Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан куттуктоо

2015-12-01 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан куттуктоо

Кадырлуу достор! Келе жаткан 2016-Жаңы жыл менен ак ниеттен айтылган куттуктоомду кабыл алып коюңуздар!

Жаңы жылдык майрамдар – бул жагымдуу машакаттардын, жакындар жана достор менен кубанычтуу жолугушуулардын убагы эмеспи. Бул күндөрү ар бирибиз өткөн жылга сереп салып,келечекке үмүт менен карайбыз. 2015-жыл көптөгөн жаркын, эсте каларлык окуяларга бай болду. Ошону менен бирге олуттуу сыноолордун жылы да болду – өлкө парламентинин жаңы курамы түзүлдү, ошондой эле өлкө экономикасы бир топ толкуду. Бардык кыйынчылыктарга карабастан бүгүнкү күндө биздин муниципалитеттер эмгекчилдигин жана мыкты сапаттарын көрсөтүп, кесипкөйлүгүн, татаал жана туура чечимдерди ыкчам кабыл алууга жөндөмдүүлүгүн ар кандай тоскоолдуктарга каршы койду.Муниципалдык бийликтин ишиндеги эффективдүүлүктү жогорулатууга көмөктөшкөн зарыл жана ыңгайлуу шарттарды камсыздоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча тапшырма келаткан жана алдыдагы жылдары өлкөнүн негизги артыкчылыктарынын бири болуп эсептелет.
 
Бул болсо биздин, мыйзам чыгаруучулардын ишине жаңы дем берип, ийгиликке жетебиз деген үмүттү пайда кылды. Анткени өлкөбүздүн өнүгүүсү ар бир муниципалитеттин ийгиликтеринен жана жетишкендиктеринен көз каранды эмеспи.Жаңы жылдын алдында биздин муниципалитеттердин бардык эмгек жамааттарына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына – көз карандысыз республикабыздагы айылдардын жана шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон жана кошуп келаткан бардык адамдарга ыраазычылык билдирип коюуга уруксат этиңиз. Жаңы жыл бизге жана жакындарыбызга жакшылык, кубаныч, ийгилик, ден соолук жана бакыт алып келсин. Жаңы жылда бардык жаркын оймаксаттар орундалсын. Үйүңөрдө ынтымак жана өз ара түшүнүшүү өкүм сүрсүн. Бардык кыйынчылыктар жана көйгөйлөр ушул жыл менен өтүп кетсин.Баарыңыздарга тынчтык, бакубатчылык жана бакыт, ал эми өлкөбүзгө туруктуулук жана өнүгүү каалайм! Жаңы жылыңыздар менен!
 
Галина
СКРИПКИНА,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар,мамлекеттик түзүлүш,
соттук-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин төрайымы
 

 

Окшош материалы: