Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Швейцария Өкмөтү муниципалитеттер менен ийгиликтүү кызматташтыкты белгиледи

2016-10-28 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы

Баары болуп Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 80 муниципалитети сертификаттар жана атайын тактачалар менен белгиленишти. 2016-жылдын 13-октябрында Шейцариянын Кыргыз Республикасындагы Чукул жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Рене Холенштайн жана Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташтык боюнча агенттигинин директорунун орун басары Элизабет фон Капеллер Жалал-Абад облусунун муниципалитеттерине сертификаттарды, атайын тактачаларды жана белектерди тапшырышты. Бул муниципалитеттер Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташтык боюнча агенттиги каржылаган долбоорлордо гранттарды жана инвестицияларды ийгиликтүү башкарышкан.

Мындан тышкары коноктор Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылдык аймагына барышты. Аталган муниципалитетте ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында 2014-2015-жылдары курулган чакан футбол талаасы бар. Бул объект 2 500 000 сомго курулган, анын ичинен 1 000 000 сомун Долбоор грант катары бөлүп берген.
ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун муниципалитеттин аймагында ишке ашырылышы тууралуу АӨ башчысы Махмуд Маматов айтып берди. Белгилей кетчү жагдай, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Ысык-Көл облусунун 37 муниципалитетин жана Жалал-Абад облусунун 43 муниципалитетин сертификаттар менен сыйлоону чечти.
Бул муниципалитеттер Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгы (SDC) каржылаган эки долбоордо гранттарды жана инвестицияларды ийгиликтүү башкарышкан. Сыйлоо аземи Жалал-Абад шаарында 13-октябрда, ал эми Каракол шаарында 28-октябрда өттү.

Окшош материалы: