Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын атынан куттуктоо

2015-12-02 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын атынан куттуктоо

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери! Кыргыз мамлекети өзүнүн эгемендүүлүгүнө ээ болгон алгачкы күндөрдөн тартып эле ага чейинки калыптанып калган борборлоштурулган административдик командалык башкаруудан четтөө зарылдыгын туура деп эсептеп, 1991-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети, “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” маанилүү мыйзамын кабыл алган болучу.

Ошол мезгилден тарта Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун туруктуу системасы түзүлүп иштеп, көптөгөн жергиликтүү маанидеги социалдык экономикалык маселелерди чечип, калктын жашоо турмушун жакшыртуунун үстүндө үзүрлүү иш жүргүзүлүп келе жатат.Бүгүнкү күндө республикабызда жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы менен камтылган17 райондук, 12 облустук, 2 республикалык маанидеги шаарлар, 453 айыл өкмөттөрү жана алардын жергиликтүү кеңештери бар.Алар өздөрүнүн иш-аракеттеринде жергиликтүү калктын активдүүлүгүнө таянуу менен өздөрүнүн финансылык өз алдынчалуулугун жана аймактар-дын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоонун үстүндө эмгектенип келе жатышат.
 
Бул мезгилдин ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктук негиздери түптөлүп, алардын ишин уюштуруунун бай тажрыйбасы топтолуп, учурда туруктуу турмушка ашырылып келе жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында эл алдындагы өз жоопкерчилигин терең сезген,учурдун чарба жүргүзүү талабын туура түшүнгөн жана аткара билген муниципалдык жетекчи кадрлардын, аппарат кызматкерлеринин чоң отряды тарбияланып чыкты.Алардын алдыда турган татаал милдеттерди сапаттуу жана өз мезгилинде аткара ала тургандыктарында шек жок.Сиздерди Жаңы жылыңыздар менен куттуктап жатып, келечекте мамлекетибиздин алдында турган жооптуу милдеттерди чечүүгө өзүңүздөрдүн татыктуу салымыңыздарды кошосуздар деген терең ишеничти билдиремин! Сиздердин бардыгыңыздарга бакубат турмушту, чың ден-соолукту, үй-бүлөлүк бакты-таалайды каалап, иштериңиздерде албан-албан ийгиликтерди мындан ары жарата берүүңүздөргө тилектешмин.

 

Окшош материалы: