Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Экосан” дааратканалары – пайдалуу жана таза

2013-12-05 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
“Экосан” дааратканалары – пайдалуу жана таза

Жергиликтүү тургундар да, өзгөчө кары адамдар буга чейин кандай эле, азыр “Экосан” менен кандай болуп калды деп айырмасынбилип калышты...

 
Көйгөйдү сүрөттөө
 
Суунун таңсыктыгынан элеттиктердин көбү үйлөрүндө канализацияга кете турган сантехниканы орното алышпайт. Цивилизациянын мындай жыргалдары тууралуу кыялдануудан башка арга жок. Бирок ар бир татаал тапшырма үчүн чечим бар, албетте,аны издесе. Мисалы, аймактын тургундары үчүн бул –“Экосан” дааратканасынын курулушу. Аны колдонууда суу талап кылынбайт жана айлана-чөйрө булганбайт.
 
Эмнелер жасалды?
 
2009-2010-жылдары “Европанын аялдары жалпы келечек үчүн” жана “Суу жана санитария боюнча Кыргыз альянсы” уюмдарынын колдоосу менен бул жерде коопсуз жана ыңгайлуу “Экосан” дааратканалары курулган. Курулуш иштери болгону 5 күн жүрүп,жалпы баасы 200дөн 700 долларга чейин болот. Жыты да, калдыктар да болбойт,алардын курамында азот, фосфор, калий бар жер семирткичтер алынат. Аларды топуракка чачканда түшүмдүүлүк 5-6 эсеге өсөт. Сарамжал экономисттер 5 адамдан турган үй-бүлө жылына 50 килограмм органикалык жер семирткич сатып алууга мүмкүн болгон акчаны үнөмдөй турганы эсептеп чыгышты. 
 
Алгачкы дааратканалар 2009-жылы курула баштаган. Жалпысынан ушундай 7 объект курулган. “Экосан” дааратканаларын курууга 2 жылдык мөөнөткө жылына 4% үстөгү менен деген шартта “Хабитат” фондунан каражат тартылган. Бардык карыздар убагында кайтарылды.
 
Натыйжасы
 
Дааратканалар чоң мааниге ээ болгону шексиз. Бекеринен дүйнөдөгү чарбачыл башкаруучулар алардын курулушуна жана аларды кароого өзгөчө көңүл бурбаса керек.Жергиликтүү тургундар да, өзгөчө кары адамдар буга чейин кандай эле, азыр “Экосан”менен кандай болуп калды деп айырмасын билип калышты. Дарыгерлердин айтымында,аялдарда гинекологиялык оорулар да азая түштү. Калдыктар да пайда алып келгени мааниге ээ.
Жанылкан
БАРАТБАЕВА,
ТСКАКБ бухгалтери

Окшош материалы: