Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Зарылбек Адиевич Шариповдун элесине

2014-05-16 / ЖӨБ кадрлары
Зарылбек Адиевич Шариповдун элесине

Өнүктүрүү саясат институтунун командасы

 
2014-жылдын 15-январында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө максатташыбыз, Балыкчы шаардык мэриясынын орношуна , Ысык-Көл облусундагы жана жалпысынан Кыргызстандагы муниципалдык башкаруунун өнүгүүсүнө көп күчүн жумшаган Зарылбек Адиевич Шарипов дүйнө салды. Зарылбек Адиевич жаш кезинде эле активдүү жарандык турумду карманып, комсомолдук жана партиялык органдарда, Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген.
 
Өнүктүрүү саясат институту Зарылбек Адиевич менен 2000-жылдардын башында, адегенде ал мэриянын муниципалдык менчикти башкаруунун жетекчиси, андан кийин Балыкчы шаарынын шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштеп жүргөндө таанышкан. Ошол кезде Балыкчы муниципалдык башкаруунун көптөгөн инновациялык практикаларын жайылтууда пионер болду, шаар айкындуулукка жана калк менен диалогго умтулуусун көрсөтө баштады. Мында албетте Шарипов мырзанын талашсыз салымы бар болчу. Биз Зарылбек Адиевич Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын аймактык өкүлү (ЖӨБУА, ЖӨБЭММА) болуп дайындалгандан кийин да кызматташтыгыбызды улантып, анын жергиликтүү өз алдынча башкарууга кайдыгер эмес мамилесин, Ысык-Көл облусунун шаарларындагы жана айылдарындагы жашоону жакшыраак, ыңгайлуураак жасоого болгон чыныгы аракетин дайыма сезчүбүз.
 
Зарылбек Адиевичти башкалардан көптөгөн мыкты сапаттар айырмалап турчу: ак ниеттик, ачыктык, жөнөкөйлүк, боорукердик. Ал дайыма жаңы нерселерди өзү үйрөнүп, билимин жана тажрыйбасын жаш кесиптештерине берип калууга умтулуп, убакытты жакшы сезип, өз өлкөсүн жакшы көрчү.Зарылбек Адиевич Шарипов Кыргызстан үчүн дагы көп иштерди жасай алмак, бирок анын өмүрү өтө тез үзүлүп кетти. Биз бул жоготууга терең кайгырып, туугандарына жана жакындарына көңүл айтабыз жана Зарылбек Адиевич Шарипов тууралуу  жаркын элести сактап жүрөбүз.