Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

МУСА ЖУСАЕВ, НАРЫНДЫН ШААРМАНЫ: ШААРДЫК КӨРКҮ ӨЗ КОЛУБУЗДА

2017-04-20 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы

«Биз өз Кыргызстаныбыз үчүн эмне­лерди жасадык?» – чыныгы ша­арман Муса Жусаев дал ушул су­роону өзүнө жана айлана-тегерегиндегилерге да көп берет.

«Нарын шаарынын ардактуу адамы», «Дор­дой» Ассоциациясынан «Ак жүрөк» сыйлыгы – мындай сыйлыктар Нарындын өнүгүүсүнө салым кошкон адамдарга тапшырылат. Муса Жусаев да ушундай сыйлыктардын ээси. Ал Нарында төрөлүп, өсүп, шаар таза, кооз жана ыңгайлуу болушу үчүн колдон келгендин баарын жасап келатат. Эмгек жолун айдоочу катары баштап, андан кийин шаардын өрт өчүрүү кызматында иштеп калган. Пенсияга чыкканда үйүндө алакан жайып отура алган жок. Анын үстүнө үй-бүлөнү да камсыздаш керек болчу жана ишкерчилик ме­нен алектене баштаган. Ал шаардыктардын эс алуу жерлерин көрктөндүрүү боюнча демилге­лер аркылуу шаарды жакшыртууга өз салымын кошо баштады. Мындай жарандык иш үчүн эмне демилге болду?

Жусаевдин эмгектеринин катарында Нарын шаарынын 64-районундагы революционер Жу­кеев-Пудовкин атындагы аллеяны калыбына келтирүү боюнча долбоорду да белгилей кетүүгө болот. Муса өз демилгеси менен аллеяда отур­гучтарды орнотуп, аймакты эс алуу үчүн көрктөн­дүрүп чыккан. Демилгенин бюджети он миң дол­ларды түзгөн. Ал эми Москва районунда шаарман Муса балдар аянтчасын куруп, учурда ал жерде­ги тартипке, тазалыкка өзү көз салып турат. Ша­ардын табигый кооздугун баса белгилеп турганкызыктуу эстеликтердин бири – бул шаарды ара­лап аккан Нарын дарыясынын жээгиндеги бугу­нун эстелиги. Туристтердин жана шаар коноктор­унун көзү бул эстеликке сөзсүз түшөт жана атүгүл эстеликке сүрөткө түшүп кетишет. Бирок аны ким жана кандай максат менен орнотконун көптөр биле бербейт. Себеби биздин шаарманыбызды өтө кейиткен көйгөйлөрдүн бири – жаныбарлар­ды жок кылуу, өзгөчө бугуларга аңчылык.

Жуса­евдин айтымында, Нарынга башка өлкөлөрдөн, же борбор калаадан “чоңдор” келип, аңчылык кылып кеткен учурлар болгон. Атүгүл жаныбар­лардын этин алып кетип бараткан тикучак жүктүн оордугунан жерге кулап түшүп, кырсыкка учура­ган эки учур катталган. Бул аймактагы экологи­ялык жана экономикалык кырдаалга да өтө чоң таасирин тийгизген. Мисалы, ошол окуялардан кийин Эки-Нарындын тегерегинде токойдо өрт чыкканда тикучак жок болчу (анткени мурдагы эки тикучак авариялык абалда жаткан), өрт кыз­маты “тилсиз жоого” каршы тура албай, токойдун ири бөлүгүн өрт жок кылган. Бул окуя Мусанын эсинде калып, финансылык мүмкүнчүлүгү пайда болоор замат ал Бугу эненин эстелигин тургуз­ган. Бүгүнкү күндө бул эстеликти өзү коргоп, өзү тазалыгына, тегерек-четин көрктөндүрүп турууга көз салып турат. Ал Бугу эне менен бугулардын коргоочусу Кайберенди эстеди:

... “Кожожаш” эсиңердеби!? Бул жөн эмес. Көрсө элибизде Кайберендин каргышы тууралуу ырым бар экен... Жаны­барларды жок кылганын өз көзүм менен көргөм. Эми азыр токтогондой эле болуп калды. Бугу­лар мурда тоолордон түшүп келчү. Аларга кол салына баштаган­дан тарта көрүнбөй калышты. Ошондуктан бугунун эстелигин тур­гуздум...

Муса Жусаев – чы­ныгы шаарман. Ал шаарды абаттоо туу­ралуу гана эмес, ошо­ну менен бирге өсүп келаткан муунга би­лимин, тажрыйбасын, эң негизгиси –шаарга болгон сүйүүнү жана туура мамилени өт­көрүп берүү тууралуу да көп ойлонот. Мунун баарын ал өз мисалы­нын негизинде жетки­рип келет!

Окшош материалы: