Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарык жана суу менен жашоо да башкача

2013-12-05 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

Айылга жарык келип, негизги көчөдөгү чуңкурлар жана тешиктер жоголду...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
4000 адам жашаган Бала-Чычкан айылы калк жыш отурукташкан жана территориясы чоң айыл деп саналат. Бул жерде көчөлөр өтө узун – 2 километрден жана көп эле жерде жарык жок. Караңгыда бул көчөлөрдө басуу кооптуу. Элеттиктер февралда түн жамынып бул жерде бирөөнүн малын уурдап кетишкенин унутуша элек. Калктын жашоосун татаалдаш-тырып жаткан экинчи олуттуу көйгөй – таза суунун жетишсиздиги. Булак алыс болгондуктан тургундар көчөдөгү арыктан суу алып турушчу. Мындан улам албетте түрдүү оорулар да пайда болоор эле.
 
Эмнелер жасалды?
 
Жергиликтүү жамаат мындан ары ушундай ыңгайсыздыктарга чыдабаш керек деп, бул көйгөйлөр менен күрөшүүнү чечти – көчөлөрдү жарыктандырып, суу түтүгүн өткөрүп, борбордук көчөнү оңдоп-түзөш керек. Демилгени жергиликтүү активист Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ көтөрүп чыкты. Анын жетекчилиги алдында тургундар устундарга лампа орнотуп, негизги көчөдөгү жолду калыбына келтиришти – ага майда таш чачып, тегиздеп чыгышты. Үч көчөдөгү үй чарбачылыктарын ичүүчү суу менен камсыздашты. Ошону менен катар элеттиктер эң оор жумуштарды кабагым-кашым дебей аткарышты.
 
Натыйжалар
 
Айылга жарык келип, негизги көчөдөгү чуңкурлар жана тешиктер жоголду. Адамдар караңгыдан коркпой, тартип бузуулардын, өзгөчө уурулуктун саны азайды. Экинчи бир кубаныч – көп үйлөргө суу келди. Жашоочулардын ден соолугу бекемдеди, анткени кир сууну пайдаланууга байланыштуу пайда болгон сарык, ашказан-ичеги оорулары жоголду. Элеттик-
тердин өздөрү алар цивилдүү жашоого бир кадам таштаганын айтышат. Адамдар өз күчүнө ишеништи.
 
Туланбек АСАКЕЕВ, жергиликтүү лидер

Окшош материалы: