Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Тичино кантону чек ара статусун кантип кызматташуу жана мобилдүүлүк аркылуу артыкчылыкка айландырууда
Швейцариянын Жаңы регионалдык саясатынын алкагындагы долбоорлордун биринчи мисалы.
Чек арадагы тоолуу аймактар картада көбүнчө аяр абалдагыдай болуп көрүнөт, себеби экономиканын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн “борбору” адатта алыста жайгашкан. Бирок чек аралаш аймактардагы тургундардын жашоосунда борбор дайыма эле административдик борбор менен дал келе бербейт: ал чек аранын аркы өйүзүндө, өрөөндүн башка түйүнүндө, логистикалык коридордо же адамдар иштегени жана кызмат көрсөтүү үчүн барган агломерацияда болушу мүмкүн. Швейцариядагы Тичино кантону мына ушунусу менен кызыктуу – бул кантон өзүнүн өнүктүрүү саясатын функционалдык байланыштар саясаты катары курууда, мында мобилдүүлүк, макулдашылган эрежелер жана коңшулар менен биргелешип кабыл алынган экономикалык чечимдер абдан маанилүү.
2024-2027-жылдарга регионалдык экономикалык саясатты ишке ашыруу программасында Тичино төрт негизги багытты көрсөткөн: инновациялык саясат, кантоналдык туристтик саясат, четки аймактар үчүн өзүнчө саясат, ошондой эле “кооперация” блогу, мында “Сан Готтардо-2020 программасы” чек аралаш Италиянын аймагы менен кызматташуу бөлүп каралат. Мындай түзүлүштүн мааниси ар бир тоолуу жана чек аралаш аймактар үчүн маанилүү: колдоо “абада асылып” турбайт, ал инновациялар, туризм жана чет жакалар бири-бири менен атаандашпаган, бир эле аймактык экономиканын ар кандай режимдери катары иштеген системага киргизилген. Башкача айтканда, эгерде өрөөн туризм менен жашаса, ага сөзсүз технологиялык инновациялар керек болот (санариптик кызматтар, жаңы бизнес-моделдер, энергияны үнөмдөө), ал эми аймак чет жакада орун алса, “туңгуюк аймак” эмес, каттамдын бир бөлүгү болуп калуу үчүн кооперацияга муктаж. Ошондуктан, бийлик чакан өнөр жайларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү: кайра иштеткен сүт жана эт чарбасын, кургатылган мөмө-жемиштерди жана чөп-чарларды, балчылыкты, жыгач иштетүүнү жана техникаларды оңдоону, үй-бүлөлүк конок үйлөрүн жана туристтер үчүн сервистерди, ошондой эле чакан логистикалык жана соода кызмат көрсөтүүлөрүн колдоого умтулуп келет.
Мунун фонунда чек арадагы күнүмдүк турмушту сүрөттөгөн долбоорлордун топтому өзгөчө логикалуу көрүнөт. Бир көрсөтмөлүү мисал – швейцариялык кантон Тичино менен италиялык провинциясы Ломбардиянын (СМИСТО) ортосундагы интеграцияланган жана туруктуу мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө арналган долбоор. Бул аталыштын өзү эле көпчүлүк чек ара аймактарына көнүмүш болгон көйгөйдү чагылдырат: адамдар жана бизнес “чек арада” жашашпайт, ал эми административдик бийлик жана мамлекеттик инфраструктура чек аралардын чегинде кала берет. Демек, бийликтин жана өнөктөштөрдүн милдети – транс чек аралык масштабда мобилдүүлүктү шайкеш жана туруктуу кылуу, ошондо экономика эрежелердин, билеттердин, жер которуу түйүндөрүнүн жана пландаштыруунун “ажырымына” туш болбойт.
Бирок тоолуу аймактардагы транс чек аралык мобилдүүлүк транспорт менен гана чектелбейт. Бул жумушчу күчтүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, чакан бизнестин туруктуулугу, туризм тармагынын сезондо эле эмес, жыл бою иштөө мүмкүнчүлүгү. Адамдардын жумушка жана окууга барып-келүүсү оңой болгон жерде “таптакыр көчүп кетүү” каалоосу да азыраак болот. Каттамдар жана түйүндөр түшүнүктүү болгон жерде чакан кызматтарды, коомдук тамактанууну, ремонт иштерин жана жергиликтүү соода түйүндөрүн өнүктүрүү оңой болот. Ал эми инвестор аймак обочодо калбаганын түшүнүп турса анын тобокелдиги азаят жана чыгымдарды оңой акталат.
Тичино ыкмасынын маанилүү чоо-жайы – бул чет жакадагы жашоонун кемчиликтерин башкаруу системасынын күч-аракети менен толукташ керектигин моюнга алуу, ошондо жашоого жана бизнес жүргүзүүгө кеткен чыгымдар азаят. Бийликтин күч-аракеттери адамдардын, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыймылын жөнөкөйлөтүүчү транс чек аралык жол-жоболорду макулдашууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана экономиканын айрым багыттарында жана чөйрөлөрүндө кызматташууну өркүндөтүүгө багытталган. Дал ошондуктан программада “чет жакадагы региондор үчүн саясат” деп атлган өзүнчө блок камтылган, ал жалпы инновация же туристтик алкакта жок болуп кетпей, борборлордон алыс жайгашкан аймактарды колдоонун өз алдынча системасы катары иштей берет. Иш жүзүндө көбүнчө чакан өнөр жайларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдоо жөнүндө сөз болот.
Эгерде “Тичинонун сабагын” бир сүйлөм менен туюндурууга аракет кылсак, анда мындай болмок: чек ара боюндагы тоолуу аймакта өнүгүү объекттердин кезектеги тизмегинен эмес, экономикалык, транспорттук, институционалдык байланыштарды бириктирүүдөн башталат, себеби дал ушул байланыштар географияны тоскоолдуктан артыкчылыкка айландырат. Бул абдан практикалык логика: ал бийликти жана өнөктөштөрдү өрөөндөргө “алыскы жерлер” катары эмес, кызматташуу жана шайкеш чечимдер аркылуу күчтүү кылууга боло турган түйүндөр катары кароого мажбурлайт.
Окшош материалы:
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Швейцариянын Жаңы регионалдык саясатынын алкагындагы долбоорлордун мисалдары
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Кыргызстандын делегациясынын Швейцарияга окуу сапары: Жаңы регионалдык саясат иш жүзүндө кандай иштейт
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Тоолор жана чек аралар мүмкүнчүлүк катары: аяр абалдагы аймактарды өнүктүрүүдө Швейцариянын тажрыйбасы
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Ыш жана калдыктар тууралуу коомдук угуулар: Бишкек шаардыктардын катышуусу менен калдыктарды иштетүү системасын кантип түзүп жатат
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Ноокат районундагы бизнес-форумдун жыйынтыгы: меморандумга кол коюлуп, ишкердикти колдоо боюнча конкреттүү чаралар белгиленди
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Университеттер жана илимий уюмдар тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн өзүнчө катышуучусу катары
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Юра кантонунун чек ара стратегиясы – кызматташуу, каржылоонун артыкчылыктары жана колдоо көрсөтүүнүн анык эрежелери аркылуу
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Арк Юрассьен: кантондордун ортосундагы координация жана транс чек аралык масштаб тоо экономикасынын “кадыресе режими” катары

















