Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Финансы министрлиги коррупция менен күрөшүү жаатында жарандык коом институттары менен меморандумдарды түздү

2016-08-09 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жарандык коом менен өз ара аракеттешүүсүн күчөтүү максатында 2016-жылдын 10-июнунда министрлик менен жарандык коом институттарынын коррупциянын алдын алуу жаатында өз ара аракеттешүүсү боюнча төмөндөгү меморандумдар түзүлдү: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Өнүктүрүү саясат институтунун ортосундагы коррупцияга каршы күрөшүү жаатында кызматташуу тууралуу Меморандум; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен “Айкын бюджет үчүн” альянсы” юридикалык жактарынын бирикмесинин ортосундагы коррупцияга каршы күрөшүү жаатында кызматташуу тууралуу Меморандум.

“Коррупцияга каршы күрөшүү жаатында Тараптар ортосундагы кызматташууну жүзөгө ашыруу жана бекемдөө ушул Меморандумдун предмети болуп эсептелет. Анын ичинде кызматташтыктын алкагында төмөнкү багыттар каралган: ченемдик укуктук актыларга антикоррупциялык экспертизаны биргелешип жүргүзүү (коомдук антикоррупциялык экспертиза системалары), ак ниет башкаруу принциптерин киргизүү боюнча чараларды иштеп чыгуу, өз ара аракеттешүүнүн биргелешкен коммуникациялык пландарын иштеп чыгууга көмөктөшүү, ошондой эле мамфинансы жана сатып алуулар чөйрөсүндө жеринде коррупция менен күрөшүү көйгөйлөрүн изилдөө үчүн жергиликтүү БӨУ активисттери, ММК, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана ЖӨБО кызматкерлери менен региондордо жолугушууларды өткөрүү”, - деп ай- тылат документте.

Окшош материалы: