Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айылдык ден соолук комитеттери жашоочуларды бюджет жана анда ден соолук детерминанттарынын чагылдырышы менен тааныштырууда

2016-04-06 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Айылдык ден соолук комитеттери жашоочуларды бюджет жана анда ден соолук детерминанттарынын чагылдырышы менен тааныштырууда

2016-жылдын 28-мартынан 29-апрелге чейин Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Чүй облустарындагы пилоттук айылдык ден соолук комитеттеринин жана муниципалитеттеринин демилгеси боюнча 2016-жылга жергиликтүү бюджет боюнча маалымат өнөктүктөрү өткөрүлдү Маалымат өнөктүктөрүн ЖӨБ органдары менен АДК калкка 2016-жылга жергиликтүү бюджеттеги кирешелер жана чыгашалар булактары тууралуу маалымат берүү, ошондой эле ЖӨБ органдарынын айкындуулугун жана калк алдындагы отчеттуулугун камсыздоо максатында уюштурушту.

Маалымат өнөктүгүнө катышкан жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн ичинен катышуучулардын жалпы саны 412 киши болду (таблицаны караңыз). “Катышуучулардын назарына жергиликтүү бюджеттер инфографика форматында берилди, андагы маалыматтар жөнөкөй жана түшүнүктүү болгону менен айырмаланат, - деп айтты долбоордун ме-неджери Айнура ЖУНУШАЛИЕВА. – Мындан тышкары иш-чаралардын жүрүшүндө ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү катышуучулардын айылдын муктаждыктарына каражаттарды бөлүштүрүү боюнча, ошондой эле уюштуруучулук мүнөздөгү башка суроолоруна жооп беришти”. Иш-чаралар “Айылдык ден соолук комитеттеринин үнү жана Кыргыз Республикасындагы айылдык жамааттардын ден соолук детерминанттары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык отчеттуулугу” Долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул долбоорду Өнүктүрүү саясат институту жана “Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери” ассоциациясы (АДКА) биргелешип, “Социалдык отчеттуулук боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (GPSA-Дүйнөлүк банк) финансылык колдоосу менен ишке ашырып келет".Майрамбек КОШАЛИЕВ, Талас облусунун Талас районундагы Өмүралиев АА Ак-Коргон айылындагы АДК төрагасы: “ЖӨБО менен АДК ортосундагы биргелешкен иштер айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн калктын катышуусу менен милдеттүү тартипте чечсе болорун жана чечиш керектигин көрсөттү. АДК калк менен жергиликтүү бийлик ортосундагы көпүрө ролун аткарат. Азыр АДК жергиликтүү бюджет боюнча маалыматты жайылтуу боюнча ЖӨБ органдарына жардамчы деңгээлине жетти”. Айти ТОЙЧУЕВ, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин АА айылдык кеңешинин депутаты: “Бюджет боюнча бул иш-чараны өткөргөн АДКга, АӨ башчысына жана Долбоорго ыраазычылык билдирем.
 
Анткени ал ЖӨБ органдарынын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун мурдагыдан да көбүрөөк камсыздап жатат.Менин баамымда, маалымат өнөктүгү абдан ийгиликтүү өттү.Өзгөчө жергиликтүү бюджеттин киреше-лер жана чыгашалар беренелерин инфографика түрүндө түшүндүрүп берүү ыкмасы абдан жакты. Жашоочулар да четте карап турбай, айылдын турмушуна жигердүү катышса деп каалайт элем”.Алибай МАТАЕВ, Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке АА Бабыр айылынын старостасы: “Биз жергиликтүү бюджетти пландоо, көйгөйлөрдү жамаат менен чогуу аныктоо жана аларды биргелешип чечүү өңдүү айылдын иш чараларына катышмайынча маселелерди чече албайбыз. Бүгүн ЖӨБО менен кошо чечкен көйгөйлөрдүн баары келечекте биздин муунга жемишин бере баштайт. Жергиликтүү бюджеттин көбөйүшү өзүбүздөн көз каранды болгонун, канчалык патриот жана ж о о п к е р ч и л и к т ү ү болсок, ошончолук өзүбүзгө жакшы шарттар түзүлө турганын түшүнүшүбүз керек”. Аман ШАКИРОВ, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик АА Сырт айылынын тургуну: “Мага жергиликтүү бюджет тууралуу маалымат берүүнүн ыкмасы жана форматы абдан жакты. Өтө жөнөкөй жана түшүнүктүү болду. АӨ мындан ары да бизге маалымат берип, ал эми бул иште АДК ага жардам берет деп ишенем. Айыл өкмөтүнө ачыктыгы жана айкындуулугу үчүн ыраазычылык билдирем. Бул болсо АӨ бизден жашыра турган эч нерсеси жок экенинен кабар берет. Биз, калк өз кезегинде башчыны жана АДКны алардын оор ишинде колдоо көрсөтүүгө аракеттенебиз” Миталип КАРЫМШАКОВ, Ош облусунун Ноокат районундагы Н.Исанов АА Тескей-Кожоке айылындагы бала бакчанын жетекчиси: “Буга чейин бюджет боюнча ушундай маалымат өнөктүгү такыр болгон эмес. Долбоордун тренингине катышкандан кийин мен өзгөрдүм, чогулуштарга, жыйындарга, айылдык кеңештин ачык сессияларына катыша баштадым. Жашоону жакшы жакка өзгөртүү үчүн жашоочулардын бардыгы активдүү болуш керек деп эсептейм”.

Окшош материалы: