Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ош шаарында ЖӨБдүн өнүгүүсүнүн жаңы программасы үчүн ЖӨБ Келечеги-2030 талкуусу башталды

2016-06-27 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Ош шаарында ЖӨБдүн өнүгүүсүнүн жаңы программасы үчүн ЖӨБ Келечеги-2030 талкуусу башталды

2030-жылы кыргызстандык айыл кандай болуш керек? 15 жылдан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эмне кылышат? 2030-жылы айылдарда жана шаарларда жашоо ыңгайлуу жана коопсуз болуш үчүн эмнелер зарыл?Заманбап шарттар бизге жашоонун жаңы эрежелерин таңуулап жатат. Ал шарттарга ылайык, келечекке план түзмөйүнчө, максаттарды, тапшырмаларды жана артыкчылыктарды так аныктамайынча аймактын социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсү да мүмкүн эмес. Аймактагы жашоо деңгээлинин жана сапатынын туруктуу өнүгүүсүнө жетүү үчүн бир жылга эмес, он жылга аныктап алуу өтө маанилүү.

Буга байланыштуу 2016-жылдын 12-майында Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоору каржылаган “Жергиликтүү жамааттын муктаждыктарынын негизинде айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Ош шаарында фокустоп (ФТ) өткөрүлдү. Бул фокус-топ келечекте “ЖӨБ Келечеги-2030” программасын иштеп чыгуу максатында өткөрүлдү. Ага ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын башчылары, жергиликтүү жамааттардын жана жарандык коом институттарынын, райондук тийиштүү структуралардын өкүлдөрү катышты. Алар ЖӨБдогу кырдаалды талкуулашты. Бул мындан ары 2030-жылга чейин жергиликтүү өз алдынча башкарууну узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн келе-чектеги долбоорлорду иштеп чыгууга көмөктөшүү максатында жасалды. Фокус топтун ишине 23 киши катышты. Алардын арасында ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттикагенттиктин (ЖӨБЭММА) аймактык башкаруунунжетекчилери жана адистери катышты. Адегенде талкуу өлкөдөгү реформалар жана ЖӨБдү өнүктүрүүнүн жүрүшүнөн башталды. Талкуу абдан кызуу жана эмоционалдуу болуп, катышуучулар жылдап топтолгон көйгөйлөрү жана ведомстволук айылдык аймактардагы бүгүнкү кырдаал тууралуу сөз кылышты.
 
Ал көйгөйлөр төмөнкүлөр: жергиликтүү маанидеги маселелерди сапаттуу чечүү үчүн ыйгарым укуктардын жана финансы каражаттарынын жетишсиздиги; аягы көрүнбөгөн текшерүүлөрдүн айынан калк менен иш алып барууга убакыттын тардыгы – бул текшерүүлөр, раймамадминистрацияларга, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө жана башка тийиштүү райондук түзүмдөргө чакыртуулар айыл өкмөт башчыларынын убактысын алууда; айлыктан аздыгынан улам айыл өкмөттө кадрлардын токтобой жатышы; ЖӨБ органдарына жаңы адистерди жана кызматкерлерди тандоонун принциптери тууралуу жобо татаалдашканына байланыштуу жаңы адистерди ылгап алуудагы кыйынчылыктар; өлкө масштабында теңдештирүүчү гранттар кантип бөлүштүрүлүп, чыгымдалып жатканына мониторинг жана анализдин жоктугу. Ошондой эле катышуучулар мыйзамдар менен КР өкмөтүнүн токтомдору ортосунда бирдиктүүлүк, үндөштүк жоктугун, бири экинчисине карама-каршы келе турганын, ЖӨБ чөйрөсүндө 2003-2004-ж.ж. чыккан мыйзамдар дээрлик иштебей жатканын белгилешти.Андан кийин катышуучулар ЖӨБ чөйрөсүндөгү мындан кийинки реформалардын келечегин жана ыргагын талкуулашып, реформаларды улантуу зарыл болгонун, 2013-2017-жылдарга КРда ЖӨБдүн Өнүгүү программасынын жыйынтыктарын бардык тийиштүү башкаруу органдарына жана калкка бериш керектигин белгилешти.
 
Өлкөдөгү айылдык аймактарды ирилештирүү, КРда административдик-аймактык реформанын Концепциясында көрсөтүлгөндөй алардын санын 300гө жеткирүү; АӨ башчыларынын кызматында иштөө мөөнөтүн беш жылга чейин көбөйтүү; жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы мыйзамдарды өлкөнүн башка мыйзамдары жана КР токтомдору менен үндөштүрүү; ЖӨБ органдарына маморгандар тарабынан усулдук жардам көрсөтүү, ошондой эле айрым финансы маселелерин жергиликтүү бюджеттин эсебинен чечүүгө шарт түзүү боюнча сунуштар берилди. Фокус топтун жыйынтыгында ар бир катышуучу анкета толтуруп, анын жыйынтыктары ЖӨБОго карата ишеним жана сый-урмат сезими катышуучулардын 26% болгонун; 24% ишеним болгону; 7% оптимизм бар экени аныкталды. Катышуучулардын 9% ЖӨБ органдары жалооруган сезим пайда кылса, 4% үмүтүн үзүп койгон, ал эми 2% кыжырдануу сезимдерин пайда кылаары аныкталды. Ошондой эле анкетада катышуучулар 2030- жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу мүнөздөлө турган 5 негизги сапатты белгилешти.
 
Финансылык жактан көз карандысыз, стабилдүү система, калктын турмушунун жогорку деңгээлде болушу, жергиликтүү экономикалык өнүгүү жана натыйжалуу башкаруу, сапаттуу муниципалдык кызмат көрсөтө турган квалификациялык кадрлар баарынан да көбүрөөк белгиленди.Фокус топтордун ишинин жыйынтыгы талданып, дагы эки талкуулардын жыйынтыктары менен толукталмакчы. Бул талкуулар 2016-жылдын 31- майында Жети-Өгүз районунда жана июндун башында Бишкек шаарында өтөт. Андан кийин үч фокус топтон алынган маалыматтардын негизинде ЖӨБ Келечеги-2030 иштелип чыгат. Ал болсо өкмөткө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жаңы өнүгүү программасын түзүүгө жардам берет. Анткени мурдагы программанын колдонуу мөөнөтү 2017-жылы аяктайт.

Окшош материалы: