Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан куттуктоо

2015-12-31 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан куттуктоо

Урматтуу достор, келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн айтылган куттуктоолорду кабыл алып коюңуздар. Кенжебек БОКОЕВ, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

 Жаңы жылдын алды – жыйынтык чыгарчу мезгил. Эски жылды узатып жатып, кийинки жыл бардык жагынан жакшы болот деп ишенгибиз келет. Биз жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө олуттуу кадамдарды жасадык. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жемиштүү иши үчүн жаңы мыйзамдар иштелип чыгып, алар кабыл алынды. Жергиликтүү жамааттын өнүгүүсү үчүн дагы көп нерсе жасаш керек. Кийинки жыл натыйжалуу жана жемиштүү болот деген ишеним бекем. Урматтуу муниципалитеттин кызматкерлери, күн сайын аткарып келаткан жаратман эмгегиңиз, демилгеңиз жана иштин көзүн таба билгениңиз үчүн ыраазычылык билдирем.
 
Келе жаткан жыл көптөгөн аймактык долбоорлор үчүн чечүүчү болот. Туруктуулук жана жоопкерчилик – жеке ийгиликтин өзөгүн түзгөн сапаттар жаңы 2016-жылы буга чейин болуп көрбөгөндөй талап кылынат. Бул жылы баарыбызды жакшылык жана ийгилик коштоп, өлкөнүн тарыхында жаңы жаркын баракка айлансын, ар бир үйгө бакыт, ден соолук жана бакубатчылык алып келсин! Бул майрам күндөрү үйүңүзгө кубаныч жана сүйүү толуп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө багытталган жакшы иштер жана башталыштар үчүн сиздерге күч жана эргүү алып келсин! Келе жаткан жыл сиз үчүн ак жолтой болуп, ийгилик жана гүлдөпөнүгүү ажырагыс досуңузга айланышсын! Сиздерге бакыт, соолубас энергия жана алдыга коюлган максаттарга жетүүдө оптимизм каалайм! Жаңы жылыңыздар менен!
 
Кенжебек БОКОЕВ,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаты

 

Окшош материалы: