Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ФИН-БИЛИМ-СИТИ МУНИЦИПАЛИТЕТИ мага эмне берди?

2014-08-07 / Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук
ФИН-БИЛИМ-СИТИ МУНИЦИПАЛИТЕТИ мага эмне берди?

“Фин-Билим-Сити муниципалитети” жайкы лагеринин катышуучуларынан 10 мыкты дил баян,2014-жыл, 12-22-июнь. Алгачкы жашоочулардын дил баяны, 21-июнь, 2014-ж....

Мен чыныгы турмуштун анык жүзүн көрдүм. Абдыракман кызы Айдана, 15 жашта, Баткен шаары. Акча деген эмне экенин түшүнүш керек. Мен ата-энемен акча алам жана аны эч ойлонбостон сарптайм. Эми болсо үйгө баргандан кийин мен үнөмдөп жашаганды жана акчаны жөнү жок коротпогонго аракеттенем. Бул 10 күн менин жашоого болгон көз карашымды өзгөрттү.

Достор, биз болуп көрбөгөндөй ылдам өзгөрүштөрдүн айланасында жашайбыз. Биз дүйнөнү, ал эми дүйнө бизди өзгөртүүдө. Кандай айла кылсаң да, аларды оюп жибериш кыйын. Белгилүү өлчөмдө алар адамдардын акыл-эсине таасир этип, тескери жолго багыт алат. Ошондуктан өзүбүздүн бүгүнкү турмушубузду тереӊ аңдап, баскан жолубузду байкап, адамдык жашообузду түшүнүү эӊ маанилүү маселе. Биз, адамдар кимбиз, биздин бирелешкен коомубуз кандай дейсиӊ да, атагы ай ааламды аралап кеткен алп сүрөткер Чыңгыз Айтматовдун “адамга эӊ кыйын - ар күнү адам болуп жашап өтүү” деген сөзүн эске түшүрөсүӊ. Чындыгында эле адамга эӊ кыйын ар күнү адам болуу экендигин бул лагерге келип ого бетер түшүндүм. Анткени бул лагерде жаӊы тааныштар, жаӊы достор болгонгобу, айтор мамиле түзүү керек экендигин тереӊ түшүндүм. Бул эле эмес, Фин-Билим-Сити шаарында жашаган 10 күнүбүзү 10 жылга тете болуп , баарыбыз бири-бирибизге боор тартып, достошо алдык. Мен бул лагерге келгенден кийин көптөгөн зарыл нерселерди үйрөндүм. Мисалы, мен бул жакка келип, акчанын ушунчалык сабаттуу экенине өзүм акча таба баштагандан кийин гана көзүм жетти. Ошондой эле Фин-Билим-Сити шаары менин жашоомдун багытын өзгөрттү жана өз алдынча пландарды түзүүгө да жардам берди. Бул лагерь мага каржылык сабаттуулукту гана үйрөтпөстөн, ошондой эле жагымдуу маанай тартуулап, бул жерден көптөгөн көндүмдөргө ээ болдум деп айта алам. Ошондой эле бул лагердеги окуучуларды көрүп, көп жаңы нерселерди өздөштүрдүм. Фин-Билим-Сити шаарындагы 10 күн 10 жылга тете болуп, бул жакта жашоонун анык жүзүн көрдүм. Кийин анализдеп чыксам билимдүү гана киши жакшы жерде иштеп, мыкты маяна алып, ал болсо жашоосуна кеӊири жетип, жыргап эле жашайт экен.

Кыргызда “алма быш – оозума түш” деген макал бар эмеспи. Ушинтип жумушсуз отурбай, иштегенге, деги эле бул жашоодо дайыма өнүгүүгө аракеттениш керек экендигин сездим. Мындан сырткары бизнесмен болуунун жолдорун үйрөндүм. Мен дайыма акчаны ата-энемден алып, ашыкча эле жумшай берчүмүн. Эми лагерден баргандан кийин акчаны сарамжалдуу иштетүүгө аракет кылам. Чынын айтсам бул лагерь менин жашоого болгон көз карашымды өзгөртө алды. Мен бул лагерден көптөгөн пайдалуу маалыматтарды, кеӊештерди алганыма аябай эле кубанычтамын!

Биз – кадимки балдарбыз. Бирок эми бизде маалыматка жеткиликтүүлүк көбүрөөк

Аскеров Азат, 17 жашта, Бишкек шаары

Мен “домино” принцибин жакшы көрөм – адам бир гана-жалгыз аракетти жасаганда бүт дүйнө өзүнөн өзү өзгөрөт. Лагердин уюштуруучулары ушундай чынжырдуу реакцияны ишке киргизди – мындай маалыматты алып, аны менен бөлүшпөй коюу мүмкүн эмес.

- Сиз Бишкек шаарынын Уставын окудуңуз беле?

- Жок.

- Бекер кыласыз.

Бекер кыласыз, урматтуу окурман. Анткени эгерде сиз ушул документти окуп чыкканда, ал жерден “интернационализм”, “тилектештик”, “өз ара жардамдашуу”, “мекенчилдик” деген сөздөрдү тапмаксыз. Сиз бул сөздөрдүн мааниси тууралуу ойлонуп, Бишкек шаарында жашаган ар бир жаран, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны, дүйнөнүн ар бир жараны кандай болушу керектигин түшүнмөксүз. Сиз кимдир бирөө үчүн эмес, өзүңүз үчүн ушундай болуш керектигин баамдамаксыз. Анткени эгерде өлкөнүн ар бир жараны Уставды карманганда, көп айтылып келген тынчтык, бакыт, өнүгүү да болмок. Сиз баарыбыз умтулган нерселер бар экенин, бирок азырынча кагазда гана жатканын түшүнмөксүз. Негизги көйгөй – көптөр Уставды билбейт, ал эми билгендер болсо бул документтин маанисин түшүнбөйт.

Эгерде сиз, урматтуу окурман, 10 жылдык өмүргө тете 10 күн бою мен жашаган муниципалитетте болгонуңузда, заманбап коомду куруу үчүн бул түшүнүктөр канчалык маанилүү болгонун көрмөксүз. Анткени Фин-Билим-Ситинин өз Уставы бар болчу, бирок чыныгы шаарлардан айырмаланып, Фин-Билим-Ситинин Уставы кыңк этпестен аткарылчу. Белгилей кетчү нерсе, бул Устав менен эч ким жакындан тааныш эмес эле.

Өлкөнүн түрдүү аймактарынан келген, ар башка улуттагы, ар кандай көз караштагы 50 окуучу – бул адамдардын баары тынчтыкта жана ынтымакта, араздашпастан жашашты. Бул нерсени карап отуруп, келечекке ишеним да пайда болот экен. Сынчылдар “булар өлкөдөгү эң акылдуу, тарбиялуу, аң-сезими күчтүү балдар. Албетте алар тынчтыкта жана ынтымакта жашайт” деп айтышы мүмкүн. Бирок анда эмне үчүн калган адамдар да ушундай боло албайт? Анткени ушул 50 “мыкты” башкаларга окшогон эле балдар, болгону аларда маалыматка жеткиликтүүлүк көбүрөөк. Ушундан кийин бир ой келди – эгерде бардык балдарга ушундай маалыматка жеткиликтүүлүк берсе эмне болот? Мына ушул кең келечек болуп жүрбөсүн?

Бул лагерь мага өтө баалуу маалыматка жеткиликтүүлүктү берди. Ал эми мен өз өлкөсү үчүн мыкты келечекти каалаган адам катары аны башкалар менен бөлүшүүнү каалайм. Мен “домино” принцибин жакшы көрөм – адам бир гана-жалгыз аракетти жасаганда бүт дүйнө өзүнөн өзү өзгөрөт. Лагердин уюштуруучулары ушундай чынжырдуу реакцияны ишке киргизди – мындай маалыматты алып, аны менен бөлүшпөй коюу мүмкүн эмес.

Бул билимдер менин жашоомду өзгөрттү. Мен дайыма өзүмө көп ишене бербеген адам болчумун. Менин ар бир жасаган ишим күмөн саноо менен коштолчу – баарын эле туура жасап жатамбы? Туура жасаган күндө деле аны башкалар кандай кабыл алат? Ошондой эле мен Шаардык кеңештин депутаты кызматына талапкерлигимди койгондо да күмөн санап туруп алдым. Менин көндүмдөрүм колдонулбай, ушул жерден эч кимге кереги жок, кадимки эле Азат бойдон кетип каламбы деп абдан корктум. Бирок мен жаңы досторду тапкандан кийин бардык нерсе өзгөрдү. Алардын колдоосу менен өзүмө болгон ишенич пайда болуп, Шаардык кеңештин депутаты болдум. Кеңештин депутаты ролунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишиндеги көп өзгөчөлүктөрдү үйрөнө алдым. Александр Сергеевичтин жардамы менен депутат – бир жагынан өтө оор милдет болгонун, анткени көптөгөн пикирлерди эсепке алыш керектигин, экинчи жагынан – бул абдан сыйлуу иш экенин, себеби башкалар дүйнөнү өзгөрткөн адамдарды баалашарын түшүндүм. Ушул кыска 10 күндүн ичинде шаардын жашоосун өзгөртүп жибердим деп деле айта албайм. Бирок мен муну мындан да көбүрөөк мөөнөттө жасаса болоруна көзүм жетти. Балким мен кызуусуна кирип алсам керек, анткени менде биз жашаган коомду өзгөртүү каалоосу пайда болду

Айсулуу Жамангуловага мыкты тренингдери үчүн ыраазычылык билдирбей коюу кылмышка тете болмок. Бул маалымат мен үчүн таптакыр жаңылык деп айта албайм, бирок ал мага маанилүү боштуктарды толтурууга жардам берди. Ошол боштуктардын айынан мен үчүн акча чогултуу кыйын болчу. Эми каржылык билимге ээ болуп, мен графикалык планшет сатып алып, графикалык дизайнды үйрөнүп, жакшы университетке өтүү үчүн, дүйнөнү өзгөртүү үчүн акча чогулта баштайм. Бир сөз менен айтканда Александр Сергеевич мага дүйнөнү кантип өзгөртүш керектигин көрсөтсө, Айсулуу эже бул үчүн аспаптарды берди.

Фин-Билим-Ситиге ушундай жакшы маанай, жогорку деңгээлдеги билим үчүн рахмат. Өзүмдү Шаардык кеңештин депутаты катары сезүү мүмкүнчүлүгүн түзгөнүңөр үчүн рахмат. Менин жашоомду өзгөрткөнүңөр үчүн рахмат.

Мен “Кантип бай болуш керек?” деген суроого жооп алдым

Даниярова Сайкал, 16 жашта, Ош шаары

Мен эми адамдар акчага карата үч типке бөлүнөрүн билем. Биринчи типке тапканына караганда азырак акча сарптаган, каржылык жактан сабаттуу адамдар кирет.

Экинчилери канча тапса, ошончо короткондор, аларга бир аз жардам бериш керек, ошондо алар акчаны акылдуулук менен сарптай башташат. Ал эми үчүнчү типтеги адамдар – тапканына караганда көп короткон, каржылык жактан сабатсыз адамдар.

Лагерге чейинки өз жашоомду эстегенде бир аз уялып кетем. Анткени мен да адамдардын үчүнчү типине кирчүмүн.

Эми мунун баары артта калды, мен эми биринчи типтеги адамдардын катарына – каржылык жактан сабаттууларга кирем.

Жайкы мектепке катышууга өтүнмө жазып жатканда эле мен эс-дартым ушул жерде болчу жана кандай болоорун элестетүүгө аракет жасадым. Менин өтүнмөмдү кабыл алышканын укканда, менде ушул лагерге катышууга чакыруу бар болгонун билгенде абдан кубандым. Менде көп пландар жана үмүттөр бар эле. Мен өзүмдүн алдыма максат койгом: каржылык сабаттуулук, канткенде көп акча таап, аукциондо өзүмө, үй-бүлөмө жана досторума көп буюмдарды сатып алса болоору тууралуу мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат алуу. Лагерь менин үмүттөрүмдү актады.

Мен өтө тартынчаак адаммын. Башкалардын алдында сүйлөп, оюмду жеткирүүгө кайрат жетишчү эмес. Мен атүгүл бийлегенди да билчү эмесмин. Дайыма өзүмдү алып баруучунун ролунда сынап көрүүнү кыялданчумун, бирок мындай мүмкүнчүлүгүм жок эле.

Айсулуу эженин жардамы менен жакшы, заманбап бийлегенди үйрөндүм. Бирок эң негизгиси – “Кантип бай болуш керек?” деген суроого жооп алдым. Ар бир сабакта Айсулуу эже жаңы темаларды түшүндүрүп жатты, мен аларды абдан жакшы өздөштүрдүм. Көрсө, акча жаздыктын алдында жатпай, иштеп, көбөйүш керек экен. Каражатты депозитке салып койсо болот, бирок бул тобокелчиликтүү вариант. Бул вариантты тандаган күндө деле ар кайсы банкка 100 000 сомго чейин салып коюш керек. Эгерде банк банкротко учураса, анда 100 000 сомго чейин гана компенсация төлөнөт экен. Бир топ тобокелчиликтүү вариант – акциялар. Анткени акциянын наркы түшүп кетип, кайра бир заматта көтөрүлүшү мүмкүн. Ошондуктан эң жакшы варианты – облигациялар, баалуу кагаздар. Аларды сатып алганда ай сайын пайыздар кошула баштайт. Облигацияларда кемчиликтерине караганда жакшы жагы көбүрөөк болот!

Кирешелердин пассивдүү жана активдүү түрлөрү болот экен. Пассивдүү киреше – күч да, убакыт да сарпталбаган киреше. Ал эми активдүү киреше тескерисинче болот. Күн сайын чыгашалардын жана кирешелердин эсебин жүргүзүп, өзүңдүн каржылык абалыңа анализ жасап, акча акыл-эстүү сарптоого аракеттениш керек.

Мен эми адамдар акчага карата үч типке бөлүнөрүн билем. Биринчи типке тапканына караганда азырак акча сарптаган, каржылык жактан сабаттуу адамдар кирет. Экинчилери канча тапса, ошончо короткондор, аларга бир аз жардам бериш керек, ошондо алар акчаны акылдуулук менен сарптай башташат. Ал эми үчүнчү типтеги адамдар – тапканына караганда көп короткон, каржылык жактан сабатсыз адамдар. Лагерге чейинки өз жашоомду эстегенде бир аз уялып кетем. Анткени мен да адамдардын үчүнчү типине кирчүмүн. Эми мунун баары артта калды, мен эми биринчи типтеги адамдардын катарына – каржылык жактан сабаттууларга кирем.

Мен “Кантип бай болуш керек?” деген суроого жооп алдым. Бай адам – бул акча топтогондон кийин гана аны сарптаган адам. Ал эми кедей адам бир заматта баарын коротот жана топтогонго акчасы калбайт. Байлык – бул акчаны чогулта билүү. Ошону менен бирге акчаны кандай максатта топтоп жатканыңды билүү маанилүү. Акчаны чогултуу үчүн топтобош керек. Ошол топтолгон акчанын жардамы менен кайсы максатка жете турганыңды түшүнүш керек. Бир нерсени сатып алууну көздөгөндө гана акча чогултуу каалоосу пайда болот.

Биз “төрт конверт” эрежеси, “каржылык бакубатчылык пирамидасы” жана башка маанилүү нерселер тууралуу билдик. Эгерде Айсулуу эже бизге үйрөткөндүн баарын санап берсем, анда кагаз бетине батмак эмес. Ошондуктан мен ага терең ыраазычылыгымды билдирем!

Мен өзүмдү алып баруучунун ролунда сынап көрдүм жана бул нерсе мага абдан жакты. Өткөрүлгөн тренингдердин жардамы менен толкунданбай, өз оюмду конкреттүү жана так жеткирүүнү үйрөндүм. Сухробжон Хакимжанович “Көп түрдүү дүйнө” темасында өтө кызыктуу тренингди өткөрдү. Тренингден кийин мен бир тыянакка келдим: бардык көйгөйлөргө жана жаман иштерге адам өзү күнөөлүү. Биз өз мүнөзүбүздү, темпераментибизди, чач жасалгабызды, кийим-кечебизди ж.б. өзгөртө алабыз. Бирок тегибиз, көрүнүшүбүз жана кебетебиз өзгөрбөйт. Кандай гана кырдаал түзүлбөсүн, баарыбыз адам болгонубузду унутпашыбыз керек.

Лариса Владимировна жана Алима Абдилакимовна өткөргөн тренингдерди белгилеп кетким келет. Алар жаңжалдар менен эч нерсе чече албай турганыбызды, ал эми командада болсок гана тоолорду омкоро аларыбызды мисалдар менен түшүндүрүп беришти. Командалык иш, командалык маанай – буларсыз жашоо мүмкүн эмес.

Менин эң чоң жетишкендигим журналистикага кириш болду. Мен “Шаар кабарлары” маалымат бюллетенинин башкы редактору болгонума сыймыктанам. Үйгө барганда ата-энеме жазган эмгектеримди көрсөтөм жана журналист болсомбу деп ойлонуп калдым.

Мага “Биздин өлкөдө эң чоң көйгөй кайсы жана мамлекеттин экономикасын жакшыртуу үчүн кандай реформаларды жүргүзүш керек?” деген суроону узаткан Нелли Яковлевнаны белгилегим келет. Ал Кыргызстанда көйгөйлөр болуп келгенин, бар экенин жана боло берерин, кептин баары реформада эместигин, мен биринчи кезекте өзүм жөнүндө, андан кийин гана мамлекет тууралуу ойлонушум керектигин айтты. Өз жашооңду жакшыртуу менен, биз өлкөнүн жашоосун да жакшыртабыз. Анын сөздөрү чоң таасир калтырды. Менде өзүмө болгон чоң сый сезим пайда болду.

Үйгө баргандан кийин ушул маалда тапкан досторумду сагынам. Педагогдорду жана эксперттерди да сагынам. Александр Сергеевич 9 күн бою сүрдүү көрүнгөн эле. Бирок онунчу күнү ал ак көңүл адам экенин, ал эми анын катуу мамилеси бизди “мойнуна отургузгусу” келбегенинен улам болгонун түшүндүм. Айсулуу эже – универсалдуу айым, жакшы бийлейт, мыкты адис, өз оюн кыска жана ачык жеткире алат. Аркадий Михайлович – кээде сүрдүү, кээде ак көңүл, айрым учурларда олуттуу, ал эми кайсы бир убакытта бизди күлдүрүш үчүн бирөөнү туурачу. Маргарита Өмүрбековна лагерди абдан жакшы башкарды, абдан ак көңүл адам экен, бизге колдоосун көрсөтүп турду. Урматтуу кураторлор, ушул 10 күндүн ичинде силер бизге ата-энебиздей мамиле жасадыңар.

Мен өз шаарыма барып, бул жерден алган билимимди башкалар менен бөлүшөм деп сөз берем. Мектепте, кошуналарга, досторума жана туугандарыма, эң негизгиси ата-энеме баарын айтып берем.

Менин шаарым кантип жаралды?

Жыргалбеков Аман, 14 жашта, Нарын шаары

Сенин Мекениң ойдогудай эмес десең да,Ушул талааны танда, өз Мекениңди танда!

Сен аны Батыштан да таза кармайсың,Түштүктөн, Чыгыштан жана Түндүктөн да мыкты болот!

Мен гүлдөн түшкөн үрөн сымал элем.Кайсы жерге коноорумду биле албай,

Кайсы жер жакшы экенин, кандай гүл болоорумду баамдабай,Түз талаада шамал менен кошо бийледим.

Түндүктө таза, бирок суук болгонун;Түштүктө жылуу, бирок кургак экенин көрдүм;

Чыгыш өтө эле нымдуу;Ал эми Батышта ыңгайлуу, бирок булганч.

Түз талаада шамал менен кошо бийледим,Бирок акырын чыккан үндү эшиттим:

Сенин Мекениң ойдогудай эмес десең да,Ушул талааны танда, өз Мекениңди танда!

Сен аны Батыштан да таза кармайсың,Түштүктөн, Чыгыштан жана Түндүктөн да мыкты болот!

Мен көпкө күмөн санадым,Бирок ошол үндү тыңдадым –Ээн жерде, Мекенимде орун таптым.

Кыйналдым да, үшүдүм да,Бирок жамгыр мени сугарды,Тааныш үн мени сооротту,

Өсүп-өсүп отуруп күн карамага айландым.Мени көргөн башка үрөндөр даКүн издегенсип мени көздөй учушту.

Биз үрөн чачып, талааны гүлдөттүк.Менин Шаарым ушинтип жаралды.

Мен таштар теориясын ойлоп таптым.

Зимин Вадим, 17 жашта, Кара-Балта шаары

Пресс-кызматтын жетекчиси ролун ойноп, келечекте мен чындап кандай иш менен алектенсем болорун түшүндүм. Мага өзүм жасаган иш абдан жакты. Эми мен өз күчүмө көбүрөөк ишенип калдым. Толук ишенбесем да, күч менде бар болгонун билем.

Мен акырын басканды үйрөндүм; санаалаштарды таптым; жашоонун жаңы баскычына өттүм; таштар теориясын ойлоп таптым; суу алдында бийлегенди үйрөндүм; белекке кыска моюн, темгили бар акыраны алдым; “пресс-кызматтын” “майын” кетирдим; камкор экенимди көрсөттүм; коопсуздук кызматын чакырып, дүйнөнү жыландардан сактап калдым; 12 (!) күн көлгө түшпөй кармандым; муниципалитеттин жарымы тууралуу чуулгандуу тасма тарттым, бирок аны колдонгон жокмун; педагог-кураторлорду туурадым; жерге оонадым; тамактын ичинен кыл таптым, бирок баары бир тамакты ичип койдум; ашканада өз столумду эч кимге бербей, аягына чейин кармап бердим; эң чынчыл жашоочу болдум; бир кило таттуу жедим.

Эми бир аз, кичине эле олуттуу баяндап берейин…

Он жыл мурда биздин топ ээн шаарга түшүп калды. Биздин шаарда башаламандык, бүлгүн, жумушсуздук өкүм сүрүп турду. Бирок биз – пионерлер, жол баштоочулар шаарды кайрадан куруу иши өз колубузда деп чечтик. Биз башында кимдин колунан эмне келсе, ошол ишти жасай баштадык. Бирок көп өтпөй көптөр конкреттүү түрдө эмне кыларын түшүндү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пайда болду, жашоо жакшы нукка бурулду. Шаар жашап кетти, шаар жашап жатат.

Мен ким болдум? Мен чыгармачыл эркин адам болдум – тиги жакта макала жаза коюп, бул жакта иш-чара өткөрүп дегендей... Жокко чөкпөй, барга көппөй. Анан эле бир маалда саясий турмуш башталды – эл жамаат болду жана башкаруучуларды тандай баштады. Жергиликтүү кеңеш – өтө жоопкерчиликтүү... сот – өтө жоопкерчиликтүү... шаардык кызматтын жетекчиси – өтө жоопкерчиликтүү... мен жоопкерчиликтен корктум жана муну өзгөртүүгө эч аракет көргөн жокмун. Бирок эртеби, кечпи өзгөрүш керек. Ошентип пресс-кызматтын жетекчиси болуп калдым. Менин карамагымда бир гана жардамчы бар, бирок ал өтө ишенимдүү жана ар тараптуу. Камераны көтөрүп алып чуркамай, кабарлар, маектер, видео тасмалар. Бир заматта башыма иш түштү, жоопкерчиликтен качып кетүү мүмкүн болгон жок. Эмесе, бир нече “жыл” бою пресс-кызматтын жетекчиси болуп кызмат өтөдүм. Иш чачтан көп – жоопкерчиликтен коркуп отурганга убакыт жок. Кийинки күнү эле ишке баш-отум менен кирип кеттим.

Эң таң калычтуусу – муну баары өтө кызык болду. Пресс-кызматтын жетекчиси ролун ойноп, келечекте мен чындап кандай иш менен алектенсем болорун түшүндүм. Бирок келечек жашоомду тууралуу ойго батып, кесиптердин деңизинде сүзүп жүргөндө ишим гана алтындын бир бүртүгүн табууга жардам берген жок. Мага өзүм жасаган иш абдан жакты. Эми мен өз күчүмө көбүрөөк ишенип калдым. Толук ишенбесем да, күч менде бар болгонун билем.

Биздин айылда менден көптү күтүшөт…

Калыбекова Назгүл, 16 жашта, Казарман айылы, Жалал-Абад облусу           

Долбоор мага жаңы досторду таап, мектептин тышында мени кандай жоопкерчилик күтүп турганын түшүнүүгө жардам берди.Өз айылыма барганда долбоордук топ менен бирге жогорку класстын окуучулары үчүн тренингдерди жана семинарларды өткөрөм. Алар насыя алып, аны сарптап, кирешесин ойлобостон эле чыгымдарын көбөйткөн ата-энелеринин катасын кайталабаш керек. Биздин ата-энебиз балдары эч нерседен кем өспөсүн деп акча берип турушат. Бирок ата-энелерибиз үй-бүлөлүк бюджетти пландабайт, акчаны башкарганды, топтогонду билишпейт, көп учурда карыз алып жашашат. Биз, балдары да алардан үлгү алып жатканыбыз жаман көрүнүш. Менин бардык классташтарым, жана досторум, алардын ата-энелери каржылык жактан сабатсыз. Бул билим болбосо, келечекти кантип курабыз?Мен жаңы билимге ээ болду, жаңы досторду таптым. Айылымда менден көптү күтүшөт. Мүмкүн болушунча көбүрөөк адам менен каржылык сабаттуулук тууралуу билимим менен бөлүшкөнгө аракет жасайм. Бул билим мага жана айылдагыларга үй-бүлөбүздү, өлкөбүздү бай жана бакубат кылууга жардам берет деп ишенем.

Бай болуубу? Акчага мамилени өзгөртүү!

Мендигулова Нагима, 17 жашта, Талас шаары

Мен ата-энеме “төрт конверт” эрежеси, ал биздин үй-бүлөлүк бюджетибизди жакшыртууга жардам бере турганы тууралуу айтып берем деп сөз берип койдум.

Жайкы мектепте биз көп нерсени үйрөндүк жана көптү көрдүк. Бул он жыл (күн) мен үчүн өтө аз болуп калды, бул шаарыбыз мындан ары да жашай беришин каалайт элем. Биз жөн гана шаардын моделин курбастан, аны иш жүзүндө да сынай алдык. Бул өтө чоң тажрыйба, анын бизге пайдасы келечекте көп жолу тиет деп ишенем. Фин-Билим-Ситиде ар бир адам өзү каалаган ишти таап, талантын жана жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алды. Мен үчүн эң маанилүүсү – биз максатыбыз кандай, дегеле эмнени каалай турганыбызды ойлонуп калдык. Кимдир бирөө мыйзамды иштеп чыгууга баш-оту менен кирип кетсе, башкасы ылайдан бир нерсе жасап, дагы башкалары өзүн бизнесте сынап көрдү. Мен болсо социолог болуп иштедим. Биз күн сайын шаардыктар арасында сурамжылоо жүргүзүп, түрдүү кызыктуу рейтингдерди түзүп жаттык. Ошолордун жардамы менен мен шаарды ичинен көрүп, ар бир жашоочу менен жеке тааныша алдым. Кээде ишке алагды болуп, биздин жарандарыбыз түшкү тамактанууга баргысы келбей да жатты. Биз чоңдорго окшоп көйгөйлөрдү чечип, шаардын турмушуна активдүү катышып, бири-бирибиздин пикирибизди урматтаганды үйрөндүк. Менимче биз он жылга чоңойдук.

Бул жерден алган эң баалуу билим – ар бир адам каржылык жактан камсыздалган болууга жөндөмдүү. Ал болгону акчаны туура башкарып, дегеле акчага болгон мамилесин өзгөртүш керек.

Биздин педагогдор өз ишин мыкты билген жогорку квалификациялуу усталар болуп чыкты. Алар бизге тырмышып билим алганды, башка адамдар менен каржыны башкаруу тууралуу билгенибиз менен бөлүшкөндү үйрөтүштү. Мен ата-энеме “төрт конверт” эрежеси, ал биздин үй-бүлөлүк бюджетибизди жакшыртууга жардам бере турганы тууралуу айтып берем деп сөз берип койдум. Биздин окуучуларга өтө турган тренингдерибиз ушундай эле пайдалуу жана кызыктуу болот деп ишенем, биз бул жерден алганыбызды башкаларга жеткирүүгө аракет жасайбыз.

Окуудан жана иштен тышкары кечинде өзүбүздү түрдүү иш-чараларда көрсөтүп, убакытты көңүлдүү өткөрүү мүмкүнчүлүгү болду. Көптөр дос күттү жана азыр биздин жакшы көргөн Фин-Билим-Сити шаарыбызды таштап кетүү мен үчүн оор болуп турат! Мен Жайкы мектептин уюштуруучуларына каржылык сабаттуулук тууралуу окуу, билим берүү идеясы үчүн абдан ыраазымын. Жайкы мектеп өз ишин улантып, мындан ары да гүлдөй беришин каалайм!

Менин көпчүлүк көйгөйлөрүм – бул болбогон кеп, ал эми кейип, даттануу пайдасыз жана маанисиз иш!

Мусаева Карина, 17 жашта, Талас шаары

Мен эми керектөөлөр менен каалоо ортосундагы айырманы, акчаны кантип иштетип, аларды кантип чогултуп, сарпташ керектигин, каржылык жаздыкты түзүү зарылдыгын, эсеп-кысап жүргүзгөндү жана кирешелер менен чыгашаларга анализ жасаганды билем. Үйүмө баргандан кийин өз чыгашаларымды көзөмөлдөө үчүн сөзсүз түрдө ар бир аптага бирден кылып 4 конверт ачам!

Сынактан өтүп, Фин-Билим-Ситиге келүү – бул чоң жетишкендик. Бул Жайкы мектеп – билимдин чыныгы кенчи, аны баалабай коюу мүмкүн эмес. Мен көп жаңы жана пайдалуу нерселерди үйрөндүм. Кимди кедей, ал эми кимди бай деп эсептесе болорун билдим жана бул нерсе менин буга чейинки ойлоп келгенимден такыр башкача болуп чыкты. Мен адамдар акчаны сарптоо жөндөмү боюнча үч категорияга бөлүнө турганын билдим (тилекке каршы дайыма эле баары туура колдоно бербейт, ошондуктан адамдарды өз каражатын туура бөлүштүрүүгө үйрөтүш керек); каржы аспаптары, каржы базары жана башка көп нерселер тууралуу биле алдым.

Бул 10 жыл (күн) бою мен шаардык кеңештин депутаты болуп иштедим. Бул иш мага жергиликтүү кеңештин милдеттенмелерин, ыйгарым укуктарын билүүгө жардам берди. Мага катчынын кызматы тийгендиктен документтерди туура тариздегенди, салык төлөп, түрдүү бланктарды толтурганды үйрөндүм. Бизге мыкты педагогдор сабак берди. Бирок Айсулуу Жаманкулованын дарстары өзгөчө жакты. Ал менде анын кеңештерин кармануу, каржылык жактан ийгиликтүү адам болуу каалоосун жаратты. Менде максатка жетүү аракети пайда болуп, биринчи жолу өз максаттарыма жетүүнүн ачык жана айкын жолун көрдүм.

Жайкы мектепке чейин көп убакыт бою акция деген эмне экенин билбей келгем. Мен бул маалыматты интернеттен издеп, улуулардан сурачумун. Бирок баары бир канааттандырган жоопту ала алган жокмун. Ушул жерден гана, Жайкы мектепте Айсулуу акционердик капиталдын маңызын жана маанисин, акциялар менен облигациялар ортосундагы айырманы жеткиликтүү кылып түшүндүрө алды.

Бир жолу чарчаганыбызды жана начар көңүл буруп калганыбызды көргөн Айсулуу бизге колу-буту жок адам тууралуу сабак болорлук видеону коюп берди. Бул менин жашоомдогу бурулуш учур болду. Менин көпчүлүк көйгөйлөрүм – бул болбогон кеп экенин, ар бир адам өз максатына аракет аркылуу жете турганын, ал эми кейип, даттануу пайдасыз жана маанисиз иш экенин түшүндүм.

Мен эми керектөөлөр менен каалоо ортосундагы айырманы, акчаны кантип иштетип, аларды кантип чогултуп, сарпташ керектигин, каржылык жаздыкты түзүү зарылдыгын, эсеп-кысап жүргүзгөндү жана кирешелер менен чыгашаларга анализ жасаганды билем. Үйүмө баргандан кийин өз чыгашаларымды көзөмөлдөө үчүн сөзсүз түрдө ар бир аптага бирден кылып 4 конверт ачам!

Бизди түрдүү каржылык ыкмаларга жана амалдарга үйрөтүү жетишсиз. Биз өспүрүм экенибизди, жашоо али алдыда болгонун эсепке алуу менен акча максат эмес, болгону аспап экенин эстетип, адеп-ахлакты да унутпашыбыз керек.

Биздин таланттарыбыз жана жөндөмдүүлүктөрүбүз ачылды. Мисалы, мен сахнадан коркчумун, эл алдында чыкканда өтө толкундачумун. Бирок Фин-Билим-Ситиде мунун баары жоголду. Өзүмө таң калычтуусу – мен мода көрсөтмөсүнө катыштым. Бул менин биринчи, бирок ийгиликтүү тажрыйбам болду. Өзүмдү кол өнөрчүлүктө да сынап көрдүм – биринчи жолу ылайдан буюм жасадым. Мен өзүмдө катылып жаткан бөлүктү алып чыктым. Көрсө мен башка адамдар менен таанышканды жана аларга жылмайганды, ачык жана эркин болгонду жакшы көрөт экенмин. Мен жаңы нерсени сынап көрүп, андан коркпогонго үйрөндүм.

Нелли Яковлевна Симонова менден “Эгерде аракет кылбасаң, анда сен өзүңдү кантип табасың?” деп сурады. Мен ойлонуп калдым. Ошондон кийин аракет кылууну чечтим. Мисалы, мен дайыма бийлегенди билбейм деп ойлочумун. Бирок бир жолу аракет кылдым эле – мага абдан жакты! Мен эң негизгисин түшүндүм: аракет кыл, үйрөн, ошондо баары колуңан келет экен!

Ушул укмуш лагердин катышуучуларынын катарында болуп калганыма кубанычтамын. Чындыгында өзүм күткөндөн да көптү үйрөндүм. Ушундай унутулгус күндөр үчүн рахмат.

Чоңдорго окшоп иштеген, өз ишиң үчүн алардай жооп берген кыйын, бирок кызыктуу экен!

Сыдыкбек кызы Алия, Жалал-Абад шаары

Мен бардык балдар акчаны баалап, аларга туура мамиле жасап, аны акыл-эстүү пайдаланганды билсе дейт элем. Алар өз ата-энесинин каталарын кайталабаш керек.

Фин-Билим-Сити Муниципалитетине Кыргызстандын булуң-бурчунан эң мыкты, эң таланттуу элүү бала келди! Анын ичинде мен да бармын! Көпкө күтүлгөн лагерь акыры 2014-жылдын 12-июнунда ачылды. Пансионат мени кубанычтуу жана жылуу тосуп алды. Алдыда максат бар эле – каржылык жактан сабаттуу болуу.

Мен инвестиция, каржылык аспаптар деген эмне экенин билчү эмесмин. Акчаны кантип пайдаланыш керектиги тууралуу түшүнүгүм да жок эле. Жайкы мектептин жардамы менен күн сайын өз кирешелер менен чыгашаларга эсеп жүргүзгөндү, акча топтогонду үйрөндүм. Байлар адегенде акча топтоп, андан кийин гана аны сарптай турганын түшүндүм. Ал эми кедейлер адегенде коротуп, андан кийин карызга батышат. Ийгиликтүү болуш үчүн каржылык жактан сабаттуу болуш керек, ошондо гана белгилүү бир максатка жетүү мүмкүн.

Биринчи жолу банкта чоң кишилерге окшоп иштеп, маяна алдым. Албетте чоңдорго окшоп иштеген, өз ишиң үчүн алардай жооп берген кыйын, бирок кызыктуу экен! Анан ата-энемди аяп кеттим. Көрсө биз алардын камкордугун жана тынчсызданууларын түшүнбөй эле, болбогон нерсеге таарынып, мүмкүн эмес нерсени талап кылат экенбиз. Ал эми алар болсо биздин керектөөлөрүбүздү канааттандыруу үчүн күчүнүн болушунча эмгектенип, көп учурда өздөрүнө зарыл болгон нерседен баш тартып, бизди бактылуу кылуу үчүн колдон келгендин баарын жасашат экен. Адатта бул нерселерди өзүң да ата-эне болгондо түшүнөсүң, бирок акчаны башкаруу тууралуу билим ата-энени бала кезден эле түшүнүүгө жардам берет.

Бизде Жалал-Абаддагы Жаштар борборунун ыктыярчылары үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдерди өткөрүү идеясы пайда болду. Өзүм Жалал-Абадда жашабасам да, баары бир каржылык жактан агартуу иштерине катыша алам – 5-8-класстын окуучулары үчүн класстык сааттарды өткөрөм. Мен ар бир бала акчаны баалап, ага туура мамиле жасап, аны акыл-эстүү пайдаланса жана ата-энесинин каталарын кайталабаса экен деп каалайм. Эң негизгиси – акчаны жаздыктын алдында “кокуй күн” үчүн деп сактабастан, аларды иштетиш керек.

Фин-Билим-Ситиде мен өзүмдү бактылуу сездим! Биз бул кызыктуу муниципалитеттин алгачкы жашоочулары болдук. Көптөгөн өтүнмөлөрдүн ичинен меникин тандап алышканы кубандырат. Жайкы мектепте сонун балдар-кыздар менен тааныштым, алар мага бир туугандай эле болуп калды. Аларды коё бергим келбей жатат, бирок жашоону токтото албарыбызды, баары өзгөрүп турарын билем. Биз сөзсүз жолугабыз деп ишенем, анткени жер тоголок эмеспи!

Жоопкерчилик жана өз алдынчалуулук!

Талантбек кызы Чолпон, 16 жашта, Куршаб айылы, Ош облусу

Мен тартынчаактыгымды жеңдим жана башкалар мен тууралуу эмне деп ойлой турганы анча кызыктырбай калды. Эң негизгиси – мен өзүм жөнүндө кандай ойдомун.       

Жоопкерчилик жана өз алдынчалуулук – мына ушуга Фин-Билим-Сити муниципалитетинде үйрөндүм! Мага эмне таасир берди? Темалардын ар түрдүүлүгү, педагог-кураторлор, эң негизгиси – менин жаңы досторум, алардын ар бири – өзгөчө адам, башкалардан сөзсүз айырмаланып турушат! Өзгөчө бир бөлмөдө жаткан курбум, виртуалдык банкта иштеген кесиптештерим, ашканада чогуу тамак ичкен досторум.

Бул он күн мен үчүн маанилүү сабак болду. Түз жүр жана бир аз “келесоо болумуш” бол; ашканага акыркы болуп бар, бирок досторуң отурган столго отур; өзүңөдөн кийин жыйнап кой; калемди жоготпо жана эртең менен көлдүн жээгинде бас. Мен такыр сууга түшкөн жокмун. Бекер кылыпмын. Акыркы күнү шамал жүрдү. Бирок мен үйгө баргандан кийин ушундай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарганыма өкүнүп каламбы деп, баары бир сууга түштүм.

Азырынча иш жүзүндө текшере элек болсом да менин акчага болгон мамилем өзгөрдү. Мен көп нерсени түшүндүм, көп нерсени унуттум, бирок андан да көбүн жазып алдым. Көрсө менин блокнотум менден да көптү билет экен! Мен муну Айсулуу эжеге каржылык сабаттуулук боюнча тест тапшырганда билдим.

Негизгиси – өз ишиңди так аткаруу, милдеттериңе чын дилден мамиле жасоо, Жайкы мектептин окуусуна кызыгуу менен катышуу. Өз алдынча болуу менен өз сөзүм жана аракеттерим үчүн жооп бергенди үйрөндүм. Мен тартынчаактыгымды жеңдим жана башкалар мен тууралуу эмне деп ойлой турганы анча кызыктырбай калды. Эң негизгиси – мен өзүм жөнүндө кандай ойдомун.