Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аялдар үчүн жумуш орундары

2013-12-06 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

Аялдар өз күчү менен айылдагы жумушсуздук маселесин чечип, эми үй-бүлөлүк бюджетти толуктап, турмуш шартын жакшыртышууда...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Аймактын социалдык статистикасы кубандырбайт: калктын дээрлик 50-60% жакырчылыктын чегинде жашайт, ал эми тургундардын дээрлик 80-90% жумушсуз.
 
Эмнелер жасалды?
 
2004-жылы аймактагы аял активисттер кол өнөрчүлүк боюнча “Дилгир” жана “Касиет” аттуу эки топ түзгөн. Бул топтор кийизден жасалган түрдүү буюмдарды – кийиз, шырдак, түрдүү табериктер – жасоого буйрутма ала башташкан. Демилгенин башында АКМАТОВА Г., БЕЕРМАНОВА Б., БАКИРОВА М. жана СЫДЫКОВА Г. турду. Бул иште маанилүү ролду “Шоола” КБ ойноду. Ал кеңештери жана консультациялары менен жардам берип, документацияны кантип туура түзүп, жүргүзүш керектигин көрсөтүп, башкаруу ыкмаларына окутту. Долбоор ийгиликтүү иштеп кетти. Жакында эле аларга дагы эки топ – “Керемет” жана “Айназик” кошулду. Бул эки топ ширелерди чыгарууга жана быштак жасоого адистешкен. Аялдар бизнес чөйрөгө тез эле аралашып кетти. Ал эми мында аларга терини кайра иштетүү, быштак жасоо, канаттууларды багуу, тигүү өнөрчүлүгү боюнча ПРООН уюштурган түрдүү окуулар жана тренингдер жардам берди.2006-жылы аймактын территориясында дагы 3 топ пайда болду: “Демилге” – кыздын себин даярдоо боюнча, “Жаштык” – табериктерди даярдоо боюнча, “Жыпар” – гүл жана дары чөптөрдү өстүрүү боюнча.Алардын ишин алып кетүүсүндө чоң ролду эл аралык уюмдар ойноду, жергиликтүү бийлик да колдоо көрсөтүп турду. ЖӨБ менен жамааттын ийгиликтүү кызматташуусунун жана катышуусунун жакшы мисалы катары эски мончону ремонтоону жана аны цех менен кеңсеге айландырууну атаса болот.
 
Натыйжасы
 
Бүгүнкү күндө 35 аялдын башын бириктирген алты топ айылдыктардын сыймыгын жана урматын жаратууда. Аялдар өз күчү менен айылдагы жумушсуздук маселесин чечип, эми үй-бүлөлүк бюджетти толуктап, турмуш шартын жакшыртышууда. Дагы алар чоң кайрымдуулук ишмердигин жүргүзүп келатышат. Аялдар Балдар күнү, Кары адамдардын
күнү, Колу жукалардын күнү өңдүү жалпы элдик майрамдарды өткөрүүнү көп учурда каржылап жатышат. Муну менен алар биздин жарандардын курч социалдык маселесине көңүлдү бурдуруп жатышат.
 
Элдик трибуна
 
Назира БАЙТУЛАКОВА, ФАПтын медайымы:
 
“Бул топтор дайыма карыларга жана балдарга, колу жука үй-бүлөлөргө колдон келген жардамын берип турушат. 2009-жылы мен Колу жукалардын күнүнө арналган иш-чарага катышкам жана бул демилгелүү топ болгонун билип абдан таң калгам. Анткени бардык нерсе ушунчалык жакшы уюштурулган экен”.
 
БАТЫЙ-апа, пенсионер:
 
“Өткөн жылы мен сеп үчүн буюм сатып алгам жана алардын жогорку сапатына ыраазы болуп калгам. Мындай топторду түзүү – жакшы акыл. Өнөрчүлөрдөн пайда көп эле. Бирок биринчи кезекте алардын өзүнөн көз каранды”.
 
 
Гүлнара ЖУСУБАКУНОВА, лидер
 

Окшош материалы: