Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызматчыларды окутуунун жаңы модели

2013-12-12 / ЖӨБ кадрлары
Муниципалдык кызматчыларды окутуунун жаңы модели

Моделди пилоттук тестирлөөдө консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар Кыргыз Республикасынын учурда иштеп жаткан мыйзамдарынын талаптарына ылайык өткөрүлөт. Ушул тапта бул процесс башталып калды...

 
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары токтоосуз чечиши керек болгон ар кандай татаал тапшырмаларды аткара алышы үчүн муниципалдык кызматтын кызматчыларынын кесипкөй деңгээлин жогорулатуу мааниси күмөн туудурбаса керек. Ал эми бул сапаттуу окутуусуз мүмкүн эмес. Ал болсо өз кезегинде башаламан жана системасы жок тренингдер-дин ордуна системалык мамлекеттик мамилени талап кылат.
 
“Муниципалитет” журналы ушул көйгөйдүн канчалык олуттуу болгонун түшүнүү менен бул темага өзгөчө көңүл буруп келатат. Мисалы, биздин басылманын кайсы бир санында окурмандарыбыз Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча иштер кандай жүрүп жатканын биле алышкан. Убакыт токтоп турбайт экен. Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин №162 Буйругу менен 2013-2017-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасын өнүктүрүү Программасы жана аны ишке ашыруу боюнча чаралардын Планы кабыл алынганы тууралуу кабар тарады. Бул документтерге окутуу системасын өнүктүрүүнүн жаңы принциптери жана механизмдери киргизилген. (Программа жана План тууралуу дагы да кененирээк журналдын жаңы санында айтып беребиз).
 
Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатууга багытталган окуу процессин уюштуруунун жаңы моделин пилоттук тестирлөөдөн өткөрүүгө киришти.
 
Бул жаңы нерсенин маанисин баамдоо үчүн анын негизги принциптерин атай кетүү зарыл. Бул биринчи кезекте мамлекеттик заказдын негизинде окутууну уюштуруу. Мында заказ берүүчү – Мамлекеттик кадр кызматы. Экинчиден, мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдарга ылайык жана конкурстун негизинде окутууну өткөрүүгө окуу модулдарын жана мамлекеттик заказды иштеп чыгуу үчүн аткаруучуларды иргеп алуу. Үчүнчүдөн, модулдарды иштеп чыгууда жана окуу программаларын түзүүдө анын авторлору муну кимге даректелсе, ошол кызматтык милдеттемелерге байлоо менен муниципалдык кызматтын жана муниципалдык кызматчылардын керектөөлөрүн сөзсүз эсепке алуу.
 
Белгилей кетчү жагдай, бул максаттарга каржылоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен кетет, жол чыгымын жергиликтүү казына жабат, мамлекеттик каражатты үнөмдөө максатында окутуу облустук борборлордо өткөрүлөт.
 
Жаңы модель керектөөлөрдү баалоону жана анализдөөнү, заказды түзүүнү, окуу модулдарын жана программаларды иштеп чыгууну, натыйжага жетүүнү мээлеген окуунун өзүн караштырат.Муниципалдык кызматкерлерди окутуунун жаңы модели
 
Эскерте кетели, 2012-жылы эле Долбоор Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 400 муниципалдык кызматчынын арасында көйгөйдүн курчтугун аныктоо үчүн өз изилдөөлөрүн жүргүзгөн.Натыйжада анкетадагы максаттуу топтордун бири – айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн кызматкерлеринин жоопторунун негизинде муниципалдык кызматтын актуалдуу маселелери боюнча 10 окуу модулунун ичинен темалардын тизмеси
түзүлгөн (4-табл.).
 
4-таблица. Пилоттук окутуу үчүн темалардын тизмеси
 
Окуу модулунун темасы
1 Жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктарды администрациялоо
2 Мамлекеттик сатып алуулар
3 Жергиликтүү экономикалык өнүгүү
4
Аймактын инвестициялык жагымдуулугу. Бюджеттен тышкаркы
каражаттарды тартуу
5 Айылдык аймактарды өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо
6
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук-укуктук
негиздери
7 Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу
8 Муниципалдык менчикти башкаруу
9 Компьютердик сабаттуулуктун негиздери
10 Муниципалдык кызматтын укуктук негиздери

 

Моделди пилоттук тестирлөөдө консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар Кыргыз Республикасынын учурда иштеп жаткан мыйзамдарынын талаптарына ылайык өткөрүлөт. Ушул тапта бул процесс башталып калды.
 
Окуу модулдары иштелип чыгар замат окутуунун өзүн өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга кезек жетет. Аларга тандоодон өткөн жогорку окуу жайлар жана башка билим берүүчү уюмдар, анын ичинде жеке уюмдар катышат деп болжолдонууда. Андан соң Караколдо 20-25 адамдан турган бир окуу тобуна (Ысык-Көл облусунун айыл өкмөттөрүнүн каржы-экономикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери) окутуу өткөрүүчү уюм тандалып алынат. Болжол менен бул процесс 2014-жылдын башында ишке ашат. Курстардын узактыгы: күн сайын 8 сааттан 18 окуу, же 21 календардык күн.
 
Окуу тобунун курамына кошулуу үчүн милдеттүү шарт – курска жиберилип жаткан кызматкердин чыгымдарын (жол кире, убактылуу жашап туруу үчүн батирди ижарага алуу; күнүмдүк жашоо үчүн зарыл болгон кошумча каражат). Ошол акча билим алуу үчүн келген кызматкерге окуусу аяктаганга чейин жете тургандай болуш керек.
 
Окутуу башталганга чейин Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери жана адистери айыл өкмөтү менен муниципалдык кызматчынын ортосунда түзүлө турган келишимдин долбоорун иштеп чыгышат. Ал келишимде эгерде муниципалдык кызматчы курстан өткөндөн кийин 2-3 жылдын ичинде өз каалоосу менен ишин таштап кетсе, айыл өкмөтүнө окутуу үчүн кеткен чыгымдардын ордун толуктап бериши керек деген пункт киргизилет.
 
Моделдин пилоттук тестирлөөсүн өткөрүү маалында окутууга кеткен чыгашалар моделде келтирилген схема боюнча жабылат: Заказ берүүчүдөн (Мамлекеттик кадр кызматы) республикалык бюджеттен кеткен чыгашаларын Долбоор, жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын айыл өкмөтү жабат.
 
Ысык-Көл облусунун айыл өкмөт башчылары азыртадан эле каржы-экономикалык маселелерди чечүү кызматтык милдетине кирген бир кызматкерин курска жиберүү тууралуу табыштаманы жолдой берүү жөнүндө ойлоно берсе болот.
 
Кошумча маалыматты 9.00дөн 18.00гө чейин алсаңыз болот.Телефондор: (0312) 976530, 976531;факс: (0312) 976529, электрондук почтанын дареги:Kumushbekov@dpi.kg
 
 
Нурдин КҮМҮШБЕКОВ,
Швейцария Өкмөтү каржылаган жана
Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган
“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын
жоопкерчилиги: бюджеттик процесс”
Долбоорунун муниципалдык кызмат боюнча адиси