Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Улуттук жана жергиликтүү өнүктүрүү программаларынын ортосундагы ажырымды кантип жоюуга болот?

2016-04-04 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Улуттук жана жергиликтүү өнүктүрүү программаларынын ортосундагы ажырымды кантип жоюуга болот?

2016-жылдын 29-февралынан тарта “Жергиликтүү жамааттардын муктаждыктарынын негизинде айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү” аттуу жаңы Долбоор ишке кирди. Аталган Долбоорду Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” Долбоору каржылоодо.

Тендердин жыйынтыгы боюнча, бул Долбоордун аткаруучусу болуп төмөнкүдөй курамдагы уюмдардын консорциуму табылды: Өнүктүрүү саясат институту (Кыргызстан, консорциумдун лидери), Бюджеттик чечимдер институту (Орусия), Өнүгүү демилгелер агенттиги (Кыргызстан).

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – жети ай, географиясы – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району (каржылаган тараптын чечими боюнча, Жети-Өгүз районун башынан техникалык тапшырма менен аныкталган Жалал-Абад облусунун Сузак району алмаштырды).

Долбоор пилоттук мүнөзгө гана ээ жана көйгөйдү жергиликтүү өнүгүү пландарын улуттук программалар менен айкалыштырып чечүүнүн варианттарын сунуштоо, ошондой эле улуттук саясатта жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарынын эске алынуусун камсыздоо анын негизги максаты болуп эсептелет.

Андан ары моделдин сүрөттөлүшү, долбоордун алкагында изилдене турган колдонуу мүмкүнчүлүктөрү келтирилет. Моделди бир эле маалда башкаруу органдарынын ишинин бардык түрлөрүнө карата изилдөө мүмкүн болбогондуктан пилоттук этапта изилдөө үчүн беш багытты тандап алуу чечими кабыл алынган. Ишмердиктин бул түрлөрүнүн катарына төмөнкүлөр кирди: капиталдык салымдар, жарым станционардык социалдык кызмат көрсөтүүлөр, коомдук иштер, жарандык абалдын актыларын каттоо, саламаттык сактоо (конкреттүү көйгөй же кызмат көрсөтүү үчүн кысылган). Бул чечим 2016-жылдын 10-11-март күндөрү өткөн пландоо семинарында эксперттик команданын, чакырылган адистердин жана долбоордун координациялык кеңешинин катышуусу менен кабыл алынган. Координациялык кеңешке мамлекет тарапта Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик кирет.

Бардык деңгээлдерде пландоо процессин өркүндөтүү зарылчылыгы Кыргыз Республикасынын башкаруу системасындагы олуттуу ажырымдардан улам пайда болду. Өлкөдө ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын күчү менен өнүгүүнү пландоону биргелешип уюштуруу боюнча олуттуу тажрыйбасы жана практикасы болгонуна карабастан бул көйгөйлөр кала берүүдө. Айылдык аймактардын жана шаарлардын деңгээлинде жарандардын катышуусунун негизинде биргелешкен аракеттер планы1, өнүгүүнүн инвестициялык пландары2, социалдык-экономикалык өнүгүү программалары3 жана башка документтер иштелип чыгууда. Аларда калктын кызыкчылыктары жана ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрү эсепке алынат. Эрежеге ылайык, ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктары жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеги жана мамлекеттик органдар тарабынан берилген айрым ыйгарым укуктар менен чектелүү болгондуктан жогоруда аталган бардык программаларды ишке ашыруу оор болууда4.

Ошону менен бирге ар бир элет же шаар тургунуна кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдары ортосундагы ыйгарым укуктарга бөлүнбөстөн жеткирилиши маанилүү. Жарандар жана жалпысынан жергиликтүү жамааттар билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык жактан камсыздоо, инфраструктура, маданият, спорт ж.б. чөйрөлөрдөгү маселелердин чечилишине жана кызмат көрсөтүүлөргө муктаж болуп келишет. Бул муктаждыктарды мамлекеттик органдар мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга кошуу менен, өз ишин пландоодо жана жүзөгө ашырууда эске алганы маанилүү. Анткен менен ушул тапта мамлекеттик программалар калк жана анын керектөөлөрү менен тыгыз байланышта болбостон эле пландалып келүүдө.

Мындан тышкары адамдын турмуш шарттарына тикелей таасир тийгизүүгө багытталган колдонуудагы мамлекеттик программаларда, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан программаларда, ошондой эле айрым тармактарды, мисалы, айыл чарбасын өнүктүрүү программаларында жана алардын катардагы жарандын, же кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн муктаждыктары менен айкалышуусу жагынан алып караганда көйгөйлөр бар экени маалым. Бир кыйла мамлекеттик программалар “кабар берүүчү” гана мүнөзгө ээ, аларда өнүгүүнүн белгилүү бир индикаторлору көрсөтүлгөн. Бирок аларда шаардын же айылдын деңгээлине чейин ишке ашыруунун деталдуу механизмдери жазылган эмес. Эрежеге ылайык, мындай программалардын аткарылышы административдик жол менен гана мэриянын же айыл өкмөтүнүн деңгээлине чейин “жогорудан төмөн карай” пландалат. Мында ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрү эсепке алынбайт, алардын башкаруучулук дараметине жана жер-жерлердеги социалдык капиталга баа берилбей калат. Тармактык, регионалдык программаларды ишке ашырууга карата мындай формалдуу мамиле жарандардын турмуш шартын чындап жакшыртууга багытталбастан, бийликтин жасаган иш аракеттерине калктын көңүл калуусуна себепчи болуп, бийлик менен жарандардын ортосундагы ишеним деңгээлин азайтат.

Мамлекеттик органдар кызмат көрсөтүү боюнча соңку функцияны өзүндө калтырып (эрежеге ылайык, финансыны бөлүштүрүүгө байланышкан функция), ЖӨБ органдарына бул функцияны аткаруу боюнча өзгөчө оор милдетти берип койгон практика кеңири жайылган. Жоопкерчиликтердин деңгээли ортосундагы ажырым пайда болуп, бул жаңжалды жана калктын нааразылыгын жаратууда. Мисалы, социалдык жөлөкпул берүү функциясын мамлекеттик орган жүзөгө ашырса, жөлөкпул алчу жарандардын тизмесин ЖӨБ органы түзөт. Ушуну менен бирге ЖӨБ органы калктын аярлуу катмарларынын тизмесин түзүүдө методикаларды колдонот. Бирок бул методикалар чындап эле жөлөкпулга муктаж жарандарды аныктоо мүмкүнчүлүгүн толук бербейт. Экинчи жагынан алар жөлөкпул алчулардын ыктымал санын жөнгө салган мамлекеттик органдын башкаруусунда болушат. Мындай шарттарда жарандардын эң көп нааразы пикирлерин жөлөкпул берүү үчүн жооптуу болбогон, бирок ага муктаждарды тандап алууда чоң жоопкерчиликти алган ЖӨБ органдары угат. Мисалы, жумушсуз жарандарды аныктоонун, каттоого алуунун, жөлөкпул берүүнүн колдонуудагы методологиясы жумушсуздуктун деңгээлинин чыныгы абалын чагылдырбайт. 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасында катталган жумушсуздуктун саны 8,4% түзгөн. Бул болсо албетте чыныгы кырдаалга шайкеш келбейт. Ушуну менен бирге биринчи жарым жылдыкта жумуш издеп 88,4 миң киши кайрылган, жумушсуз катары 58,5 миң киши каттоого турган, ал эми жөлөкпулду өлкө боюнча 820 киши гана алат5. Жалал-Абад облусунда жөлөкпул алган жумушсуздардын жалпы саны болгону 19 кишини түзөт. Жумушсуздарды социалдык жөлөкпул менен колдоо боюнча мамлекеттик программа иш жүзүндө иштебей келет. Башкача айтканда, мамлекеттик органдын аракеттери жарандардын чыныгы керектөөлөрүнө коошпойт, бирок бул чыныгы керектөөлөр ЖӨБ деңгээлинде жакшы көрүнүп турат. Коомдук иштер аркылуу убактылуу жумуштуулукту камсыздоо практикасы да жумушсуздардын керектөөлөрүнө да, ЖӨБ органдарынын коомдук иштерге болгон керектөөлөрүнө толук кандуу байланган эмес. Эрежеге ылайык, бул практика көбүрөөк район борборлорунда жана шаарларда жайылтылган. Бул болсо бул мамлекеттик программага алыскы айыл өкмөттөрдүн жашоочуларын кошуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Башка бир мисал – оорулууларды жана карыларды баккан медайымдарды мамлекеттик орган калктын иш жүзүндөгү керектөөлөрүн, медайым менен бейтап ортосундагы жеке өз ара мамилелердин өзгөчөлүктөрүн эсепке албастан эле тандайт жана дайындайт.

Капиталдык курулуш боюнча мамлекеттик программа жарандардын социалдык инфраструктурага жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга олуттуу таасир тийгизет. Бул программа республикалык бюджеттен каржыланат жана мектептердин, бала бакчалардын, ооруканалардын, маданият үйлөрүнүн, жолдордун ж.б. курулушуна жана реконструциясына багытталган. 2015-жылы бул максаттар үчүн 2,1 млрд. сом каралган6. Ошону менен бирге бул мамлекеттик программа жергиликтүү өнүгүү программаларына көп жакшы деле байланган эмес. Эрежеге ылайык, капиталдык курулуш объекттери боюнча сунуштар КР Финансы министрлигине райондун же облустун деңгээлинде тармактык министрликтердин же мамлекеттик администрациялардын атынан багытталат. Жарандардын артыкчылыктары жана керектөөлөрү тууралуу маалыматтар министрликтерде жана ведомстволордо жок, ал эми ЖӨБ органдарында гана болсо да бара-бара жоголуп кетүүдө.

Жогоруда айтылгандарды корутундулап, пландоо системасында төмөнкү факторлорго байланышкан олуттуу ажырымдар болгонун белгилей кетүү зарыл: жарандардын керектөөлөрү ортосунда байланыш жок, ошол керектөөлөр жергиликтүү жана мамлекеттик (тармактык, региондук) өнүгүү программаларында көрсөтүлбөй жатат; 2) мамлекеттик программаларды шаардын, айылдын деңгээлинде, тагыраак айтканда кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү болуп саналган жарандын деңгээлинде аткаруунун механизмдери жана аспаптары жетишсиз. Учурдагы региондук башкаруу деңгээлдери (район, облус) жарандардын суроо-талаптарынын аккумулятору, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик программаларды ишке ашырган координатор катары өз ролун аткара албай жатат; 3) бардык жерлерде каржылоо функциясы менен ошол каржылоо таасирин тийгизе турган объекттин ортосунда ажырым байкалууда. Мисалы, жогоруда сөз болгон жумушсуздар, республикалык бюджеттен капиталдык салым объекттери жана башка учурлар.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн Консорциум 1-сүрөттө көрсөтүлгөндөй, пландоо жана башкаруу моделдерин түзгөн механизмдерди иштеп чыгууну сунуштайт. Бул моделдин маңызы өлкөлүк артыкчылыктардын айкалышуусунда камтылган. Ал артыкчылыктар мамлекеттик саясатты жана аны ишке ашырууда каржылоону, жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктарын аныктайт. Өлкөлүк артыкчылыктар Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана башка мыйзамдык актылар менен белгиленген базалык кепилдиктерге жана өлкөдөгү учурдагы кырдаалдын конъюктурасы менен шартталган күнүмдүк артыкчылыктарга бөлүнөт. Өлкөнү башкаруу болсо өкмөттүн программасында жана мамлекеттик өнүгүү программаларында чагылдырылган. Жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу керектөөлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үзгүлтүксүз негизде жамааттар бири-бирине окшош болбогондуктан ар бир жамаат үчүн өз-өзүнчө аныктайт. Ал эми анын керектөөлөрү шарттардын жана жамааттын структурасынын өзгөрүүсүнө ылайык алмашып турат. ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттын мамлекеттик маанидеги маселелер боюнча муктаждыктарын аныктоосу берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын шарттарында жүзөгө ашыш керек.

