Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдары мамлекеттик социалдык заказды социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн башкаруучулук аспабы катары колдонгонду үйрқнүшүүдү

2018-04-23 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
ЖӨБ органдары мамлекеттик социалдык заказды социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн башкаруучулук аспабы катары колдонгонду үйрқнүшүүдү

Мамлекеттик социалдык заказды колдонууга кызыкдар болгон ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин потенциалын күчтөндүрүү” Долбоорунун алкагында тренингдер уюштурулду.

Бул тренингдер “Жергиликтүү деңгээлде социалдык кызмат көрсөтүүлөр” жана “Жамааттардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарын жана керектөөлөрүн аныктоо. Мамлекеттик социалдык заказдын программасы” деген темаларга өттү.
 
Катышуучуларга КР мамлекети тарабынан кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, берилген ыйгарым укуктардын алкагындагы кызмат көрсөтүүлөр, жергиликтүү маанидеги маселелер, мамлекеттик социалдык заказдын түшүнүгү, МСЗ боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун алгоритми жөнүндө маалыматтар берилди.
 
Кызмат көрсөтүүлөр боюнча теманы карап жаткан маалда катышуучулар бир нече суроолордуузатышты. Мисалы, эмне үчүн ЭСӨМ социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына өткөрүп бербейт? Жаңы конуштарда социалдык көйгөйлөрдү чечүүнү кантип уюштурса болот? Эгерде бул чөйрөдөгү ыйгарым укуктар ЭСӨМдө гана болсо, жер-жерлерде социалдык өнүгүүнүн жыйынтыктарына кантип жетсе болот? Балдардын өнүгүүсүнө комплекстүү мамилени социалдык жана билим берүү ведомстволорго бөлүп берүү менен муну кантип камсыз кылса болот?
 
Жамааттын муктаждыктарына жана керектөөлөрүнө изилдөө жүргүзүүнүн усулдары боюнча катышуучулар ЖМБА усулдары менен таанышып чыгышты: фокус-топту уюштуруп, аны өткөрүүнүн жолдору, “Көйгөйлөр галереясы”, себептик-натыйжа байланыштары усулдарын пайдаланганды үйрөнүштү. Ошондой эле катышуучулар изилдөө боюнча отчетту даярдоонун формасы менен таанышып, изилдөөнүн жыйынтыктарын сайтта же маалымат тактасында жарыялоо эмне үчүн зарыл болгонун билишти.
 
Тренингдин экинчи күнү “Жамааттардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарын жана керектөөлөрүн аныктоо. Мамлекеттик социалдык заказдын программасы” деген темада өттү. Анын жүрүшүндө катышуучулар биринчи күнү чакан топтордо даярдаган ишинин жыйынтыктары менен тааныштырышты. Мында алардын алдына тапшырма коюлду – жамааттын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн аныктоо боюнча иш-чараларды пландоо процессинде пайда болгон көйгөйлөрдү сүрөттөп берүү.
 
Катышуучулар жамааттын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын жана керектөөлөрүн изилдөө усулдары менен таа-нышып, фасилитация, МСЗ программасын даярдоо жана МСЗ программасын ишке ашыруу боюнча планды даярдоо көндүмдөрүн өздөштүрүштү.

Окшош материалы: