Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Терини иштетүү

2013-12-05 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Терини иштетүү

Элеттиктер социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жумушсуздук менен күрөштү артыкчылыктуу багыт катары аныкташты...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Советтер Союзу урагандан кийин Ысык-Көл айылынын (Маяк) тургундары ишсиз калды – ишканалар менен уюмдар жоюлуп, жабылып же сатылып кеткен.Күнүмдүк оокатка акча табуунун жалгыз жолу дыйканчылык болуп калды. Бирок муну баары эле алып кете албайт. Көп балалуу үй-бүлөлөр жана пенсионерлер өтө оор абалда калды. Аларга айылда жумуш табуу такыр мүмкүн эмес.
 
Эмнелер жасалды?
 
Элеттиктер социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жумушсуздук менен күрөштү артыкчылыктуу багыт катары аныкташты. Эң активдүү 6 адам “Жума жана Ко” КБ биригишип, кичи цехтерди жана кичи өндүрүштү ачуу үчүн донорлорду жана инвесторлорду издей башташты. ЖӨБ да бул демилгеге колдоо көрсөтүп,депутаттар болочок цех үчүн машина-трактор цехинин бош турган имаратын бөлүп беришти.2009-жылдын башында “Жума жана Ко” КБ “Лидер” ЖДБ КБ менен өнөктөштүктө Борбор Азиядагы “Евразия” фондунун (ФЕЦА) долбоорлоруна катыша баштады. Ал эми тургундар семинарлар менен тренингдерге катышып жатты. Бул нерсе аларга бир миң евро көлөмүндө грант (ФЕЦА) алууга жол ачты. Ошол каражатка оргтехника сатып алынды. Белгилей кетчү жагдай, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да көңү сыртында калган жок.
 
2009-жылы бирикме Ысык-Көл облусунун майыптар уюмунун ассоциациясынын мүчөсү болуп калды. 2011-жылы уюм АБИЛИС (Фин-ляндия) эл аралык фонду менен кызматташа баштады. Натыйжада мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жүндү кайра иштетүүчү цехте окутуу боюнча долбоор жазылды. Донорлорго идея жагып калып, аны ишке ашыруу үчүн 10 миң евро көлөмүндө грант бөлүп беришти. Бул каражатка элеттиктер эки станок сатып алды. Жабдуу сырьену кайра иштетүү процессин тездетпестен гана, бул иштердин баарын колго жасап келген аялдардын ишин бир кыйла жеңилдетти.
 
Натыйжасы
 
Бүгүнкү күндө цехте бир нече аял иштейт, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да бар. Ал эми алардын кызматтарын жана өндүргөн продукциясын айылдаштары гана эмес, кошуна айылдардын жашоочулары да пайдаланышат. “Жума жана Ко” КБ мүчөлөрү мурдагыдай эле жаңы иштердин башатында жүрүшөт. Алар семинарларга, тренингдерге катышып, пайдалуу байланыштарды жана контакттарды издеп, демөөрчүлөр менен таанышып, донорлорду жана инвесторлорду айылдын инфраструктурасын жакшыртуу, ошондой эле жаңы иш орундарын түзүү боюнча ишчараларга тартуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турушат. Бирикме бир топ адамга ишке орношууга жардам берди. Бирок өздөрүн коомго керектүүбүз деп сезе алган майыптар бирикмеге өзгөчө ыраазы.
 
Жумабек МУСАХОДЖАЕВ,
АӨ төрагасы

Окшош материалы: