Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЭСӨМ мамлекеттик социалдык заказдын аткарылышына мониторинг жана баалоо системасын түзүүдө жардам алды

2018-04-25 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
ЭСӨМ мамлекеттик социалдык заказдын аткарылышына мониторинг жана баалоо системасын түзүүдө  жардам алды

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин (ЭСӨМ) Борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү коомдук пайдалуу долбоорлорго мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасын түзүүнүн жана колдонуунун өзгөчөлүктөрү менен таанышып чыгышты. Тренинг КР Өкмөтүнүн №814 Токтому менен бекитилген “Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну контролдоо, мониторингдөө жана баалоо тартибин” жайылтуу жана аткаруу боюнча ЭСӨМге көмөк көрсөтүү максатын көздөдү

Эки күндүк тренингдин жүрүшүндө катышуучулар тренерлер менен биргеликте мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамды кабыл алуунун, коомдук пайдалуу долбоорлорго мониторинг жанабаалоо жүргүзүү зарылчылыгынын натыйжасында пайда болгон жаңы башкаруучулук практиканын түзүлүшү менен таанышып чыгышты; “Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну контролдоо, мониторингдөө жана баалоо тартиби” документи менен таанышты;
 
ЭСӨМдин мониторинг жана баалоо системасын, аны жүргүзүүдө бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүү тартибин жана негизги принциптерин карап чыгышты. Ошондой эле тренингдин катышуучулары бөлүмдөрдүн натыйжалуулугунун индикаторлорун аныктоо маселелерин жана мониторинг менен баалоодо колдонулган коомдук пайдалуу долбоорлордун милдеттерин карап чыгышты. Катышуучулар алган билимин практикада бекемдеп алышты. Алар мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө баа берүү индикаторлорун пландоодо, даярдоодо жана формулировкалоодо бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү боюнча, ЭСӨМдин МжБ моделин талкуулоо жана ишке ашыруу боюнча, жыйынтыктарга анализ жасап, сунуштамаларды даярдоодо бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсү боюнча топтук иштерди аткарышты. Топтун өкүлдөрү бул сунуштамаларды тартуулагандан кийин аны бардык катышуучулар чогуу талкуулашат.
 
“Экинчи күндүн соңунда биз катышуучулар менен биргеликте социалдык долбоорлорго мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн күтүлгөн жыйынтыктарды, тапшырмаларды жана индикаторлорду аныктап алдык. Ошондой эле социалдык заказдын алкагында ишке ашырылган коомдук пайдалуу долбоорлорго мониторинг жана баалоонун жыйынтыктары боюнча чечимдерди кабыл алуунун жана жыйынтыктарды жайылтуунун принциптерин карап чыктык”, – деп айтты Өнүктүрүү саясат институтунун тренери Нурдин КҮМҮШБЕКОВ.
 
Ошондой эле тренингдин жүрүшүндө катышуучулар мониторинг жана баалоону аймактык бөлүмдөр менен өз ара аракеттенүү ракурсунан жүргүзүүнүн тартибин карап чыгышты. Жаңы билимдин теориялык бөлүгүн алгандан кийин катышуучулар тренерлер менен биргеликте анкетаны карап чыгышты жана сурамжылоо жүргүзүүнүн принциптери менен таанышты. Бул үчүн сурамжылоо жүргүзүлүп жаткандай оюн ойношуп, кезек кезеги менен интервью алуучу жана интервьюердин ролун аткарышты. Тренингдин финалдык бөлүгүндө катышуучулар MS Excel форматында дайындар базасын биргелешип толтуруу процесси менен таанышты. Ар бир катышуучу үй тапшырмасы катары базаны өз алдынча толтуруп чыкты.
 
 

Окшош материалы: