Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айылдык ден соолук комитеттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнөктөштүгүнүн жыйынтыктары: алдыга умтулабыз!

2016-08-10 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары

Кыргыз Республикасынын 9 муниципалитетиндеги мектеп жашына чейинки балдар, жаштар жана жалпысынан жергиликтүү калк үчүн шарттарды жакшыртууга 550 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу “Айылдык ден соолук комитеттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнөктөштүгү: жергиликтүү демилге” конкурсунун жыйынтыгын чыгарган Конкурстук комиссия билдирди. Аталган конкурс 2016-жылдын 1-апрелинен 10-майына чейинки мезгил аралыгында өлкө аймагында өткөн. “Баары болуп конкурска 21 муниципалитеттен 22 өтүнмө түштү, - деп айтып берди “Айылдык ден соолук комитеттеринин үнү жана Кыргыз Республикасындагы элет жамааттарынын ден соолук детерминанттары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык жоопкерчилиги” Долбоорунун менеджери Айнура ЖУНУШАЛИЕВА.

– Конкурс ден соолук детерминанттарына байланышкан жергиликтүү маанидеги иштерди чечүүдө жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча эң ийгиликтүү мисалдарды аныктап чыгып, аларга дем берип, алар тууралуу маалыматтарды жайылтуу максатында уюштурулду. Мындан тышкары конкурс айылдык ден соолук комитеттери менен Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкрауу органдары менен өнөктөштүктө иштин алдыңкы усулдарын колдонууга жана ден соолук детерминанттарына байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жаңы ыкмаларын пайдаланууга көмөктөшүү максатын көздөдү”.
 
Бардык өтүнмөлөрдүн мазмуну жана түзүлүшү атайын иштелип чыккан, бирдей салмагы бар тандап алуу критерийлеринин негизинде текшерилди. Конкурстук комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү кирди. Комиссия баа берип, анын негизинде жеңүүчүлөр тан-
далып, байгелер тапшырылды. “АДК менен ЖӨБ өнөктөштүгү: Жергиликтүү демилге» конкурсунун жеңүүчүлөрү болуп төмөнкү өтүнмөлөр табылды:
 
  • 1-орун – “Бала бакча жана мектеп үчүн эмерек сатып алуу” (513 балл), Ош облусунун Ноокат районундагы Н.Исанов АА, 150 000 сомго байге тапшырылды.
  • 2-орун – “Жаштар сейил багын жана ФАПты тосмолоо” (510 балл), Талас облусунун Манас районундагы Кыргызстан АА, 100 000 сомго байге тапшырылды.
  • 3-орун – “Таза суу менен камсыздоо үчүн суутүтүк трубасын сатып алуу” (505 балл), Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин АА, 70 000 сомго байге тапшырылды.
  • 3-орун – “Жаштар үчүн маалымат борборун түзүү” (505 балл), Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик АА, 70 000 сомго байге тапшырылды.
  • Буга кошумча байгелүү орундарды конкурстун төмөнкү катышуучулары алды: 4-орун – “Калктын турмуш шартын жакшыртуу” (479 балл), Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал АА, 30 000 сом байге тапшырылды.
  • 4-орун – “Калк үчүн маалымат борборун уюштуруу” (478 балл), Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол АА, 30 000 сом байге тапшырылды. 4-орун – “Исакеев айлындагы клубга жабдууларды алуу менен айылдагы жергиликтүү калктын маалыматтуулугун жогорулатуу” (475 балл), Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор АА, 30 000 сом байге тапшырылды.
  • 5-орун – “Балдардын жана жаштардын бош убактысы” (473 балл), Чүй облусунун Чүй районундагы Онбир-Жылга АА, 20 000 сом байге тапшырылды.
  • 5-орун – “Тазалык – ден соолуктун кепили” (473 балл), Чүй облусунун Москва районундагы Александровка АА, 20 000 сом байге тапшырылды.

Окшош материалы: