Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Дагы бир жолу муниципалдык кызматтын эффективдүүлүгү тууралуу…

2014-02-03 / ЖӨБ кадрлары

А. КЫПЧАКОВ, Кызыл-Кыя ш. мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн жетекчиси

 
Биз акыркы учурларда муниципалдык кызматтын сапатын жогорулатуу зарылчылыгы тууралуу көп айтып келатабыз. Бул сөзсүз түрдө мамлекет үчүн артыкчылыктуу болуп эсептелет. Ушул маселенин айрым аспекттерине токтолгубуз келет. Муниципалдык кызматка өткөндө, учурдагы мыйзамга ылайык, каалоочулар сынактан өтүш керек. Сынак бир нече баскычтан турат. 1-баскыч – кадр кызматынын аймактагы бөлүмүндө тестирлөө.
 
Бул жерде сынакка катышуучуга компьютерде суроолордун түрдүү варианттары сунушталат жана ага жараша бир нече жооптору да бар. Сынакка даярданып жатканда каалоочулар кадр кызматынын сайтынан тестирлөөнүн программасына кире турган суроолор менен таанышып чыга алат.Практика жана тестирлөөгө катышкандар менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, ал жерде суроолордун саны өтө көп (500гө жакын). Суроолор өзүнө мамлекеттик түзүлүш, муниципалдык жана мамлекеттик кызматтар, экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча негизги мыйзамдарды, ченемдик-укуктук акттарды камтыйт.
 
Эми орто статистикалык адамды (18-35 жаштагы) жана анын ушунча суроолорго жоопторду эстеп калуу мүмкүнчүлүгүн элестетип көрүңүзчү. Балким суроолордун санын чектеп, эң зарыл болгондорун гана калтырууга убакыт жеткендир? Куру жана формалдуу эмес, чыныгы атаандаштык татыктуу кадрларды тандоо ишинесалым кошот деп эсептейм. Белгилүү болгондой, кадрдык дараметти калыптандырууда салмактуу үлүштү Мамлекеттик кадр кызматы (МКК) кошуп жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш жолун баштап жаткан жаштар тажрыйба топтоп алып, андан соң башка структураларга өтүп жатат – бейөкмөт уюмдарга,коммерциялык структураларга, мамлекеттик кызматка ж.б. Мунун жамандыгы жок. Бирок муниципалдык кызматтан айырмаланган башка чөйрөлөргө кеткен соң алар назарыбыздан да жоголууда. Андыктан кызматка өтүүдөн баштап, анын андан аркы кызматтык жолу, анын ичинде сыйлыктары, алган жазалары ж.б. муниципалдык кызматчы катары калыптануу маселелери МККнын көз кырында кала бериш керек.
 
Муниципалдык кызматчылардын бирдиктүү маалымат базасын түзүү зарылчылыгы пайда болууда. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кадрларын тандоо жана жайлаштырууну жакшыртуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө жана муниципалдык кызматтын аброюн арттырууга көмөктөшөт. Эми квалификация жана түрдүү курстар тууралуу кеп кылайын. Акыркы жылдары бул маселеге көңүл бура башташты (жок дегенде көбүрөөк сөз кыла башташты). Окурмандардын көңүлүн сапатка бургум келет. Муниципалдык кызматчыларды кайра даярдоону колдоо менен, мыкты практиктерди чакырып, бул кызматты реформалоодо алдыңкы өлкөлөр топтогон тажрыйба менен бөлүшсө жакшы болот. Окутуунун натыйжаларын ортодогу аттестациялоо катары бааласа болот. МКК мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзгөн аттестацияга баа коюу мүмкүнчүлүгү берилиш керек.Өз билимин курстарда тереңдетип жаткандар үчүн жаңжалдарды, түрдүү көйгөйлүү кырдаалдарды чечүүгө үйрөткөн окутуулар, ишке байланыштуу оюндар, мыкты чет өлкөлүк тажрыйба жакшы жардамчы болмок. Бардык иштерин таштап коюп, курска келген адам белгилүү бир деңгээлде билим алып кайта тургандай болуш керек. Мындай курстарга тармактардын, аймактардын жетекчилерин, Өкмөттүн жана Президенттик аппараттардын өкүлдөрүн чакырса жакшы болмок.
 
Билимди жогорулатуу үчүн түрдүү аймактардагы, өзгөчө реформаларды жүргүзүүдө жана алдыңкы ыкмаларды өздөштүрүүдө мыкты тажрыйбасы бар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда тажрыйба алмашууну практикаласа болот. Муниципалдык кызматчыларды стажировкадан өтүү үчүн министрликтерге, ведомстволорго, агенттиктерге жиберүү оң натыйжа бермек. Кызматчылар ал жерлерден жакшы тажрыйба топтоп, аны өзүнүн күнүмдүк ишинде колдонмок. Белгилүү болгондой, 2013-жылы муниципалдык кызматчылардын маянасы жогорулаган. Албетте бул нерсе ушул категориядагы кызматкерлерге өзүнүн материалдык абалын кайсы бир деңгээлде оңдоп алууга жардам берген. Өкмөт бекиткен Жободо муниципалдык кызматчынын ишмердүүлүгүн жыл сайын баалоого жана ага жараша маянасын жогорулатууга же азайтууга тиешелүү пункттар бар. Бул документтер менен жакындан тааныша келгенде ак ниет жана сапаттуу иш үчүн арзыбаган акчаны кошуп берүү кызматкерди шыктандырбай турганын көрүүгө болот.
 
Менин баамымда, учурдагы штаттык иш ыраатынын алкагында аппараттын структурасын калыптандыруу жана өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди шыктандыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине көбүрөөк ыйгарым укук бериш керек. Бийликтин борбордук органдарына түшүп жаткан каттарда жана кайрылууларда көрсөтүлгөн көп маселелерди жеринде чечсе болот жана чечиш керек. Бул маселелердин оң чечилиши бийликтин жергиликтүү органдарынын каржы жагынан өз алдынчалуулугун бекемдөөгө көмөктөшмөк. Мисалы, салыктык чегерүүлөрдү Каржы министрлигинен кайра бөлүштүргөндүн ордуна аларды көбүрөөк ажырымдоо өңдүү маселелер. Учурда бүтүндөй өлкө реформаны башынан өткөрүүдө. Биз эски, өзүн көрсөтүп бүткөн, керексиз нерселерден алыстап баратабыз. Кээде өтө жай, кыйынчылык менен кутулуудабыз. Жаңы коом куруп, адам укуктарын урматтоого үйрөнүп, өз көйгөйлөрүбүз жана каталарыбыз тууралуу ачык айтып, өзүбүз тууралуу чындыкты айтканды үйрөнүүдөбүз.
 
Ар бир коомду алдыга анын эң алдыңкы, мыкты бөлүгү түртүп турат. Муниципалдык кызмат жана анын алып жүрүүчүлөрү – муниципалдык кызматчылар – коомдун бул бөлүгүнүн өкүлдөрү болуп эсептелет жана өлкөнүн тагдыры, анын келечеги үчүн жоопкерчилик аларга жүктөлгөн. Бул маанилүү чөйрөдө көбүрөөк, балким чечүүчү даражада реформа жүргүзө алсак, биздин мамлекеттин жаңылануу процессин тездетмекпиз. Өлкө элитасынын өкүлдөрү болуп эсептелген муниципалдык кызматчылар жаңы, демократиялуу Кыргызстанды куруу үчүн колдон келгендин баарын жасайт деп ишенем.