Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Күн коллектору жана энергоэффективдүү мештер

2013-12-05 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

Ишти алып кетүү үчүн донорлордун акчасы пайдаланылды...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Жумушсуздук жана кыш мезгилинде турак жайды жылытуунун үнөмдүү жолдорун издөө жергиликтүү калкты энергоэффективдүү мештерди өндүрүүнү иштеп чыгууга жана ачууга түрткү болду. Айылдыктар ушул күнгө чейин үйүн негизинен меш менен жылытып келаткандыктан жаңы демилгенин келечеги да кең. Мештер көлөмүнө жана конструктивдүү өзгөчөлүктөрүнө жараша 2000 сомдон 4000 сомго чейин бааланса, коломто 2 эсе арзан түшөт. Салттуу моделдер азыркыларга салыштырмалуу отунду жана көмүрдү көбүрөөк сарптайт.
 
Эмнелер жасалды?
Бир нече уюмдар – бейөкмөт уюмдар жана алардын өнөктөштөрү – Camp Ala-T КБ, КАВС жана WECF долбоорду ишке киргизүүгө киришти. Бирок адегенде алар энергонатыйжалуу технологияларды өндүрүпкелаткан Чүй облусундагы жана Жети-Өгүз районундагы ишканаларда окуудан өтүштү. Өзүнүн алгачкы практикалык тажрыйбасын элеттик ФАПта колдонушту. Баары ийгиликтүү өткөн соң өндүрүүчүлөр коомдук уюмдун маалымат базасына киргизилди.
 
Андан кийин алар сууну жылытуу үчүн күн коллекторун курууга аракет жасап, өзүнүн техникалык иштеп чыгуусун жашоодо колдоно алышты. Учурда ФАП менен “Бөбөк” бала бакчасында жыл бою ысык суу бар.
 
Ушул тапта көптөгөн тургундар күн коллектору на кызыгып, өз үйлөрүндө да ошону орнотуп алууну каалап жатышат. Конструкторлор аларды продукциясы менен тааныштырып, элге маалыматты “Каркыра” райондук гезити аркылуу берип турушат. Ыктымал сатып алуучулардын кулагына күмүш сырга: бир мештин баасы 10 000-13 000 сом болот.
 
Натыйжасы
 
Ишти алып кетүү үчүн донорлордун акчасы пайдаланылды. Улам бир кадам таштап отуруп,башка уюмдар менен өнөктөштүктө эки адиске энергонатыйжалуу мештерди жана коломтолорду курууну үйрөтүштү. Андан соң дагы 11 адам окуудан өттү. Алар айыл өкмөтүнүн колдоосу менен Тогуз-Булак жана Сары-Булуң айылдарында 2 мешти куруп беришти. Өндүрүштүн бул технологиясы бардык деталдарды жеринде өз-өзүнчө даярдоону талап кылгандыктан кирпич менен металл гана сатып алынат, ал эми калганын усталар өздөрү жеринде жасашат. Терең ойлонуштурулган башкаруучулук аракеттердин натыйжасында бенефициарлардын санын элеттиктер гана эмес, Караколдон жана Чолпон-Атадан буйрутмачылар да толуктады. Өзгөчө кызыгууну аялдар билдирип жатышат. Мисалы, айылда 45 меш жана коломто курулса, район жана башка айылдар боюнча 90дон ашуун курулду.135 үй чарбачылыгынан 1-2ден аял түз пайдалануучулар болуп эсептелет.
 
Турар АБДРАХМАНОВ,
АК депутаты

Окшош материалы: