Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалитетти көрктөндүрүүдөн түшчү пайданы кантип эсептеш керек жана көчөлөрдүн ремонту шаарга жана анын экономикасына кандай таасирин тийгизет?

2018-04-20 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Муниципалитетти көрктөндүрүүдөн түшчү пайданы кантип эсептеш керек жана көчөлөрдүн ремонту шаарга жана анын экономикасына кандай таасирин тийгизет?

Өнүктүрүү саясат институту “Шаар демилгелери” коомдук бирикмеси менен биргеликте Strelka Institute for Media, Architecture and Design аттуу Шаардык экономика борборунун жетекчиси Елена КОРОТКОВАнын көчмө лекциясын уюштурду.

2018-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында (КРПМБА) лекция өттү. Буллекция “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги – 2018” жаш изилдөөчүлөрдүн IV илимий-практикалык конференциясына докладдардын конкурсунун жана Мыкты муниципалдык практикалардын V Эл аралык форумунун алкагында уюштурулду. Иш чарада “Стрелка” КБ Шаардык экономика борборунун жетекчиси Елена КОРОТКОВА1 баяндама жасады. Лекцияга докладдар конкурсунун катышуучулары, шаарды көрктөндүрүү жана пландоо чөйрөсүндөгү эксперттер, КРПМБАнын магистранттары жана студенттери катышты.
 
КОРОТКОВА шаарды көрктөндүрүүдөн түшчү пайданы кантип эсептеп чыкса болоорун жана көчөлөрдүн ремонту шаарга жана анын экономикасына кандай таасирин тийгизе алаарын айтып берди. Түшүнүктүү болушу үчүн тема төмөнкүдөй бөлүмдөргө бөлүштүрүлгөн: Орусиянын шаарларында бюджетке байланышкан окуялар, шаарлар өз тургундарына канча акча сарптайт, көйгөйдү чечүүдө кандай тенденциялар жана негизги чечимдер бар; шаарды ирээтке келтирүү анын экономикасына кандай таасирин тийгизет. Башкача айткада, коомдук мейкиндикти көрктөндүрүүдөн кандай эффект болот жана ким пайда табат; кандай массалык иш-чаралар жана чоң окуялар шаардын экономикасына таасирин тийгизет.
 
КӨРКТӨНДҮРҮҮДӨН ЭФФЕКТТЕРДИ КАНТИП ЭСЕПТЕП ЧЫКСА БОЛООРУ ТУУРАЛУУ 5  ТЕЗИС Шаар бийлиги бир нерсени капиталдык түрдө куруп же оңдой баштаганда адатта коомчулуктун сынына кабылат. “Ушундан көрө мугалимдердин жана дарыгерлердин маянасын жогорулатып, жетимдерге жардам беришсе болмок” деген өңдүү сындар айтыла баштайт. Жыйынтыктар көзгө көп урунбай, ынандыра албай жаткан чакта бийлик өз чечимдерин жакшылап түшүндүрүп, негиздеп берүү үчүн далилдүү база бере албай кыйналат.
 
АДАМДАР СӨЗГӨ КАРАГАНДА САНДАРГА КӨБҮРӨӨК ИШЕНИШЕТ. Көрктөндүрүүнүн эффекттерине экономикалык анализ жана баалоо жүргүзүү тигил же бул чечимдер калаага жана шаардыктарга узак мөөнөттүү перспективада кандай пайда алып келээрин эсептеп чыгууга жардам берет. “Жаңы асфальт жана жер алдындагы коммуникациялар” тууралуу аткаминерлердин сөздөрүнө караганда акча менен эсептелинген эффекттер бир кыйла ынанымдуу болот.
 
БААРЫ ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШТА ТУРАТ. Көчөлөрдү көрктөндүрүү – бул ремонт жана көзгө урунган өзгөрүүлөр жөнүндө гана эмес. Көрктөндүрүү экономиканын бүтүндөй тармактарын жандандырып, кыймылсыз мүлк рыногуна жана колдонуучулардын профилине таасирин тийгизиши ыктымал. Москвадагы көчөлөрдү реконструкциялап жатканда чоң көлөмдөгү гранит таштарына болгон керектөө бул аймакта гранит таштарын чыгаруу боюнча заводдордун ишин жандандырды. Башкача айтканда, адамдар жумушка алынып, заводдор өздөрүнүн өндүрүштүк фонддорун, техникасын жаңылашты. Булкөрктөндүрүүдөн түшкөн экономикалык пайда.
 
АРТЫКЧЫЛЫКТАРДЫН АЛМАШУУСУ. “Менин көчөм” программасы жөнүндө. “Менин көчөм” – бул көчөлөрдү автоунаа жүргөндөн жөө жүргүнчүлөрдүн трафигине өзгөрткөн программа. Москва айдоочуларга согуш жарыялады жана муну жашырган жок. Ондогон көчөлөр тарытылып, машине токтотууга тыюу салынып, тротуарлар кеңейтилип, бак-дарактар отургузулуп жатат. Долбоордун авторлору жөө жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугуна жана коопсуздугуна басым жасашты. Артыкчылыктарды алмаштыруу мейкиндикти пайдалануу моделине таасирин тийгизди. Адамдардын агымы көбөйдү. Колдонуучулардын портрети өзгөрдү: жөө жүргүнчүлөрдүн трафиги биринчи кезекте массалык товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө багыт алган орто класстын өкүлдөрүнүн эсебинен уламөсүп жатат. Башка бир маанилүү эффект – ваканттуулуктун төмөндөшү. Коммерциялык кыймылсыз мүлктүн ижарасына суроо-талап оңолуп, бош жаткан имараттардын саны кыскарды.
 
ИНСТАГРАМ АНАЛИЗДИН АСПАБЫ КАТАРЫ. Адамдар барган сайын көбүрөөк коопсуз, жарык жана кызыктуу жерлерде сүрөткө түшө башташты. Социалдык тармактардын колдонуучулары ушундай жерлерден сүрөттөрдү геотегдер (жердин дареги) менен кошо чыгарып жатышат. Аналитиктер бул маалыматтарды көрктөндүрүүнүн таасирине анализ жасоо үчүн колдонушууда. Жеринде тартылган сүрөттөр канчалык көп болсо, ал жер ошончолук белгилүү болууда. 
 
САБЫРДУУЛУК. МААЛЫМАТТАР. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ФАКТОРЛОРДУ ЭСКЕ АЛУУ. Көрктөндүрүүгө анализ жасоо убакытты жана аны системалуу түрдө жүргүзүп турууну талап кылат: көрктөндүрүүгө чейин жана андан кийин, бир жыл, эки жылдан соң... Маалыматтар абдан маанилүү. Аларды чогултуп, талдаганды үйрөнүш керек. Маалыматтар кабыл алынган чечимдер канчалык туура болгонун баамдоо үчүн да керек. Маалыматтар өзгөрүүлөрдүн динамикасын көрүп, жумуштардын сапатын андан ары жакшыртуу үчүн далил базаны түзүүгө жардам берет.
 
Көрктөндүрүүнүн эффекттери тууралуу кеңири макаланы төмөнкү шилтеме боюнча окуй аласыз: https://strelka.com/ru/magazine/2016/09/13/cityeconomi
__________________________________________________
Елена Короткова, “Стрелка” КБ Шаардык экономика борборунун жетекчиси. 2007-жылдан бери шаар экономикасы, шаардык кыймылсыз мүлктү өнүктүрүү, шаар жерлерин, муниципалдык финансыны жана шаар укуктары маселелерин башкаруу жаатында долбоорлоо жана изилдөө иштерин жүргүзүп келатат. MIT, Harvard University, Cambridge University, Technion — Israel institute of Technology, UN-Habitat, Jones Lang LaSalle өңдүү орусиялык жана эл аралык алдыңкы университеттер менен уюмдарда иш тажрыйбасы мол. 2016-жылдан бери “Стрелка” КБ Шаардык экономика борборун жетектеп келатат.

 

Окшош материалы: