Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (92) 20 Август 2019

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү демилге – бул аймактарды өнүктүрүү үчүн жандуу суу

2014-01-10 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Жергиликтүү демилге – бул аймактарды өнүктүрүү үчүн жандуу суу

Бийлик менен мамилелерде турмуштук позицияны тандоодо ар бирибизде эки жол бар. Биринчиси-патерналисттик – үмүт жолу. Бул жолду мамлекет жана башкаруу органдары бардык маселелерди чечип, жыртыкты жамап, бир кесим нан берип, турмуштагы маанилүү суроолорго жооп алып берет деп күткөнгө көнүп калган адамдар тандайт. Бул үчүн алар мамлекетке өзүнүн көпчүлүк укуктарын өткөрүп берип коёт. Анын эң баалуусу – добуш берүү укугу жана өз пикирине ээ болуу укугу.Бул жол менен диктатуралар барат. Бирок экинчи да жол бар –аракет жолу. Бул жолду өз жашоосун жакшыртууга, келечек муун үчүн кам көрүүгө аракеттенген, активдүү аракетке жөндөмдүү эркин адамдар тандайт. Бул жол баамдап жасалган аракеттерди,билимди, пландоону,өзгөрүүлөрдү көрүүгө болгон ынтызарлыкты талап кылат. Экинчи жол биринчисине караганда татаалыраак.Бирок биринчи жол артка таштап салса, экинчиси эртеңкиге жетелейт.

 Кыялдан гана жаралган миңдеген пикирлерге караганда бир тажрыйбаны артык көрөм. (Ломоносов М.В.)
 
Бийлик менен мамилелерде турмуштук позицияны тандоодо ар бирибизде эки жол бар. Биринчиси – патерналисттик – үмүт жолу. Бул жолду мамлекет жана башкаруу органдары бардык маселелерди чечип, жыртыкты жамап, бир кесим нан берип, турмуштагы маанилүү суроолорго жооп алып берет деп күткөнгө көнүп калган адамдар тандайт. Бул үчүн алар мамлекетке өзүнүн көпчүлүк укуктарын өткөрүп берип коёт. Анын эң баалуусу – добуш берүү укугу жана өз пикирине ээ болуу укугу. Бул жол менен диктатуралар барат. Бирок экинчи да жол бар аракет жолу. Бул жолду өз жашоосун жакшыртууга, келечек муун үчүн кам көрүүгө аракеттенген, активдүү аракетке жөндөмдүү эркин адамдар тандайт. Бул жол баамдап жасалган аракеттерди,билимди, пландоону, өзгөрүүлөрдү көрүүгө болгон ынтызарлыкты талап кылат. Экинчи жол биринчисине караганда татаалыраак.Бирок биринчи жол артка таштап салса, экинчиси эртеңкиге жетелейт.
 
Жергиликтүү демилге – бул айылдын жана шаардын жашоочулары биргелешип көйгөйлөрдү аныктоо, аларды чечүү боюнча пландалган аракеттер үчүн жана тоскоолдуктарды жеңип чыгууга түздөн-түз катышуу, өз жашоосуна жаңы, мыкты шарттарды түзүү үчүн бириккен жолдун башаты. Өнүктүрүү саясат институту жергиликтүү демилгеде чоң жаратман, чыгармачыл дараметти көрүп тургандыктан “Муниципалитет” журналынын окурмандарына Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) алкагында өткөрүлгөн экинчи жылдык “Жергиликтүү демилге” сынагынын жыйынтыктарын тартуулап жатканына кубанычта.
 
 
2013-жылдын сынагына мындан 2 жыл мурда ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун пилоттук облустары болуп калган Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы айылдык аймактардын жамааттарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 46 табыштама түштү. Алардын баары эле байгеге ээ болгон жок.Бирок ар бири көкөйгө тийген маселени чечүү үчүн өз күчтөрүн мобилдештирүү боюнча жергиликтүү жамааттын тажрыйбасы катары көңүл бурууга жана таанылууга татыктуу. “Муниципалитет”журналынын ушул атайын чыгарылышы жергиликтүү демилгенин темаларынын жана мисалдарынын бардык түстөрүн көрсөтөт. Бул чыгарылышта окурман жамааттар кантип таза суу жана сугат суу маселесин чечкени; көпүрөлөрдү, жолдорду жана инфраструктуранын башка объекттерин куруп, ремонттогону; көчөлөрдөгү жарыктандырууну калыбына келтирүү, маданият, мектепке чейинки тарбия жана кары-картаңдарга кам көрүү маселесин чечкени; көп учурда жаштардын күчү менен жаштардын спорттук жана маданий өнүгүүсү үчүн шарттарды түзгөнү тууралуу окуяларды таба алат.
 
Мына ушундай тажрыйбалар биздин жамаатта чечиле элек маселелер канчалык көп болгону,аларды ким чечиши керектиги, акчаны кайдан алса болору тууралуу ойлорго жем таштайт. Бул өтө оор суроолор. Бирок ушул журналдын беттеринде ошол суроолорго жооптордун бир бөлүгү бар. Балким алар таламы күчтүү окурманды – башкаруу, ЖӨБ маселелеринде тажрыйбалуу практикти, же таанылган экспертти толук кандуу канааттандырбашы мүмкүн. Бирок дал ушул жооптор – биздин чыныгы турмушубуз. Дал ошолор биздин коомдун өнүгүү деңгээлин жана тенденциясын көрсөтүп турат. Ал эми ошол тенденциялар биздин жамааттар күнүмдүк көр тиричиликти гана эмес (жумушка орноштуруу, суу, таштанды, жолдор маселелери), агартуучулук жана руханий өнүгүү тууралуу да (музейлер,китепканалар, кары адамдарга кам көрүү, жаштарды тарбиялоо) ойлонгону үчүн оптимизмди пайда кылат.
 
ӨСИ жана ЭҮЖӨБОЖ Долбоору байге фондуна каржылык колдоо көрсөткөнү үчүн “Жарандык демилгелерди колдоо фонду” Эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомго терең ыраазычылыгын билдирет. Ошол эле учурда эки долбоордун аракетине карабастан, байге фонду жамааттардын бардык ийгиликтүү демилгелерин шыктандырууга алы жетпейт. Ошондуктан биз табыштама бергендерден өткөрүлгөн таймаштын сынак мүнөзгө ээ болгонун жана байге каражаттары чектелүү экенин эсепке алуусун өтүнөбүз. Анткен менен ар бир табыштама шыктандырууга татыктуу болгонун таанып,баш байгени табыштама жиберген жамааттардын өкүлдөрү алды деген ишенимдебиз.Бул байге болсо муниципалитеттер сынактык сыйлык катары кошкон чакан каражаттан да алда канча маанилүү. Бул байге – кызматташтыктын баа жеткис тажрыйбасы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү.
 
Ушул сынактын дагы бир шексиз баалуулугу – жамааттардын ийгиликтүү тажрыйбасы тууралуу Кыргыз Республикасындагы башка жамааттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары билип алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонунда жатат.Алар билип гана тим болбостон, ошол практиканы өздөрүндө да колдоно алышат. Журналдын жардамы менен муниципалитеттер жана жамааттар элет турмушундагы шарттарда оң өзгөрүүлөрдүн санын арттыруу үчүн кошумча горизонталдык байланыштарды орнотуу, бири-бири менен баарлашуу жана кеңешүү мүмкүнчүлүгүн алат деп ишенебиз.
 
Күтө бергенден жана корккондон майнап чыкпайт – ишке өтүш керек. Кыргыз Республикасынын элеттик жамааттарында өз жашоосунун жаңы сапатына алгачкы кадамдарды жасоо үчүн күч да, шык да жетиштүү. Бүгүнкү күндө маданий жана тарыхый иденттүүлүктү сактап калуу менен, республиканын элеттерин ыңгайлуу, жайлуу, цивилдүү конуштарга айландырса болот. Мында өзөктүү ролду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тил табышууга, бири-биринин позитивдүү демилгесин колдоого жөндөмдүү жарандар ойнойт. Демилгелердин басымдуу бөлүгү – 70 процент – жергиликтүү демилгелүү топтордун лидерлерине, 13 проценти жамааттарга (1-диаграмманы караңыз) тийиштүү.Мындай пропорциялар жергиликтүү жамааттын көйгөйлөрдү ачык айтып, реалдуу долбоорлорду иштеп гана чыкпастан, аларды бардык калктын жыргал турмушу үчүн ийгиликтүү ишке ашырууга болгон жөндөмүн толугу менен чагылдырып турат. Бирок ЖӨБ органдары тараптан аракет болбосо,демилгелерди өнүктүрүү мүмкүн эмес. Болгондо да бул аракеттер эки ача мүнөзгө ээ болуш керек: бир жагынан ЖӨБ органдары өз демилгелерин алдыга түртүү, анын ичинде жарандарды башкарууга кошуу аркылуу жамааттын активдүүлүгүнө дем берүүгө жөндөмдүү болуш керек. Экинчи жагынан алар эл тараптан чыккан демилгени колдоого, анын өмүрүн узартууга күчү жетиши керек. “Жергиликтүү демилге – 2013” сынагынын натыйжалары көрсөткөндөй,экинчи ролду ЖӨБ органдары мыкты аткарып жатышат жана жамаатты ресурс, өзгөрүүлөргө жол көрсөткөн күч катары толук өлчөмдө кабыл алышат. Айталы, ЖӨБнын аткаруу органдары (айыл өкмөтү) 46 жергиликтүү демилгенин 33үн колдоп берди. Бул болсо алардын жалпы санынан 70 пайыздан ашуунду түзөт. Бирок биринчи ролду начар аткарып жатышат. Мисалы, сынакка жиберилген долбоорлордун 9 учурунда гана демилгени айыл өкмөтү көтөрүп чыккан. Ал эми жергиликтүү кеңештер бир дагы долбоорду көтөрүп чыкпастан пассивдүү турумду ээлешти.
 
Ошону менен катар ЖӨБ органдары активдүү жарандык турумду колдой албайт. Анткени өз артыкчылыктарын өздөрү аныктаган жана өз айылын көрктөндүрүүнү так билген жарандардын демилгеси жашоочулардын өздөрү үчүн да, башкаруу органдары (мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу) үчүн да куткаруучу ролун аткарат.
 
Жергиликтүү жамааттардын ресурстары эмгек жана акчалай салым сынакка көрсөтүлгөн долбоорлорду каржылоонун негизги булактары болуп калды. Айыл тургундары жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттын 37 пайызы менен камсыздашты. Бул болсо жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө даярдыгын талкуулайт. Күтүлгөнүнө карабастан донорлордун каражаты болгону 22 пайызды түздү. Каражаттын 15 пайызы жергиликтүү бизнес бергени кубандырат. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттер ошондой эле көлөмдө жергиликтүү демилгелерге колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк табышты. Булактар боюнча каржылоону салыштырмалуу пропорционалдык түрдө бөлүштүрүү айылдарда жергиликтүү өнүгүүгө жана жашоо шартын жакшыртууга кызыкдар тараптар түзүлүп калганын көрсөтүүдө.
 
Жергиликтүү демилгенин практикасы жамааттын социалдык актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүдө эбегейсиз баа жеткис мааниге ээ болгонун көрсөттү.Мындай учурда айылда, шаарда, райондо тартип орноп, ар бир жашоочу өзүн укукка жана милдеттерге ээ болгон жаран катары баамдай баштайт.“Муниципалитет” журналынын атайын чыгарылышынын беттеринде сүрөттөлгөн тажрыйба Кыргыз Республикасынын мейкиндигинде болуп жаткандардын чакан гана бөлүгүн түзөт. Бирок ал Жергиликтүү Өз Алдынча Башкаруу Кыргызстанда жашап да, иштеп да жатканынын мыкты далили болуп эсептелет! Бул нерсе жергиликтүү жамааттар Манастын “тырышып иштөө, талыкпаган эмгек жана билим аркылуу өнүгүүгө жана бакубатчылыкка” осуятын кармануу менен, өз кызыкчылыгы жана өз жоопкерчилиги алдында жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечип жатат дегенди түшүндүрөт.
 
Надежда Добрецова,
ӨСИ башкаруу төрайымы
Сабина Градваль, ӨСИ ЭҮЖӨБОЖ
Долбоорунун жетекчисинин орун басары