Бул моделди ишке ашырган учурда пландоо жана башкаруунун түрдүү деңгээлдеринде пландарды айкалыштыруу процессинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу азыркыга караганда бир кыйла маанилүү болуш керек. Ушул тапта ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелердин чөйрөсү менен аныкталган тапшырмаларды гана пландап, аткарышууда. Жарандардын калган керектөөлөрүн ала турган болсок, алар болгону мамлекеттик органдар үчүн маалымат булагына гана айланып калды. Бирок бул маалыматтын сапаты өтө төмөн бойдон кала берүүдө. Себеби бул маалыматты пландоо процессинде ЖӨБ органдары эч кандай жоопкерчилик алышпайт. Жөнөкөй тил менен айтканда, ЖӨБ органдары бир нерселерди эсептеп, “жогору жакка” өткөрүп беришет, бирок “жогору жактан” түшкөн реакция үчүн жооп беришпейт. Бул болсо ЖӨБ органдары маалыматтарды, артыкчылыктарды түрдүү себептерден улам, анын ичинде айрым кызмат адамдарынын же мамлекеттик органдардын конъюктуралык кызыкчылыктарын эске алуу менен бурмалоого алып келиши мүмкүн. Иш башкача нукта өнүгүш керек: жарандардын керектөөлөрү тууралуу маалыматтарды чогултуп, талдоодо ЖӨБ органдары ошол керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн мамлекеттик органдар менен кошо жоопкерчиликти тең бөлүшүүгө тийиш. Бул болсо мамлекеттик программаларды ишке ашыруу бөлүгүндөгү ыйгарым укуктарды, ошону менен бирге аларды аткаруу үчүн финансы каражаттарын ЖӨБго чындап өткөрүп бермейинче мүмкүн болбойт. Ушуну менен бирге ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын түздөн-түз көздөө менен башкаруунун түрдүү деңгээлдеринде ошол кызыкчылыктарды коргоочунун ролун аткарууга тийиш. Мындай иш аракеттерди ЖӨБ органдары түз, ошондой эле ЖӨБ ассоциациялары, ЖӨБ Союзу, ЖӨБЭММА жана башкалар менен өнөктөштүктө жүзөгө ашыра алат.

Сунушталган модель пландоо үчүн маалыматтын эки “тосмо агымына” негизделет. Биринчи агым – бул мамлекеттик тармактык, улуттук программалардын учурдагы артыкчылыктары. Алар жалпысынан адамдын турмуш тиричилик чөйрөсүнүн өнүгүүсүнүн керектөөлөрү менен аныкталган жана аларга байланыштуу чечимдерди кайсы жамааттын кызыкчылыгында түзүлсө, ошого жеткириш керек. Модель жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик программалардан турган белгилүү бир тапшырмаларды ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгууну караштырат. Экинчи агым – бул жергиликтүү жамааттардын демилгелери. Алар ЖӨБ органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү аркылуу тармактык мамлекеттик жана улуттук өнүгүү программаларында чагылдырылат. Мындай түрдөгү демилгелер талкуунун белгилүү бир этаптарын өтүп, макулдашылгандан кийин жүйөлүү өтүнмөлөргө айланат. Мамлекеттик органдар аларга тиешелүү материалдык жана методикалык ресурстарды берип, өздөрүнүн өнүгүү программасына кошуу менен жооп берет.

Модель бул өтүнмөлөр мамлекеттик органдар тарабынан конкреттүү иш аракеттер түрүндө, же ЖӨБ органдарына ошол суроо-талаптарды канааттандыруу боюнча ыйгарым укуктарды берүү аркылуу “кайтып келээрин” караштырат.

Жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын материалдык жана методологиялык жактан колдоого алынган өтүнмөлөрү муниципалитеттин социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын бир бөлүгү болуп калат. Анда ишке ашыруунун механизмдери, аспаптары, ошондой эле каржылоо булактары жана көлөмдөрү көрсөтүлөт.

Бул моделди пландоонун борбордук аспабы болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруунун социалдык-экономикалык өнүгүү планы (СЭӨП) эсептелет. Аталган план – ушул тапта ченемдик базада бар болгон документ. Анткен менен сунушталган модель олуттуу өзгөрүүлөрдү да караштырат. Пландын тематикалык түзүмү жалпысынан мурдагыдай эле кала берет (экономика, социалдык чөйрө). Негизги өзгөрүүлөр – план жергиликтүү жана республикалык бюджеттерден каржылана турган үч операциялык бөлүктөн турат.

СЭӨПнын биринчи бөлүгү өзүнө ЖӨБдүн ыйгарым укуктарынын алкагындагы демилгелерди камтыйт жана толугу менен жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

Экинчи бөлүгү мамлекеттик органдар тарабынан жарандарга берилиш керек болгон кызмат көрсөтүүлөрдү жана айрым милдеттерди камтыйт. Бул милдеттердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдары ортосундагы өз ара өнөктөш мамилелердин алкагында бекитилет. Ал болсо мыйзамдар менен бекитилген ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү механизми аркылуу ар бир конкреттүү кырдаал үчүн ишке ашат. Пилоттук Долбоордун алкагында айрым маселелерге карата ыйгарым укуктарды берүү механизмин сынап көрүү сунушталат. Тандап алуу процесси болсо кийинки бөлүмдөрдө сүрөттөлгөн. СЭӨПнын бул бөлүгүн түзүүдө ЖӨБ органы жергиликтүү жамааттын аныкталган керектөөлөрүн гана эмес, жогоруда сөз болгон өлкөлүк артыкчылыктарды да эсепке алат. Бул өлкөлүк артыкчылыктар тууралуу маалыматты, ошондой эле каржылоонун ыктымал жеткиликтүү көлөмү, анын ичинде берилген ыйгарым укуктарды аткаруунун эсептик баасын ЖӨБ органдары башкаруунун райондук деңгээлинен – жергиликтүү мамлекеттик администрациядан жана министрликтер менен ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнөн алат.

Андан кийин ЖӨБ органы СЭӨ планына таянуу менен мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн дарегине өтүнмөнү даярдайт. Бул өтүнмө тигил же бул кызмат көрсөтүүнүн алуучулары тууралуу маалымат түрүндө болот жана каржылоонун тиешелүү көлөмү үчүн зарыл (бул көлөм мамлекеттик органдардан алынган чыкма маалыматтардын базасында эсептелет). Мисалы, жумушсуздук боюнча жөлөкпулга карата өтүнмө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык бөлүмүнүн дарегине жиберилет. Капиталдык салымдарды каржылоонун зарыл болгон көлөмүнө карата өтүнмө жергиликтүү мамлекеттик администрацияга караштуу комиссиянын дарегине жиберилет. Ал эми мамлекеттик ветеринардык кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөгө карата өтүнмө Айыл чарба министрлигинин аймактык бөлүмүнүн дарегине жолдонот. Мамлекеттен тигил же бул берилген функцияларды, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөр боюнча функцияларды аткаруу үчүн каржылоонун зарыл болгон жүйөлүү көлөмүн алуу ЖӨБ органдары үчүн өтүнмөнүн (суроо-талаптын) натыйжасы болот.

Айрым жамааттардын алкагынан чыккан капиталдык салымдарга жана башка ишмердикке карата өтүнмө башкаруунун мамлекеттик деңгээли үчүн пландоочу маалымат мүнөзүндө болот. Райондук деңгээлде диалог аянтчасын түзүү болсо жамааттын аныкталган артыкчылыктарын жалпысынан райондун артыкчылыктары, тармактык программалардын артыкчылыктары менен салыштырууга жардам берет. Андан кийин жергиликтүү мамлекеттик администрациянын атынан өзүнчө муниципалитеттин демилгеси катары эмес, районду өнүктүрүү үчүн жүйөлүү жана реалдуу артыкчылыктар катары улуттук деңгээлге өткөрүлүп берилет. Бул маалыматка таянуу менен мамлекет райондор ортосунда ресурстарды бөлүштүрүү тууралуу чечим кабыл ала баштайт (мисалы, дем берүүчү гранттарга же айыл чарбасын колдоо боюнча программаларга карата).

Улуттук деңгээлде ведомстволор өз программаларын өкмөттүн артыкчылыктарына, өлкөнүн стратегиялык документтерине, ошондой эле муниципалитеттерден түшкөн суроо-талаптар аркылуу алынган жыйынтыкталган маалыматтарга таянып түзүшөт. Андан кийин ар бир ведомство ошол өтүнмөлөрдү кантип каржылай турганын чечет. Бул жерде эки негизги вариант мүмкүн: же суроо, маселе же кызмат көрсөтүү ведомство жана анын аймактык бөлүмдөрү аркылуу чечилип, республикалык бюджеттен каржыланат (ошону менен бирге СЭӨ планындагы маселе мамлекет өзүнө алган маселе катары каралат). Же болбосо тийиштүү мыйзамдарда каралгандай, мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына берүү механизми ишке кирет. Консорциум саламаттык сактоо жана билим берүү (мектепке чейинки билим берүүдөн башка) маселелерин кошпогондо, көптөгөн социалдык маселелерди ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү керек деп эсептейт. Ошондой эле жергиликтүү маанидеги объекттердин капиталдык курулушу жана экономиканын тармактарын, мисалы, туризмди, айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча кээ бир маселелер боюнча ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына берүү мүмкүнчүлүгүн караштырып көрүү керек.

Функцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасын түптөө бул моделдин маанилүү элементи болуп эсептелет. Ага жергиликтүү жамааттар да, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдары да кошулуш керек.

“Жергиликтүү жамааттын муктаждыктарынын негизинде айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү” Долбоорунун алкагында бул модель деталдуу түрдө иштелип чыгып, консультациялык изилдөөлөрдүн предмети болот.

_____________________________

1 Мисалы, Швейцария Өкмөтү каржылаган жана ӨСИ ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында.

2 Мисалы, АРИС ишке ашырган Элеттик инвестициялар долбоорунун алкагында.

3 Мисалы, Нарын жана Ош облустарындагы Ага-Хан Фондунун программаларынын алкагында.

4 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Улуттук статистика комитетинин жана Жаштар иштери боюнча министрликтердин 2014-жыл үчүн берген маалыматтары. Шилтеме: http://vesti.kg/?option=com_k2&view=item&id=29155:v- kyirgyizstane-vyiroslo-kolichestvo-bezrabotnyih-poluchayuschih- posobiya&Itemid=80

2015-жыл үчүн Жарандык бюджет. КР Финансы министрлиги. Шилтеме: http://www.open.kg/about-kyrgyzstan/kyrgyz-economy/ finance/1079-grazhdanskiy-byudzhet-kyrgyzskoy-respubliki-na- 2015-god.html

Окшош материалы: