунун үч муниципалитетинде жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөр оңолду

2018-04-27 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Токтогул районунун үч муниципалитетинде жергиликтүү  деңгээлде кызмат көрсөтүүлөр оңолду

2018-жылдын 23-апрелинде Токтогул районунун үч муниципалитетинде – Жаңы-Жолдо, Токтогулда жана Торкенде жергиликтүү деңгээлде жакшыртылган кызмат көрсөтүүлөрдүн бет ачары өттү.

Бул иш-чара Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу”долбоорунун алкагында уюштурулду. Буга чейин жогорула аталган муниципалитеттер долбоордун алкагында өткөрүлгөн Кызмат көрсөтүүлөрдү Жакшыртуу боюнча Иш-аракеттер Планын (КЖАП) тандаган конкурста жеңүүчү болушкан. КЖАП – бул системалуу усул, ал артыкчылыктуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аныктап алууга, ошондой эле аларды уюштуруу жана аткаруу иштерин пландап, жакшыртууга жардам берет.
 
Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуунун жалпы суммасы 8 292 440 сомду түздү, алардын ичинен 2 300 240 сому муниципалитеттерди өз салымы. Жаңы-Жол айылында долбоордун алкагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү менен алектенген “ДЕКО” муниципалдык ишканасына колдоо көрсөтүлдү. КЖАПтын алкагында Жаңы-Жол айылында долбоордун методикасы боюнча таштанды чыгаруу үчүн тарифтер кайра каралып чыкты. Тарифтер коомдук угуулардын жүрүшүндө калк менен макулдашылды. Кайрадан эсептөөлөрдөнкийин таштанды чыгарууга тариф бир адам үчүн айына 6,2 сомду түздү.
 
Буга чейин ар бир кожолуктан айына 59 сом алынчу. Мунун ичинен 9 сом субсидия түрүндө муниципалитеттин бюджетинен төлөнчү. Ошондой эле муниципалдык ишкананын ишине мониторинг жүргүзүп, өз сунуштамаларын бере турган мониторинг жана баалоо боюнча атайын топ түзүлдү. Мындан тышкары “ДЕКО” муниципалдык ишканасы ТКЧ субъекттерин ыкчам ремонттоп, профилактика жүргүзчү атайын техника сатып алды. “Бул техника ТКЧ шарттарын жогорку деңгээлде камсыз кылууга жардам берет. Биз муниципалдык жолдорду жана суу түтүк трубаларын оңдой алабыз. Муну менен калкты ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылабыз”, - деп белгиледи “ДЕКО” муниципалдык ишканасынын директору МЕКИШОВ Арстанаалы.
 
Токтогул шаарында долбоордун алкагында таштанды чыгарууга тарифтер кайра каралып чыгып, эсептөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин 18 сомду түздү. Мунун ичинен 10 сомуна жергиликтүү бюджеттен субсидия берилет. Мындан тышкары муниципалитет 4 884 000 сомго Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыкты, анын ичинен 1 450 000 сому муниципалитеттин өз салымы. Аталган пландын алкагында “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасы 3 434 000 сом көлөмүндө грант алды. КЖАПты ишке ашыруунун алкагында муниципалдык ишкана кыш мезгилинде кар тазалап, тайгак жолдорго кум сээп, ошондой эле жолдорду тазалап, сугарып, коркунуч жараткан бактарды кыюу үчүн атайын техника сатып алды.
 
Ошондой эле Токтогул шаарында балдардын муниципалдык чыгармачыл үйү оңдолду. Бул үйдө балдар комуз черткенди, англис тилин үйрөнүп, бийге катыша алышат. Мындан тышкары КЖАПты ишке ашыруунун алкагында компьютерлер, түстүү принтерлер, интерактивдүү такталар, бий студиясына күзгүлөр сатып алынды. Торкен айылында Т.Ашыралиев жана Т.Жундубаев атындагы мектептердин кенже класстарынын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу иши оптималдаштырылды. Буга чейин бул мектептерде канализация болгон эмес. Мунун айынан балдар тамактанаар алдында колдорун жууй албай келишкен.
 
Тамак жасоо үчүн жабдуулар да болгон эмес. Ал эми 1968-жылы курулган Т.Ашыралиев атындагы орто мектептин имаратынын абалы өтө начар болчу. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жардамы менен имарат оңдолуп, зарыл жабдуулар сатып алынып, канализация өткөрүлдү. “Мурда мамлекет башталгыч класстардын окуучуларынын тамактануусуна бөлүп келген 10 сом рационалдуу пайдаланылган эмес. Окуучуларга бул акчага чай жана токоч берилчү. Токочтор мектептен 35 км алыстыкта иш алып барган жеке өндүрүшчүлөрдөн сатып алынчу.
 
Эми бардык зарыл жабдуулар колубузга тийгенден кийин биз окуучуларыбызды жакшы ысык тамак менен камсыз кылып жатабыз”, - деп айтты Т.Ашыралиев атындагы мектептин директору. Жалпысынан республика боюнча Долбоор кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча 38 ишаракеттер планына колдоо көрсөттү. Мындай колдоонун жалпы суммасы 129 миллион сомдон ашты. Болгондо да муниципалитеттердин өз салымы дээрлик 32 миллион сом болуп, 24% түздү. Жакшыртылган кызмат көрсөтүүлөрдүн арасынан таза сууга туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча тогуз демилгени, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча 12 кызмат көрсөтүүнү, муниципалитеттерди көрктөндүрүү боюнча алты планды ж.б. белгилей кетиш керек.

 

Окшош материалы: